Банктар “баш кошушту”

Улуттук банк «Бакай Банк» ААКсы менен «БТА Банкы» ЖАКсынын акцияларын сатып алууга уруксат берди. Жогорудагы банктардын биригүүсүнө байланышкан баардык документтер толукталган соң Улуттук банкка жөнөтүлөт.

Эки коммерциялык банктын биригиши синергия максатында жасалууда. Анткени, эки банктын активдери кошулуп, бирдиктүү жыйынтык өз алдынча иштөөдөгү сумманы жогорулатат. «Эки банктын биригүүсүнө бир нене убакыт талап кылыат. Бирок ал кардарлар менен иштөөдө таасир этпейт. 2019-жылы «Бакай Банкы» ААК менен «БТА Банкы» ЖАК азырынча өз алдынча иштеп турат. Этап этап менен биригүүнү жасоо үчүн мыкты профессионалдар иш алып барууда», — деп билдирди. «Бакай Банкынын» төрагасы Бакыта Мундузбаева. Мунун арты менен Кыргызстандагы финансы рыногунда күчтүү институт пайда болоорун адистер белгилешүүдө. «Бакай Банкьи ААК «БТА Банкы» ЖАК гана кошуп гана албастан, мыкты операциялык, техникалык жана кадрдык маселе чечүүдө мыкты ресурстарды кошуп алды. Бул келишим Кыргызстандын экономикалык жана финансылык талаптарына толук жооп берет.

Булак: «Факты.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *