Балыкчылыктардын батасына арзыган Көкөев менен Кудайбергенов

Балыкчы шаарынан чыккан белсемдүү бизнесмендер ушул күндөрү аталган калаага өздүк каражатынан миллиондорду сарптап, миңдеген шаардыктардын батасына арзышууда. Мирлан Көкөев аттуу азамат жакында Балыкчы шаарына кошумча оорукана куруп, ага гемодиализ аппаратынан 5ти белекке бергендиги, мындай иштерге кеткен миллиондогон каражатты өздүк эсебинен короткондугу кубандырса, Балыкчы шаардык кеңештин депутаты Сагын Кудайбергенов шаардагы операцияга муктаж жарандарыбыздын улуу-кичүү, кыз-эркек экенине карабай жеке каражаты менен жакындан жардам берип жаткандыгы көңүлдү көтөрүүдө. Мамлекет кылбаган мындай иштерди аткарып жаткан балыкчылык эки азаматка бүтүндөй Ысык-Көл облусунун тургундары жабыла бата берип, эл уулдарына Кудайдан жакшылык тилеп атышканынан кабардар болдук.

Булак: Азия Ньюс

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *