Башкы прокуратура атайын эсепке 2 миллион сомдон ашуун акча которду

Башкы прокуратура 2 миллион 259 миң 084 сомду атайын эсепке которду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Башкы прокуратура жалпысынан 30-октябрга карата мамлекетке 134 миллион 872 миң 168 сом которгон. Бул акчалар кызматтык жана экономикалык кылмыштар боюнча мамлкетке келтирилген зыяндарды кайтаруунун эсебинен чогулган.

Эске салсак, 22-июнда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден түшкөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу тууралуу буйрукка кол койгон.

Булак: Кyrgyztoday

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *