Баткенде имамдар ичимдик саткан дүкөндөрдү текшерүүгө алды

Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ, Майдан айыл өкмөттөрүндөгү диниятчылар арак-шарап саткан күркөлөрдү кыдырып, анын зыяндуулугун айтып, сатпоого чакырышты. Бул тууралуу Марказ айыл өкмөтүнүн имам-хатиби Ибрахим Айткулов “Азаттыкка” билдирди.

– Марказ айыл өкмөтүндөгү бардык имамдар менен чогуу айыл өкмөтүбүздө жайгашкан бардык дүкөндөргө кирип, ичимдик динде арам болуп саналарын, анын артынан көп жамандык иштер орун алып жатканын түшүндүрүп, мүмкүн болсо аны сатпоого чакырдык. Жүрүшүбүз Питомник, Сары-Алтын айылдарынан башталып, Көк-Тал айылына чейин уланды. Сатуучулар эми арак сатпайбыз деп убада беришти.

Айткулов кабарлагандай, алар бул акцияны дагы улантууну көздөшүүдө. Имамдардын түшүндүрүү иштеринен кийин бир топ дүкөндөр арак сатпай калган.

Буга чейин Кыргызстандын бир катар айылдарында арак сатууга тыюу салынып, дүкөндөргө эскертүү берилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

1 ой-пикир

  • Ала-Тоо says:

    Имамдарга соода түйүндөрүн текшерүүгө ким укук берди. Бүгүн майда соода түйүндөрүн текшерип көзөмөлгө алышса, эртең уктап жаткан мамлекеттик органдарды текшере баштай турган күн алыс эмес. Бул өлкөдөгү баш аламандыктын жеткен чеги, дин өкүлдөрүнүн мамлекеттик функцияларды, ыйгарым укуктарды өзүнө алуусуна жол бербөө керек.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *