Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Балбак Түлөбаев: «Премьер-министр Садыр Нуркожоевичке кирип арызымды бердим. Кабыл алган жок»
САЯСАТ

Балбак Түлөбаев: “Премьер-министр Садыр Нуркожоевичке кирип арызымды бердим. Кабыл алган жок”

Балбак Түлөбаев Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, ал кызматтан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арызын берген. Бирок Садыр Жапаров арызды кабыл алынган жок.

“Люстрацияга барайын дедим, моралдык укугум жок кете берейин дедим. Кыйын убакта, ушул учурда элиңе бар иште убагы келгенде көрөбүз калганын деди” – деп билдирди Балбак Түлөбаев.

Белгилей кетсек, 6-октябрда Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.

Калайык!Премьер министр Жапаров Садыр Нуркожоевичке кирип арызымы бердим. Кабыл алган жок! Люстрацияга барайын дедим,…

Опубликовано Балбаком Тулобаевым Воскресенье, 11 октября 2020 г.

Кадырбеков маселени кабыргасынан койду

Акыл Акунов, полковник: “Убактылуу Өкмөт ээрге олтурганда эле кыйшык олтурган”

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Адамдык сапаттарыбыз жана баалуулуктарыбыз ушундайда билинет