Батыралиевдин ордуна Туйгуналы Абдраимов же Дамира Ниязалиева келиши ыктымал

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жакынкы күндөрү кызматынан четтетилгени турат. Учур­да министрдин кызматтык ишмердүүлүгүн Жогорку Кеңеш тарбынан түзүлгөн депутаттык комиссия иликтеп жатат. Министр болгондон бери сындан башка ырыстуу жылуу пикир уга элек Талантбек Батыралиев, мамлекеттик иш менен жеке кызыкчылыгын аралаштырып жибергенин эл өкүлдөрү айтып келишкен. Эми ошол былыктарын депутаттык комиссия чубап чыгышканы турат. Батыралиев кызматтан кетсе, ордуна бу­га дейре саламаттыкты сактоо министри болуп иштеп кетишкен БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов же КСДПнын 5-чакырылыштагы депутаты Дамира Ниязалиева барып калышы ыктымал экени кеп болуп жатат.

Булак: “Фабула”


Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *