Башкы прокуратурага “Биримдик” партиясынын үгүт иштерин эрте жүргүзгөндүгү жөнүндө билдирүү жөнөтүлдү

Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу “Биримдик” партиясынын үгүт иштери мөөнөтүнөн мурда жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалымат Башкы прокуратурага жөнөтүлгөндүгүн маалымдады.

Маалыматка ылайык, Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобунун мүчөлөрү А.Абдраевадан Бишкектеги No9 МТУнун башчысы Давуз Рамазан агитаторлорду тартып, борбордогу 7-кичи райондун жашоочуларынын арасында “Биримдик” партиясынын үгүт иштерин жүргүзүп жаткандыгы жөнүндө маалымат алышкан.

Абдраеванын айтымында, агитаторлорго 10 миң сомдон акы төлөнүп, алар үйлөрдү кыдырышкан. Анын үстүнө, бардыгы август айынын аягында, үгүт иштерине тыюу салынган учурда болгон. Эскерте кетсек, үгүт иштери 4-сентябрда гана башталган.

27-августта КРнын Башкы прокуратурасына маалымат жөнөтүлгөн.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *