Баткен облусундагы Максат айылына кирип келген тажик чек арачылары менен кыргыз чек арачылары кагылышып, үчөөсү туткунга алынды

Кечээ, 4-июндун кечинде Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Максат айылына он чакты куралдуу тажик чек арачылары кирип келишип, “бул жер Тажикстанга карайт” деп жарыялашкан. Жете келген кыргыз чек арачылары асманга ок атып, ага тажик чек арачылары жооп кылып, эки тарап тең бири-бирине түз курал колдонбой, кагылышуу мушташка айланган. Натыйжада 3 тажик чек арачысы туткунга алынып, калгандары артка чегинип кетишкен. Бул тууралу түнү менен социалдык тармактарда видеотасмалар жана сүрөттөр таратылууда. Кыргыз-тажик бийликтери бул тууралу али расмий билдирүү тарата элек.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *