Барсбек кыргыздардын каганы

Барсбек – VII-VIII-кылымдардын аралыгында жашап өткөн. Ал «Кыргыз» этнонимин алып жүрушкөн Эне-Сайлык (Енисей) кыргыздарды VІІІ-кылымдын башында бийлеп турган каган болгон. Барсбек тууралуу Орхон түрктөрүнүн VIII-кылымга таандык Күл-Тегинге коюлган эстелигиндеги рухикалык жазуучунун «чоң текстинин» жыйырманчы (20) сабында эскерилет. Мында, Барсбек ысымдуу кыргыздын каганы болгон – деп айтылат.

VІІ-кмлымдын аягында VІІІ-кылымдын башында Эне-Сай кыргыздары олуттуу күчкө айланышкан. Алардын аскерлери оор куралданышкан атчандардан турган. Кыргыздар бул мезгилде экинчи Чыгыш Түрк каганатынын курамынан чыгып, өз алдынчалыкка жетишкенге жана бул саясат VІІІ-кылымдын башында аларды бийлеп турган каган Барсбек убагында өзгөчө күч алган. Дал ошол маалда кыргыздар жоого каршы 80 миңге чейин аскер кое алышкан. Кыргыздардын мындай коркунучтуу күчүн алардын душмандары болуп эсептелинген түрк кагандары өздөрү моюнга алышып, кыргыздарды башка душмандарынан, ал тургай Табгач (кытай) каганынан да коркунучтуу деп эсептешип, кыргыздарды «күчтүү» деп жазып калтырышкан. Кыргыздардын мындай күч алышына алардын башкаруучусу Барсбектин саясатынын түздөн-түз таасири болгон. Барсбектин даанышмандыгынын аркасында Түрк каганы ага өзүнүн карындашын берип, аны кыргыздардын каганы деп билишкендигин көрсөткөн эстеликтер, Барсбектин башкаруу маалында Экинчи Чыгыш түрк кагандыгы өз алдынча каганат (мамлекет) катары таанылгандыгын маалымдайт. Барсбек түрктөрдүн көз карандылыгынан толук кутулуу максатында, алардын баскынчыл саясатына каршы күрөшүү үчүн Табгачтын (кытай) Аньси (Куча) шаарынын башкаруучусу жана түргөш каганы Сакал-каган менен бирдикте түрктөргө каршы согуштук союз түзүп, бир мезгилде алар менен чогуу Экинчи Чыгыш Түрк каганатына сокку урууга макулдашкан. Бирок, амалкөй кытай башкаруучусуна анча ишене бербеген Барсбек өзүнүн элчиси Эрен-Улугду баш кылып өз өкүлдөрүн тибетке жиберген. Тибет башкаруучулары Түрк кагандарынын күчүнө ишенгендиктен жана аларга каршы согуштун зарылчылыгы жоктугунан Барсбектин сунушунан баш тартышкан. Элчи Эрен Улуг белгисиз себептерден Тибетте өлгөн. Барсбек түргөш каганы Сакал менен бирдикте 711-жылы жайында түрктөргө чабуул коюуга камылга көрө баштаган. Союздаштардын мындай чоң чабуулунан корккон түрк каганы Камаган, өзүнүн акылман кеңешчиси Тонүкүктүн кеңеши боюнча кытай менен «Тынчтык жана туугандык» келишимин түзүп, аларды бөлүп салат. Андан кийин кыргыз менен төргөштөрдүн күчтөрүн бириктирбей, бөлөк-бөлөк талкалоо максатында, алдын ала 711-жылдын кышында бийик тоолуу саянды ашып, найза бою карды жиреп отурушуп, кыргыздар уйкуда жаткан маалда, капысынан чабуул коюшуп талкалашкан. Кыргыздардын өз алдынча каганатын түзүүгө аракет кылган каган Барсбек 711-жылы кыш айларында өлтүргөн.

Булак: «Айгай-пресс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *