Акылбек Жапаров балээ экен, президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун кызына куда түштү

«Жеңден кончко куюлган», алкынды самындай алаканга токтобой жылмышкан Акылбек Жапаров пре­зидент Сооронбай Жээнбековдун иниси, Жогорку Кеңештин депута­ты Асылбек Жээнбековдун кызына уулун үйлөндүргөнү турат. Бийлик ким тарапта болсо ошол жакка чөптөй жапырылып күн көргөн эргул президентти куда кылып, буга чейинки жеп-ичкендерине жооп бербей тургандай жол чаап жатат көрүнөт. Деги балээ экен. Эми абактын төрүнөн эмес, президенттин төрүнөн орун алып уча жеп калабы? Чиркин, мындай шахматтык жүрүш кимдин башына келет?

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *