Батыралиев түрмөдө эс алабы?..

УКМКнын Антикоррупция кызматы өнөкөт бөйрөк оорусу менен жабыркаган бейтаптарга (гемодиализ менен дарыланган) медициналык жардам көрсөтүүдөгү сатып алууларга байланыштуу мыйзам бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул факты боюнча аудит дайындалган. Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 107 млн. сомдон ашык каражатка зыян келтирилгени аныкталган.

Натыйжада 7-февралда мурунку саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, билип туруп пайдасыз келишим түзүү деген негизде кылмыш иш козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *