Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Баткен облус аймагында ЖКККБ кызматкерлери COVID-19 илдетин алдын алуу боюнча күчөтүлгөн иш-чараларды жүргүзүүдө
КООМ

Баткен облус аймагында ЖКККБ кызматкерлери COVID-19 илдетин алдын алуу боюнча күчөтүлгөн иш-чараларды жүргүзүүдө

Баткен облус аймагында ЖКККБ кызматкерлери COVID-19 илдетин алдын алуу боюнча күчөтүлгөн иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Баткен облус аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери COVID-19 илдетин алдын алуу боюнча күчөтүлгөн иш-чараларды жүргүзүүдө. Жарандарды ташыган коомдук транспорттордун, жүргүнчү ташыган жеке такси кызматтарынын айдоочуларына санитардык эрежелердин нормаларын сактоосун эскертишип, атайын эскертүүлөрдүн нускамаларын коомдук жайларга илүүдө.

Мындан сырткары айдоочулардын, жол жүргүнчүлөрүнүн арасында өзүн жаман сезип, дене табы көтөрүлүп, медициналык жардамга муктаж болгон жарандарды жакынкы аралыктагы жайгашкан саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо профилактикалык мекемелерине тез арада жеткирүү боюнча нускамалар берилүүдө.

Ошондой эле Россия мамлекетинен келген жарандарды жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери тосуп алышып, аларды токтоосуз жергиликтүү обсервациялык бөлүмдөргө коштоп жүрүүнү уюштуруп, жеткирип жатышат.

Ѳспүрүм бүтүрүүчүлѳрүбүз үчүн «акыркы конгуроо»-жашоосунун акыркы күнү болүп калбашы керек!

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура Жалал-Абадда медициналык жабдуулардын гранттык сертификатын тапшырды

Япониядагы круиздик лайнердеги карантин аяктады