Баш сөөгү Кунсткамерада калган Хаджи-Мурат

Айрым учурларда XIX кылымдын классиктери тарабынан жазылган, Дагестандын улуттук баатырына айланган Хаджи-Мурат Хунзахскийдин улуту ким экендиги так эмес деген пикирлерди угуп  калууга болот.

Аварлык Хаджи Мурат

Адегенде тоолуу Дагестанда XIX кылымдын башында түзүлгөн саясий кырдаалды түшүнүү зарыл. Бул жерде кубаттуу Авар хандыгы өкүм жүргүзгөн мезгил болчу. Ошол башкаруучулар Россиянын карамагына өтүп алышат. Жергиликтүү мусулмандар буга кыжырдануу менем мамиле кылышып, имам Гамзат-Бектин жетекчилиги алдында аварлык хандарды жок кылышат, пророссиялык башкарууну диний исламдык мамлекет Имамат менен алмаштырууга умтулушат. Андан соң, имам Гамзат-Бек өзү да өлтүрүлөт.

Аварлык Хаджи-Мурат жөнөкөй эле, карапайым эл катарынан чыкса дагы, апасы аркылуу – каны боюнча,- авар хандыгына жакын болуп эсептелет. Диний жаатташуу учурундагы хандар менен имамдардын согушунда анын улуу агасы Осман да курман болот. Ошондуктан, мыкты чыкма Хаджи-Мурат адегенде Россия тарапта болуп, Гамзат-Бектин адамдарын “нейтрализациялоодо” активдүү катышат. Аларды хандыктын борбору деп саналган аул – Хунзахтан сүрүп чыгарышат.

Асыресе, андан ары популярдуулугу артып, аварлардын лидерине айланган Хаджи-Мурат орустар тараптын Аваристандын жаңы башкаруучусу кылып Ахмед-Ханды дайындап коюшканына каршы чыгат, ал экөөнүн мамилелери бузулат.

Хаджи-Мурат тоолуктардын Россияга каршы согушуп жаткан жаңы лидери -имам Шамил менен жашыруун кеп бышырууга барат. Хаджи-Мурат дароо эле Россиянын душманы менен байланышканына айыпталып, камакка алынат. Бирок, ал камактан качып чыгып, биротоло имам Шамилдин тарабында согушууга бел байлайт.

Шамиль Хаджи-Муратты өзүнүн наиби (өкүлү) кылып дайындап, бардык аварларга кабарлайт. Хаджи-Мурат он жыл бою талыкпастан Дагестандагы Россияга каршы согушту улантып, падышанын солдаттарынын жүрөгүнүн үшүн алат. Анын эрдиги жана жеңиштери жөнүндөгү даңкы орустарды аралап, бүт Кавказга таркайт.

Бирок, андан соң Хаджи-Мураттын кыйынчылыктары башталат. Ал Шамилдин өзү менен атаандаша баштайт да, мамилелери бузулат. Мунусу ал Шамилге: “Кимибиздин кылычыбыз курч болсо – дал ошол Имам болот” – деп койгондон кийин башталган дешет. Арийне, Табасаранга жасаган жортуулу оңунан чыкпай, ал жактагы элди көтөрүлүшкө чыгууга козгой албай коет. Ушуну пайдаланып, Шамил аны наибдиктен түшүрүп, камакка салууга аракет кылат.

Хаджи-Мурат орус аскерлерине карай качат. Мунусу Дагестанда бомба жарылгандай эле “дүңк” этет. Имаматтагы экинчи адам ак падыша тарапка өтүптүр! Андан соң, башка версия да пайда болуп, Хаджи-Муратты орустарга Шамиль өзү чалгынчы кылып жөнөткөн деп айта башташат.

Орус командачылыгы Хаджи-Муратты пропагандалык максатта пайдаланууну көздөйт. Ал болсо тоодо калган үй-бүлөсүнө барууну самайт. Дагы качкысы келет. Азыркы Азербайжандагы Оджалы айылына жакын тушта Хаджи-Мурат аны кайтарышкан орустардын конвоюнан качып кутулмакчы болот. Бирок, теңдешсиз кармашта орус казактары тарабынан өлтүрүлөт.

Хаджи-Мураттын кесилген башын Петербургга жөнөтүшөт, ал азыр да ошол жердеги Кунсткамерада сакталып турат.

Ал эми денесин ал өлгөн жерде – Азербайжанда көмүшөт, бул мүрзө ыйык деп эсептелет. Азыр дагестандыктар баатырынын сөөгүн өз жерине кайтарууну суранып жүрүшөт, бирок, Питер да, Азербайжан да эмнегедир бергилери келишпейт.

Мындан бир аз мурда дагестандыктар авардык баатырдын сөөгүн азербайжандыктардан уурдап кетип, Дагестанга алып барышыптыр деген сөз чыккан. Көрсө, бул тек гана кез-кезде чыгып туруучу айың кептердин бири экен.

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *