Баткен облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

КРнын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык 24-апрель түнкү саат 01:44тө Баткен облусунун аймагында очогунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Жер титирөө Кадамжай районунун Кызыл-Коргон, Сары-Өтөк, Өтүкчө айылдарында 2,5 балл, Совет айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *