Барчын Орозобеков, Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаты: “Атамбаевдин жыйынына барып сүйлө деп Бабиев деген немени эч ким жиберген эмес”

—Барчын мырза, өткөн ишемби, 22-июнь күнү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө жыйын болуп, анда Фархад Бабиев деген бирөө Жумгал элинин атынан сүйлөдү. Сиз Жумгалдык катары жакшы билсеңиз керек, бул адамды жумгалдыктар жөнөттү беле?

—Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жыйынына барып сүйлө деп Фархад Бабиев деген немени эч ким жиберген эмес. Ооба, азыр демократия, эч ким эч кимдин оозун тыя албайт. Бирок, эч бир уюм же эл чогулуп жибербегенден кийин митингге катышып сүйлөгүсү келген ар бир адам өзүнүн атынан сүйлөш керек да. Бабиев дегендин сүйлөгөнүнөн кийин аны уккан Жумгалдыктар капа болуп атат. «Кайдагы бир тентимиштин элдин атынан сүйлөгөнгө акысы барбы» деп жаны кейигендер көп. Ал жыйындан кийин айылдык кеңештин депутаттары атайын териштирип, Бабиев деген неме кайсыл айылда жашай турганын билели, ким жибергенин билели деп сураштырып чыктык. Жумгалда 13 айыл өкмөтү бар, аларга чалып карагылачы бизде жашап, иштеп кеткен бирөөдүр десек, бир да айыл өкмөт издеп таппады. Бирөөсү да тааныбайт экен. Бабиев дегендерден сурасак «андай тууганыбыз жок» дешти. Эгер жумгалдык болсо бери дегенде үч-төрт ата өтүшкөн туугандары болмок, биз бирин да табалбай койдук. Көчсө илгери эле көчүп кеткен жумгалдыктардан го деп болжолдоп койдук. Анан акыркы 5-10 жылдан бери Жумгалда жашабаган бирөөнүн элдин атынан сүйлөгөнгө акысы барбы? Эмнеге элдин атына жамынып митингде сүйлөйт? Жалпы жумгалдыктардын атынан сүйлөгөнгө ага ким укук берген? Мына мен айылдык кеңештин 8 чакырылышына депутат болгон адаммын. Депутат болсом дагы жалпы Жумгал элинин атынан сүйлөбөйм, сүйлөгөндөн корком.

—Бишкекте таксист болуп иштейм дегендей кылды го?

—Таксист болсо өз ишин кылбайбы. Оюна келгенди оттоп, бирөөлөргө жалган жалааны жаап жатат. Иса Шейшенкулович жөнүндө оюна келгендин баарын айтты. Миң жылкысы Кочкордун жайлоосун жеп кетти, чөп чыкпай калды дейт. Мына ушул сөздүн өзү эле бул шумпайдын Жумгалдык эмес экенин далилдеп жатат. Чүйдүн малы Кегетинин бели менен ашып, берки Кочкордун Каракол жайлоосу аркылуу жол өтүп Суусамырда жайлайт. Анан бир айдап өткөн мал кантип эле Кочкордун жайлоосун куутакыр кылып жеп кетсин? Биздин жайлоолордо деле миңдеген жылкы жүрөт, Кудайга шүгүр өсүп-өнүп көбөйүп жатат. Чөп чыкпай калган жери жок. Биз ушул жерде жашап келе жатабыз. Бишкекте такси айдаган Бабиевге караганда жердин, жайыттын, дыйканчылыктын баркы менен баасын биз билебиз. Биздин атыбыздан сүйлөгөнгө акысы жок. Биз региондо өз ишибизди кылып, мал багып, чөп сугарып, эгин эгип жатабыз. Арам иштерге бизди аралаштырбасын. Жумгалды жаманатты кылган Бабиевди мамлекет кармап, жоопкерчиликке тартыш керек.

—Бул маселеде жумгалдык депутаттардын ою кандай?

—Сөз оролу келгенине жараша мен Жогорку Кеңештеги өзүмдүн иним Алманбет Шыкмаматов боюнча айта кетейин. Ал парламент трибунасына чыгып алып Иса Шейшенкуловичке асылып: «Иса Өмүркуловдун Атамбаевге сын айтканга моралдык укугу жок» деди. Кантип укугу жок болсун, Алмазбек Атамбаев улам депутаттарды шыбап, чогултуп алган адамдарынын оозу менен митингдерде жугунду төгүп жатса, отура берсинби? Иса Мырза Жогорку Кеңештин депутаты, бакандай СДПК фракциясынын лидери катары оюн айтыш керек да. Үн катпай олтура берсе фракция лидери оюн билдирбейби деп да айтып чыкмак так ошол Алманбет.

Экинчиси, моралдык укукка келе турган болсок, анда Алманбет Шыкмаматовдун дагы сүйлөгөнгө моралдык укугу жок. Кезинде Атамбаевдин штабын жетектеп, менин үйүмө чейин барып: «Атамбаевди колдоп койгула» деп чуркап жүргөн. «Ата Мекен» партиясы 2011-жылы Жогорку Кеңештин 1-кабатына бардык райондогу координаторлорду чогултуп, «президенттикке Алмазбек Атамбаевди колдоп коелу» деп сунуш кылганда мен жалгыз чыгып, Өмүрбек Чиркешович, атамекенчилер, кимди колдосоңор демократиялык эркиңер, мен Атамбаевди колдобойм дегем. Ошондо Өмүрбек Чиркешович өзү кайрылып: «Барчын неге сен колдобойсуң?» дегенде, «Кыргыз мамлекетинин башына алкаш менен наркомандын келүүсүнөн жаман коркунуч жок, силер араккеч адамды колдогону жатасыңар, мен колдобойм, иштебейм, салбайм» деп чыгып кеткем. Ошол президенттик шайлоодо Өмүрбек Суваналиевди колдогон элем. Ар кандай жол менен жан тартып, күнү-түнү үгүт жүргүзүп, жүгүрүп жүрүп Атамбаевди бийликке алып келген Алманбет иним өзү таза көрүнүп, моралдык укук жөнүндө сүйлөгөнгө акысы барбы? Үчүнчүсү, өз агасын агалай албаган арсыз, бирөөнүн эшигин сагалайт дейт. Уяты жок экен. Алманбет кайсы бети менен өз агасын каралады? Мына ушуга таң калып бүтө албай койдум. Иса Шейшенкулович Чүйдө отурукташып, Чүйлүк болуп бир канча жылдан бери ошол жакта жашаганы менен түпкүлүгү ошол Алманбет чоңойгон Кызарт айылындагы саяктардын жараш уруусунан болот. Кызартта туугандары бар, катташып тураарын уккам. Албетте, Шыкмаматовго теңелбей так кесе жообун берип койгон Иса Шейшенкуловичке жумгалдыктар абдан ыраазы болду. «Бокко таш ыргытсаң бетиңе чачылат» деген ата сөзүн туу тутуп, Шыкмаматовго эмоцияга алдырбай, өтө сабырдуулук менен татыктуу жооп берди. Жумгалдыктар ушунчалык ыраазы болду. Биз бул кишини абдан кадырлап сыйлайбыз. Адамгерчилиги бийик, саясий маданияты бийик инсан. Бул сапар да маданияттуу адамдын кылар ишин жасады Иса Өмүркулов.

—Алмазбек Атамбаевге тескери сыпат бергениңизменен КСДПнын штабын жетектеп жүргөнүңүздү кандай түшүнөбүз?

—Ооба, 2015-жыл КСДПнын штабын жетектедим, өзүм өтө сыйлаган, урматтаган кишилер парламенттик шайлоого катышкандыктан колдодум. Анда Атамбаев президент эле, мыйзам боюнча партияга эч бир тиешеси жок болчу. 2017-жылы Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектедим, бул иштерде кемчилик болсо мен моралдык жоопкерчилик тартам. Анан эми депутат Алманбет Шыкмаматов өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү термелеп жатпайбы. 2010-жылкы Жогорку Кеңештин шайлоосунда Шыкмаматов элдин барына белгилүү болгон жаман ботасы менен эски машина айдап келип Жумгалга, анын мотору эрип кетип оңдой албай ушул жерде жүргөн. Азыр Шыкмаматов миллиондогон долларлык үйдө жашайм деп мактанып жүрөт. Мактанып айтканына караганда азыр ай даган машинасы эле 130 миң долларлык экен. Мындай байлыкты ал кайдан жыйнады? Кечээ жакында эле эч нерсеси жок адамдар бүгүн байып кетишинде кандай сыр бар? Атамбаев деле «революцияга чейин Шыкмаматов менден тамеки сурап жүргөн» деп ачык ай-тып жатпайбы. Чынында революциядан кийин байышты да. Бишкекте бүт тоноду. Тонолгон адамдардын канчасы инсульт алып өлдү. Канчасы майып болду? Жакында мага Алманбет чалган экен: «силер мародерсуңар» деп бетине айттым. Анан эми ушундай кишиңин моралдык укук жөнүндө айтканга акысы барбы?

—Революциядан кийин өзгөрүүнү сездиңизби?

—Революциядан өзгөрүү көргөн жокпуз, мен баягы эле мал-жаным менен жашап жатам. Эл өзгөрүүнү сезген жок. Ал эми эски ботас менен жүргөн шылуундар болуп көрбөгөндөй байып, секирик жасашты. Бүгүн мораль жөнүндө сүйлөп, кыргыздын төрүндө отуруп алып элге акыл айтып, сайрап жатат. Бул туурабы?

—«Чимкириктер» деген сөз туура айтылдыбы?

—Туура, ким кандай деп айтпасын Алмазбек Атамбаевди мамлекетти 6 жыл башкарды. Бирок, ал президенттиктен кеткенден кийин мыйзамсыз жасаган иштери билинип ашкереленип атат. Эми жөн жатпай «атышып өлөм» деп атып ишти чатагына айлантып алды. Сопсонун түшүнүп турат, мамлекеттик машинага каршы тура албасын. Болбой сес көргөзгүсү келгени туура эмес, ушул адамдын 6 жыл президент болуп иштегенин ойлонсоң таң каласың, кантип башкарды деп. Эгер аксакалдык наркын сактап президенттиктен кеткенден кийин тынч жата берсе бүгүнкү тагдырга туш болбойт эле. Өзү түзгөн Жогорку Кеңештин депутаттарын «чимкириктер» деп атап жатат. Эгер булардын ким экенин мурда эле билген болсо, анда эмне үчүн Атамбаев кыргыздын тагдырын «чимкириктердин» колуна карматты. Жогорку Кеңешти өзү түзгөн кишинин парламентке сын айтканга акысы барбы өзү? «Мен жаңылып калыптырмын. Кечиргиле мен Сооронбай Жээнбековдун мындай экенин билбептирмин» деп актанат. Антип актанбай эле: «Менин тилимди Сооронбай Жээнбеков алат. Президенттиктен кеткенден кийин дагы ушул киши аркылуу Кыргызстанды башкарам деп ойлодум эле. Мага Жээнбеков баш ийбей койду…» десе бул сөзүнө эл ишенмек. Экс-президент элди кайрадан алдаганга аракеттенип, эми кемчиликтерин оңдойм дейт. 2010-жылы акыйкатсыздык үчүн 87 баланын өлүмү менен бийлик кулады эле. Андан кийин президент болуп жыргатпаган Атамбаев эми кемчилигин оңдойт экен деп 800 бала өлүшү керекпи? Андай болбойт, биз буга жол бербешибиз керек…

—Сөз акырында айтсаңыз, жумгалдыктардын маанайы кандай, эки тараптын тирешинде эл кимди колдоп жатат?

—Президент Сооронбай Шариповичти эл жапатырмак колдоп жатканы чындык. Акыры түбү Кыргызстан Атамбаевдин эксперименталдык талаасы эмес да, каалаганын жасай бергидей. Төңкөрүш деди ээрчиди, канча бала шейит кетти, Чаектен 4 бала өлгөн. Саясатчыларды камады, парламентин колдоду, президентке талапкер чыгарды, шайлап берди. Андан башка эмне кылсын. «Ынсапсызга кашык салсаң беш ууртайт» дегендей, бүгүн кайра чыгып, жаңылып калыпмын дейт. Кыргыздар өнүгүүнү унутуп коюп эле Атамбаевдин жаңылыштыгын оңдой береби. Жаңылып калыпмын деп 7 жолу катын алуудан эч качан майнап чыкпайт. Бу Атамбаевдин жаңылбай жасаган иши барбы? Батукаевде дагы жаңылган, аны жакында өзү айтып, «мен да ишенгем 3 айдан кийин өлөт экен деп» деди. Акылы болсо ошондо эле кечирим сурап кетмек. Ал эми Сооронбай Шарипович эң жакшы, бийликти тартипке алып келе турган ишти баштады. Кемчиликтин баарын түздөп жатат. Муну Атамбаев жасаш керек болчу, анын акылы жеткен жок. Бирөөгө көр казсаң тайыз каз, өзүң түшөсүң дейт. Ал өзү ор казды, эми тушөөрдө ар нерсени айтып элди алдабасын… –

Памир Манас

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *