Батукаевдин иши боюнча эки күбө суралды

Кечээ, 13-февраль күнү кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишине  байланыштуу соттук отуруму Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда болуп өттү. Бул тууралуу райондук соттон билдиришти.

Соттук отурумда судья врач-онколог Ормонбек Жакыпбаевди жана М.Эралиеваны суракка алды.

Жумуш күнүнүн аякташына байланыштуу соттук отурум 18-февралга, саат 10:00го жылдырылды.

Эскерте кетсек, оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Атамбаев бийликте турган үчүн бул иш жабык бойдон калган. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден кийин, алты жылдан кийин, бул иш кайра козголуп, бир топ тиешеси бар адамдар соттолуп, үй камагына чыгып отурат. Жыйынтыгында, Атамбаев өзү да абакка отуруп калды, тагырагы, Батукаевдин ишине байланыштуу ага «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында камакта.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *