Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Балыкчы-Бөкөнбай-Каракол унаа жолунда унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды, жабырагандар бар
Криминалдык хроника жана окуялар

Балыкчы-Бөкөнбай-Каракол унаа жолунда унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды, жабырагандар бар

Балыкчы-Бөкөнбай-Каракол унаа жолунда унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды, жабырагандар бар. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун Тоң районунда кечээ, 12-октябрь күнү саат 21:58 чамасында Балыкчы-Бөкөнбай-Каракол унаа жолунун 15-чакырымында (Оттук айылына жакын) “Мицубиси Спейс Стар” жана “Порше Кайен” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 2 адам жеңил жаракат алган.

Жерине Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн  куткаруучулары тартылып, биринчи медициналык тез жардам көрсөтүшкөн.

Январь айында эле 11 адам өрттөн каза тапты

Якутскидеги токойдон кыргыз жана тажик мигранттарынын сөөктөрү көмүлгөн уруксатсыз көрүстөн табылды

Якутияда зордуктоо үчүн айыпталган кыргызстандыктар соттолду