Баткенде 65 жаштагы киши аялына бычак сайган

Баткен облусундагы Кадамжай шаарында күйөөсү аялына бычак сайган. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы бүгүн, 24-февралда билдирди.

Алардын айтымында, окуя 20-февраль күнү болжол менен саат 18:00дө болгон. 65 жаштагы эркек киши аялы менен урушуп жатып, колундагы бычак менен жолдошун көздөй шилтеген. Бычак аялдын сол бөйрөгүнө тийген. Жабыркаган аял милицияга арыз менен кайрылган эмес. Милицияга окуя тууралуу оруканадан айтышкан.

Аялдын күйөөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген эмес. Бирок, аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *