Баткен облусунан ажылыкка баргандар толугу менен кайтып келишти

Баткен облусунан ажылык сапарына барган жарандардын  акыркы рейси 18-сентябрда  өз мекенине кайтып келишти. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Ажылык милдеттерин өтөп келген мекендештерди жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана дин кызматкерлери, ошондой эле ажылардын бир туугандары тосуп алышты. Ал эми ажылыктан келген мекендештердин айтымында ажылыкты уюштуруу иштери бир топ алдыга жылып, жылдан-жылга ажылык иши заманбап жолго түшүү менен ажылар үчүн жакшы шарттар түзүлүп жатат.

Быйылкы жылы  Баткен облусунан жалпысы болуп  443 адам ажылык сапырна барып келишти. Ал эми аларды атайын сынактан өткөн 9 ажы башчы коштоп жүрдү.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *