Баспаганды бастырып, төрөбөгөн аялдарды төрөткөн элдик дарыгер Абакир Рысов

КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу, ардагер чеберлер арасында самбо жана дзюдо боюнча дүйнө чемпиону, ардагерлер арасындагы рек-рим жана эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын көп жолку жеңүүчүсү, эл аралык калыс, профессор Абакир Рысов бүгүн элдик дарыгер. Тубаса балбан чөп-чар менен адамдарды айыктырат. Кандайча ушундай жолго түшүп калганы боюнча маек курдук.

– Абакир мырза, чөп-чар менен элди дарылоо касиети сизге кимден берилген? Мындай касиетти моюнга алуу кыйындыкка турдубу?

– Кыдыр атанын энеси биздин эжебиз болот, ушул эжебиз аркылуу дарылоо касиети мага келди окшойт. Чоң энем: “Биздин эжебиз Кыдыр акенин апасы. Чылпак уруусунан чыккан касиеттүү адам болгон. Андыктан алардын атын булгабай таза жүр”,- деп айтып калчу. Ушундай касиеттүү адамдын касиети мага келди окшойт деп ойлойм да. Алгач, албетте, мойнума албай жүрдүм, дегеле биздин үйдөн эч ким албай жүрдү. Ар бир нерсенин убакыт-сааты келет экен. Убакыт келип, учурда колдон келишинче элди дарылап жатам.

– Спорттон тышкары медициналык билим алсаңыз керек?

– 1992-жылы Москвадан атайын элдик медицина боюнча окуп, сертификат алып келгем. Мен чекит менен массаж, укалоо кылам. Валя аттуу эжеден точка басууну үйрөнгөм. Баса албай калып, бир, эки ай жаткандарды массаж, укалоо менен айыктырам. Чекиттерин басып, баспай аткандарды бастырып, колу көтөрүлбөй, иштебей калгандардын иштетип коем. Жел тургандарды да чекит менен дарыласа болот.

– Жакында ошондойлор кайрылдыбы?

– (Күлүп) Ооба. Бир курдай 70 жаштан өткөн бир аксакал белинен ооруп, баса албай келген. Анын точкасын басып, бир жумада эле калыбына келтирип койдум. Ал сүйүнүп: “Тойлорго барып жатам, бийлеп белек алуудамын. Врачтар менден “операция кылабыз”,- деп доллар сурап коюшту эле. А сен операциясы жок эле массаж менен айыктырып койдуң”,-деп батасын берди. Мага дарыланып келгендердин эч кимисинен арыздануу уга элекмин, бата эле алып келатам. Көбүнчө мага операция болгусу келбегендер келет. Ар кимдин оорусуна жараша чөп-чардан дары жасап берем. Чөптүн түрү көп да.

– “Төрөбөгөн айымдар, жаш курагы келип калган келиндер да барат. Аларды төрөткөн”,-деп уктук. Анын канчалык чындыгы бар?

– Ооба, андайлар дагы кайрылышат. Колдон келишинче чөп-чар менен дарылайм. Менден эмес, Кудайдан да. Мен болгону Кудайдан болгон касиетимди колдонуп жатам.

– Канча түрү бар жана аны кайсы облустан чогултасыз?

– 1200дөй түрү бар. Нарын, Ысык-Көл облустарынан чогултам. Чалкандын дарылык касиети өтө күчтүү. Аны жайында чай катары ичсе да болот. Ал баш ооруну басаңдатып, кан басымыңды жөнгө салат. Чалкан менен башты жууп, денедеги жараларды айыктырса болот. Жайында чалканды чаап, бир, эки ай кургатып туруп, 100 литрлик сууга кошуп кайнатып, мээлүүн кылып, мөмө-жемиш, бак-дарактарга чачса, алма, өрүктөргө курт түшпөйт. Негизи ар бир чөптү кайсы мезгилде чогултууну жана жасоону билүү керек.

Дарыгер болуп калганыма апам себепкер болду деп ойлойм. Себеби, энем ооруп калганда дарылагым келчү. Бир күнү Москвадан Барскоонго дарыгер кыздар келип калды. Аларды ээрчип, дары чөптөрдү чогултушуп жүрдүм. 11-12 жашымда чөптөрдү айырмалап, аны кургатуунун ыкмаларын үйрөнүп, кайсы чөп кайсы ооруларга даба болоорун билип калгам. Кантип дары жасоону эске тутуп алгам. Ошентип  буга болгон кызуум артып кетти. Барскоондо үй бар. Пациенттеримди ошол жактан дарылайм. Барскоон айылыбыз кооз, тообуз бийик, карагай, өсүмдүктөргө, дары чөптөргө бай жер.

– Балалыгыңыз кандай өттү эле? Ата-энеңиз жөнүндө айта кетсеңиз?

– Барскоон айылында 1948-жылы 16-мартта малчынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келгем. Энемден эрте ажырап, оор турмушту башымдан өткөрдүм. Чоң энемдин колунда чоңойдум. Жетимчиликти эрте тартып, кийим-кечеден кем болдум. Эски, жамаачы кийим кийгендиктен, андан уялып балдар менен ойнобой, алардан оолак өстүм. Балдар кеткенде өзүмчө спорт залга барып, топ ойноп жүрдүм. Атам тоодо мал бакчу. Мал жайытка 10-12 чакырым жерди жөө басып барып, атама кол кабыш кылып, кайра сабакка келчүмүн. Жолдо келатканда обон созо ырдап, индия киносундагы каармандарды туурап бийлеп, кээде кулун, тайды туурап кишенеп, маарап калчумун. Ар кайсы кесипти кыялданчумун. Бир туруп биздин атактуу алп актерлорубуз Муратбек Рыскуловдой, Болот Бейшеналиевдей актер болууну каалап, бир туруп белгилүү обончу Рыспай Абдыкадыровдой, опера ырчысы Болот Минжылкиевдей ырчы болууну каалачумун. Индия киносуна клубга көп барчумун, бирок, акча жок ичине кире албай, сырттагы тешиктен балдар менен алмак-салмак карачумун. Кинодогу Раджи Капурдай болуп сүйгөнүмө ырдап, бийлеп бергим келчү. Балалык сүйүү да, бир кызды жакшы көргөм. Үйү  алысыраак эле, эки чакырым жолду басып барчумун. Күндө кечкурун жүгүрүп барып, сүйгөнүмдү терезесинен бир көрүп, ошого ыраазы болуп үйгө кетчүмүн.

– Ошол кызга үйлөндүңүз беле?

– Жок, аны ала качып кетип, ага жетпей калгам. Эми ал балалык сүйүү да. Жубайым Паризат. Эки уул, эки кыздын ата-энесибиз. Түтүн булатып  келатканыбызга отуз жылдан ашуун болду.

– Бала кездеги сүйүүгө жетпей калыпсыз, а кыялданган кесибиңизге жеттиңизби?

– Кыял чабытым менен дүйнө кыдырып кетчүмүн. Индия, Италия, Францияны көрсөм, дүйнө балбандары менен күрөшүп, аларды жеңип, дүйнөгө таанылсам деп  да тилек кылчумун. Тилегимди Кудай орундатып, кесибимди спорттон таптым. Дүйнө кыдырдым. Далай спортсмендерге машыктыруучу болдум. Эки, үчөөн Азия чемпиону кылдым.

– Эмгек сиңирген машыктыруучусу, ардагер чеберлер арасында самбо жана дзюдо боюнча дүйнө чемпиону болдуңуз. Эмгегиңиз мамлекет тарабынан акталып, үй берилдиби?

– Жок. Балдарымдын үйүндө турам. Дегеле бир нерсе айтып, мамлекетке кайрылып үй сураган жокмун. Спорттогу алгачкы устатым – саясий жана мамлекеттик ишмер Жумагул Сааданбеков. Ал кезде агай бизге физикадан сабак берчү. Түштөн кийин кошумча сабак, дене тарбияга агайга барчумун. Спорттогу алгачкы тушоомду ушул агай кесип, жолумду ачкан. Ош пединститутундагы биринчи машыктыруучум – Муса Пазылов, Дене тарбия институтундагы устатым – профессор Хабибулла Анаркулов.

– Азыр ажысыз. Динге кандайча кайрылып калгансыз жана сакалчан жаштарга, паранжы кийген кыздарга кандай көз караштасыз?

– 2000-жылы ажылык сапарга барып келдим. Мекеге ажылыкка барып Аубакир пайгамбардын күмбөзүнө куран окутуп алдым. Мага Абакир деп ысым тандалып, атымды азан чакырып атам коюптур. Кичинемде эле чоң энем: “Жаттым тынч, жаздыгым кенч, тилим Куран, тилегеним Кудайдан ыйман”,-деп үйрөткөн. Ошону ушул күнгө чейин айтам. Куран окуп, Кудайдан ыйман тилеп келатам. Жаш балдар өзүбүздүн каада-салтты, улуттук кийим-кече менен сыймыктануу керек. Мага биздин жаш жигиттерибиз сакал коюп, кыз-келиндерибиз кара кийим кийип, паранжы жамынганы жакпайт.

Мына, ушундай окурман! Эгер элдик дарыгерге кайрылам десеңиз, анда бул телефонго чалыңыз: (0704) 02-28-64.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *