Батукаевди бошоткондор тиешелүү жазасын алышабы?

«Абакта жаткан кримтөбөл Азиз Батукаев айыкпас рак илдетине чалдыгыптыр. Тез аранын ичинде абактан бошотуп, өз мекени Чечняга айдабаса болбой калыптыр» дешип, ИИМ баш болуп, калган ЖАМК, башпрокуратура, акыйкатчы, саламаттык сактоо министри төш болуп, 2013-жылы 9-апрелде бошотуп, эскорттун коштоосунда «Манас» эл аралык аэропорттон жеке самолетко салып учуруп ийишкен. Жакында эле бул иш боюнча кайрадан соттук териштирүү башталды. Биз бу боюнча белгилүү коомдук ишмерлердин оюн угуп көрдүк.

Эдил Байсалов, коомдук ишмер:

-Батукаев ошол жылы бошотулуп, кызыл килем, менчик самолет менен узатылганы бул мамлекеттүүлүгүбүздүн жана мыйзамдын басмырланганы болгон. Буга түздөн-түз күнөөлүү ошол кездеги мамлекеттин башчысы Алмазбек Атамбаев. Анын уруксаты, макулдугу жана түздөн-түз буйругу жок бул ишке ашмак эмес. Эл аралык коомчулук ошондо Обама, Меркель, баш болуп ондогон Европа мамлекеттеринин жетекчилери, Сорос, Голливуд актёрлору, жылдыздар жеке кайрылганына карабай, Азимжан Аскаровду бошоткон эмес. Анан жанагы бир кымындай Кавказ элинин бир телефон чалуусунан кийин килейген мамлекетибиз тизилип, кызыл килем салып берип атабыз. Эми бүгүн деле мен муну казып, козгобойт элем. Болгону болду да. Уятыбызды жапсак туура болмок. Бирок күнөөлүүлөр врачтар эмес. Аларды түрмөгө камап салууга каршымын. «Алыңарды ак халатчандардан чыгарбагыла» деп айтат элем. Канчалаган пациенттери калып калды алардыкы кароосуз. Бул өтө туура эмес болду. Күнөөлүү – бул Атамбаев, алыңар жетсе, ошону тарткыла жоопко. Алыңар жетпесе, унчукпагыла.

Бегалы Наргозуев, коомдук ишмер:

— Батукаевди абактан бошотуп, Чечняга алып кетүү жөнүндөгү «суранычтар» чоң акчага, он миллион долларга соодаланып, Акаев, Бакиевдин тушунда сунуш кылынып, бирок, элдин, коомдук пикирден чочулаган бийлик андай жолго барганга жүрөгү дааган эмес. «Ушунчалык адам өлтүрүү, каракчылык, талап-тоноо» дешип, макул болушпаган чыгар. Криминалдык чөйрөдөгү Рысбектен таасир талашкан кишини мыйзамсыз чыгарып коюу жөнүндө керек болсо сүйлөшүүнү жүргүзүшпөй коюшкан. Ошондуктан, бул маселе көбүнө белгилүү болгон эле. Жадагалса «Владимир Путин менен Рамзан Кадыровдун бул ишке тиешеси бар экен» деген имиш кептер тараган. А чын-чынында мындай ишке алар эмес, экинчи эшелондогу адамдардын кийлигишүүсү болушу мүмкүн. 2010-жылдан кийин өлкөдө түзүлгөн абалды байкашкандан кийин алар кайрадан аракет кыла башташты. Чоң мүмкүнчүлүктөр ачылганын билишти. Өлкөдө мыйзам иштебей калганын, акчанын күчү менен бир топ маселелерди чечсе болорун байкагандан соң Чечнядан кайрадан аракеттер болуп, Батукаевди биздин өлкөдөн чыгарып кетишти. Бул боюнча өз убагында баардык жерде жарыяланды. Азыр врачтарды камакка алуу боюнча ар түрдүү кептер тароодо. Бирөөлөр колдоп атса, бирөөлөр туура эмес көрүп, нааразылыгын билдирип, «эмне үчүн башчыларын камабайт, эмне үчүн бул боюнча команда берген Атамбаевди камабайт? Эгер ал киши айтпаса, Батукаевди эч ким чыгара алмак эмес болчу» дешкендер да бар. Бир нерсени аягына жетиш үчүн анын себебинен башташ керек. Аны чыгарууга негиз болгон врачтардын корутундусу катары «эки жумалык гана жашоосу калды» деген диагнозу да. Менимче, бул коррупциялык кылмыш ишти тергөөчүлөр эң ылдый жагынан баштап атышат. Алар врачтарды камап, суракка алып, аларга ким буйрук бергенин айтса (мүмкүн саламаттык сактоо министрлигинен бирөөнү айтса), ал өз кезегинде буйрук жогору жактан келгенин айтат. Тергөө туура багытта баратат. Кыргыздар ушундайбыз: өзүбүз талап кылып, «Батукаевдин иши кайрадан каралсын» дейбиз да, ал иш башталса, нааразылыктарыбызды айтып чыгабыз. Колдогон адамыбызга жактоочу, колдобогон адамга прокурор болуп алабыз. Канткен күндө да Батукаевди ким мыйзамсыз түрдө бошотконун, анүчүн канча бир миллион доллар алган адамды жакында билип калабыз. Ошон үчүн коомчулук бул ишке түшүнүү менен мамиле кылып, бир аз чыдап туруусун суранат элем.

Кубанычбек Кадыров, коомдук ишмер:

– Батукаевди бошотуу Атамбаевдин көрсөтмөсү боюнча болгонун баары эле ачык айтып келишпеди беле? Ошол учурда иштеген күч түзүмдөрүнүн жана сотторду кылмыш ишинин негизинде суракка алышса, баардыгы Атамбаевге карата көрсөтмө берерине бөркүмдөй ишенем. «Калк айтса, калп айтпайт» дегендей, Акаев, Бакиев убагында бошотпой койгонун билебиз да. Атамбаев болсо «өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем» деп, өзүнүн конституциялык укугунан чыгып, бийликти узурпациялап, баардык кызматты өзү аркалап калганы калп беле? Мисалы, премьер, спикер, башкы прокурор, УКМК төрагасы, ИИМ, Жогорку соттун баарын өзү ээлеп алган. Мындан тышкары, Атамбаевдин убагында мыйзам иштебей, «по понятиям» жашап калганыбызды кантебиз?..

Феликс Кулов, коомдук ишмер:

– Мен ошол кезде депутат элем. Болжол менен жарым жылдан кийин болсо керек, Атамбаевге башка маселе боюнча жолуктум. Ошондо ал киши мага «Батукаевдин бошотулганына кандай карайсың?» деп суроо берди. Мен «эми бошоп, биздин өлкөдөн чыгып кеткенден кийин мага баары бир. Кандай болгон күндө да тарыхта калды» деп жооп узаттым. Батукаев боюнча сөз уланды. Алмазбек «мага вице-премьер Шамиль Атаханов келип, «азыр биздин республикада бир топ авторитеттүү вор уголовниктер бар. Алардын бирөөсүн бошотсок туура болот. Эч кимди өлтүргөн эмес. Өзү катуу ооруп атат. Ошондуктан аны чыгарсак, өлкөдөгү абал турукташмак эле» дептир. Ушу жерден Атамбаевди токтотуп, «Алмаз, болору болуп, боёсу канган ишти эмнеге мага айтып атасың? Ал Россияда, баардыгы чечилиптир, поезд кетиптир» дедим. Эми жакында эле Батукаевдин соттук иши кайрадан жанданып, лаборант менен балдар доктуру, онколог кармалды. Бул чиеленген маселенин башында ким турат? Президент айтып, тапшырма берген күндө аны ким биринчи иш жүзүнө ашырат, ал – ЖАМК башчысы. Ал убакта Зарылбек Рысалиев болчу. А негизи эле абактагы оорулууну бошотуу боюнча өзүнүн так эрежеси бар. Ал мындай: биринчи абактагы доктур тыкыр анализ кылып, баардык симптомдорун аныктап, түрмө жетекчисине кайрылат. Ал өз кезегинде ЖАМК башчысына дегендей… тартип ушундай. Бул аябай узак процесс. А Батукаевде кандай болгон: бүгүн сот болот, Бишкектен алдын ала балдар келишип, күтүп турушат. Чечим чыкты, коштогон эскорт менен Бишкектин аэропортуна жиберди. Ал жакта даяр самолет менен учуп кетишти. Ушундай кантип болсун? Жөн эле жомок болуп кетти. Бул чиеленген суроого ошо кездеги ЖАМК жетекчиси гана жооп бериши керек! Ал – Зарылбек Рысалиев.

Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер:

– Мамлекетте Батукаевдикине окшогон резонанстуу, өлкө келечегине аябай чоң таасир бере турган коррупциялык иштерди, кылмыштарды убагында иликтей турган, убагында чара көрө турган уюмдар бар. Алар: прокуратура, УКМК, ИИМ, сот болуп эсептелет. Эгерде ушул уюмдар Батукаевдикине окшогон окуяга убагында реакция жасап, убагында мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү орното албаса, анда биз мамлекетибизде мындай уюмдардын эффективдүүлүгүн, тууралыгын, керектүүлүгүн карашыбыз керек. Анткени, азыр ошол эле уюмдар кылмыш ишин козгоп атпайбы. Аты аталган уюмдар ал кезде эмне, жок беле? Баардыгы бар эле да. Болгону башка адамдар отурчу. Ошондуктан, биз институт катарында укук коргоо органдарын тез аранын ичинде реформалашыбыз абзел. Коомдук көзөмөлдү күчөтүшүбүз керек. Парламенттин ишине көзөмөлдү күчөтүшүбүз шарт. Ошондо алар мыйзамсыз окуяларды убагында токтотконго, убагында чара көргөнгө жарактуу болот. Антпесек, азыркыдай ашмалтайлык жараксыз бойдон кала берет. Мындан сырткары, азырынча доктурларды күнөөлүү катары айтыш кыйын. Тергөө алардын күнөөсү бар же жок экенин аныктайт. Бирок, ошол убактагы чуулгандуу, резонанстуу ишти доктурлар эле эмес, көптөгөн жогорку деңгээлдеги мамлекеттик кызматчылар жана мамлекеттик уюмдар аралашып жасаганын баардыгыбыз билебиз. Андыкган, жалаң эле доктурларды жоопко тартуу адилетсиздик болуп калат.

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *