Баткендеги чек арадагы чырдан улам кармалган балдардын жакындары Ак үйдүн алдына пикетке чыгат

Бүгүн, 13-январда, Ак үйдүн алдына Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы чыккан чырдан кармалган балдардын туугандары пикетке чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда кармалган балдардын жакындары билдирди.

Алардын айтымында, Баткен облусундагы Көк-Таш айылынын тургундарын колдоо митинги болот. 9-10-январда Тажикстандын жарандары кыргыз жарандарынын үйлөрүнө өрт чыгаруучу суюктуктарды ыргытып, ок чыгарган. Машиналарын таш менен уруп, провокация кылган. Ага каршы болуп чыккан төрт бала негизсиз, бейкүнөө кармалып, камалган. Аларды бошотууну талап кылып чыгышууда.

Эске сала кетсек, 10-январга караган түнү Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Андан улам, Көк-Таш айылындагы аялдар менен балдар коопсуздук жайга (мектепке) жайгаштырылган.

Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчилигинин өкүлүн чакырып, нааразылык нотасын тапшырган. Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы чатакка кыргыз тарапты күнөөлөгөн маалымат тараткан. Кыргызстандын чек арачылары ал маалыматты четке каккан. Бул чатакты жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон 11-январда телефон аркылуу сүйлөшкөн. Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт өкүлдөрү эртең, 14-январда жолугуп, маселени талкуулашмакчы.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *