Баткенде бажы кызматы наркы $2 млн сомго чукул аткезчилик товарларын кармашты

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Ыкчам бажысынын кызматкерлери Баткен областына караштуу Кадамжай районунун Марказ айылында “А.Ш.Б.”, аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенс 1840 LS 4x” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты чиркегичи менен токтотуп текшеришкен.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы 14000 кг, кургатылган жемиштер табылган. Кармалган товардын орточо базар баасы 1900000 сомду түзөт.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча ОШ областык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

   

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *