Балбан кыз Мээрим Жуманазарова жаштар арасында үчүнчү ирет Азия чемпиону аталды

Бул күндөрү Таиланддын Чонбури шаарында жаштар арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын таймаштары өтүп жатат.

Кечээ кубанычтуу кабар келип, кыздар арасындагы эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын алтын медалын таласттык балбан кыз Мээрим Жуманазарова үчүнчү ирет тагынып, Кыргызстанды дүйнөгө таанытты.

11-июлда 68 килограмм салмакта өлкөбүздүн намысын коргогон Мээрим Жуманазарова алгач чейрек финалда таиланддык Йаринда Эйрлангды 10:0, жарым финалда кытайлык Цинг Лини 8:1 эсебинде жеңип, баш байгеге талапкердин бири болгон. Жаштар арасындагы Азия чемпионатынын алтын байге үчүн болгон финалдык таймашта жапониялык Рин Мияжини 8:6 эсебинде утуп, үчүнчү ирет Азия чемпиону аталды.

​Мээрим Жуманазарова балбандын үй-бүлөсүндө төрөлүп, атасы 64 жаштагы Рахмадиль эркин күрөш боюнча СССР спорт чебери, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу болуп саналат. Мээримдин атасы учурунда жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон Асейин Төрөгелдиевди, Азия оюндарынын күмүш байге ээси, Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Максат Бобурбековдун, жаштар арасында Европа чемпионатынын коло байге ээси Ислам Тазабековдун жана уландар арасында Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү Молдалиев баштаган мыкты балбандарды тарбиялап, өстүргөн чыгаан устаттардын бири. Мээрим болсо быйыл 19 жашка толуп, баралына жетип, балтыр эти толуп, табына келип турган учуру. Бул анын үчүнчү ирет жаштар арасында Азия чемпионатынын алтын байгеси. 2017-жылы Кытайда, 2018-жылы Индияда өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионаттарында алтын медаль тагынып, Азия чемпиону болгон. 2016-жылы өспүрүм кыздар арасында дүйнө чемпионатында коло, 2017-жылы жаштар арасында дүйнө чемпионатында коло байге утуп, адистердин көңүлүн бурган. Ошондой эле Мээрим Жуманазарова жаштар арасында мелдештерден сырткары чоңдор арасында да күч сынап, байгелүү орундарды ээлеп, спорт күйөрмандарынын үмүтүн жандырып жүрөт. Анын ийгиликтери тууралуу кеп кылсак, 2018-жылы Индонезияда өткөн жайкы Азия оюндарында кыз-келиндер эркин күрөшүнөн коло медаль жеңип алган. Ошону менен бирге соңку эки жылда катары менен чоңдор арасында Бишкекте жана Кытайда өткөн Азия чемпионаттарында дагы үчүнчү орунду ээлеп, коло  байгелердин ээси болгон. Андан сырткары бир катар эл аралык мелдештерде Кыргызстанды таанытып, спорттук ийгиликтердин ээси болуп келүүдө.

Кечээ, 11-июлда күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн беш салмакта байгелер ойнотулду. Бул күнү Мээрим Жуманазаровадан сырткары Назира Марсбек кызы да килемге чыгып, финалдык таймашка чейин жетип, күмүш медаль тагынды.

59 килограмм салмакта күч сынашкан Назира Марсбек кызы вьетнамдык Анх Туйет Транды 10:0, кытайлык Жуомалага Жуомалаганы 7:1 эсебинде жеңип, баш байге үчүн жолун ачкан.

Бирок, финалдык таймашта индиялык Аншу Аншуга жеңилип (0:10), экинчи орунду камсыз кылды. Келечегинен үмүткөр кылган Назира Марсбек кызы 2017-жылы жаштар арасындагы Азия чемпионатында 55 кг. салмакта өлкө намысын коргоп, коло байге уткан.

Күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионаты Таиландда 9-июлда башталган. 14-июлда жыйынтыкталат.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *