Баткендеги шахтада алты киши каза болгону боюнча Мадумаров жагдайды түшүндүрдү

Баткен облусундагы өкмөт өкүлү Акрам Мадумаров мыйзамсыз көмүр казуу боюнча өз оюн билдирди. “Эл өзүмбилемдик менен көмүр казганын токтотпой келет, мамлекеттик техинспекция менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жыл сайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Бирок элдин кулагынын сыртынан кетип жатат. Коопсуздукту техникасы менен эрежелерин дегеле сакташпайт, кандай күз-кыш келди, көмүр казуу башталат. Былтыр мыйзамсыз казууларга тыюу салынган, бирок эл митингге чыгып, бир нерсе болсо, өзүбүз жоопкерчилигин алабыз дешкен. Азыр тыюуну ого бетер күчөткөнү жатабыз”, – дейт өкмөт өкүлү.

Ошондой эле Акрам Мадумаров Кадамжай районунда болгон кырсыкта шахтерлор мыйзамсыз көмүр казышкан, ал эми Сүлүктүдө уруксат бар болгонун да белгиледи.

Эскерте кетсек, 5-6-октябрда Баткен облусундагы шахтада иштеген 6 киши каза болгон. 6-октябрда Үч-Коргон айылынан куткаруучулар үч шахтердун денесин алып чыгышкан: 1998-жылы туулган А.А., 1977-жылы туулган Т.Б. жана 1986-жылы туулган М.Т. Үчөө тең шахтада мыйзамсыз көмүр казып жатып, газга тумчугуп калышкан.

Ал эми 5-октябрда Сүлүктүдөгү көмүр шахтасында газ арбын чыккан. Натыйжалда куткаруучулар беш шахтерду оор абалда алып чыгышкан эле. Үчөө врачтардын колунда каза болгон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *