Бакыттын башынан “бакыт” тайдыбы?

Келечегинен көптү үмүттөндүрүп чыкты эле. Ортодон оңолгус ката кетирип алды. «Тракторбек» болуп эле жүрө бергенде Бакыт Төрөбаев деген бакандай мырзабыз бар деп эл сыймыктанмак. Бабанов менен «коюндаша» коюп, келечегиндеги эң зор мүмкүнчүлүктөн куру жалак калып олтурат. Эми бул жигиттин саясый чөйрөдө бутуна турушу кыйла оор эле болот. Анткени, ушу тапта «Өнүгүүчүлөр» жакында Жогорку Кеңештин фракция лидерлигинен кетире тургандыктары айтылууда. Аттиң, Кудайдан улук эч ким жок деген кепти Бакыт мырза кезегинде аңдаса кана ээ? Акча менен кызмат кумары кудайыңды таанытпай койгондо адам деген канча кудуреттүү болбосун бир гана силкүүдөн чыкпай калат тура. Таба эмес, тобоо дейли…

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *