Балдардын от менен болгон оюндарынын кесепетинен кышка камдалган чөптөр күйүп кетти

Ысык-Көл облусунда балдардын от менен болгон шоктугунун кесепетинен кышка камдалган чөптөр күйгөн. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы маалымадйт.

Ысык-Көл районунун Семеновка айылындагы Үзөн-Булак кашарында 1000 түк чөп, 300 түк саман күйгөн. Себеби: балдардын от менен болгон шоктугу. Күнөөлү 2009-жылы туулган Ө. Орозбаев, үй ээсинин баласы.

Ошондой эле, Түп районунун Көчү айылындагы ачык аянтта 500 түк чөп, 500 түк саман, 3 тонна эндей чөп күйгөн. Себеби: балдардын от менен болгон шоктугу. Күнөөлү 2008-жылы туулган Жоламан уулу Шахназар, үй ээсинин баласы.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *