Башкы прокуратура 10 млн. сом доо койду

“Ата Мекен” партиясынын юристтеринен Башкы проку­ратура 10 миллион сом моралдык чыгым өндүрүп алуу талабын коюуда. Буга 1-мартта “Ата Мекен” партиясынын юристтери Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиз маалымат жыйын өткөрүшүп, 16-январда “Манас” аэропортунун жанындагы кыйраган учактагы жүк президент Алмазбек Атамбаевге жана анын аялына таандык экенин билдиришкени себеп болгон. Ошондой эле “Азаттык” жа­на “Zanoza.kg” сайттарын да­ты сотко берген. Алардан 3 миллион сомдон талап кылынууда. Себеби дал ушул маа­лымат булактарында кыйраган учактагы жүк президент Алмазбек Атамбаевдин үй- бүлөсүнө тиешелүү экендиги тууралуу документ чыккан.

Булак: “Фабула”

1 ой-пикир

  • Абдыкерим says:

    Манкурттукка чейин уялбай томон тушуп алды бул бийлик. Бет деле калбады. Ажылдап эле аймай бермейге отту.

Leave a Reply to Абдыкерим Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *