Балыкчыда кыш жасоочу станокко адам кыпчылып калып, каза болду

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 2017-жылдын 12-декабры күнү Прежевальск көчөсүнүн №11 дарегинде жайгашкан кыш (пескоблок) жасоочу жайда, станокко 1970-жылы туулган С.К. аттуу жаран кыпчылып, натыйжасында каза болуп калган. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя болго жерге КР ӨКМнин №19 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барган жана каза болгон адамдын жансыз денесин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *