Баян Жумагулова, журналист: “Көчмөндөр оюнун быйыл токтотуу керек. Аша менен Сапар деген уурулардын айтканын кыла беребизби”

Белгилүү журналист Баян Жумагулова быйыл сентябрда Ысык-Көлдө өтө турган III дүйнөлүк  көчмөн оюндары боюнча өлкө жетекчилери, коомчулук ойлоно турган маанилүү пост жазды, биздин оюубузча муну кеңири коомчулук талкууга алып, жыйынтык чыгарышы зарыл:

“Көчмөн ойунун быйылкыга токтотуу керек. Аша менен Сапар деген уурулардын айтканын кыла беребизби. Ал заман өттү. Мугалим менен доктурлар, жетим жесирлер кара жанын, бага албай отурушса, кайсы арыбызга ойун-зоок өткөрөбүз?
Куру намыстын кимге кереги бар? Өткөргүсү келсе байлар өз акчасына өткөрүшсүн!

Базарбай Мамбетов минтип айтып жатат: Ушул оюндарга канча күч, канча каражат, канча келесоочулук кетти. Ошол акчаларга ар бир айылга жок дегенде бирден сүт-товар ферма, малды семирте турган чарба, водопровод куруп, жол салып, элди иштетип койсок жакшы болбойт беле. Кандай акмакчылык! Интернетке жазып, эми койгула деп айтсам бийликтегилердин эч кимиси укпай койду. Биздин өлкөнү келесоочулук, паракорчулук, башийбестик талкалады. Мен мурдагы жылы оюндун ачылышына Чолпон-Атага бардым. Оюнга катышууга болгону 5 өлкөнүн көкбөрүчүлөрү келсе, 67 өлкөнүн командасы келди деп жарыялашты. Бул эмне деген итчилик! Эми эмне кылабыз? Биздин бийлик андан башке эч нерсе билбейт.”

Булак: Кyrgyztoday.кg

 

 

 

3 comments

  • Баян Жумагулова Жана Базарбай Мамбеьов туура айтышат, мурда Нарын
    Айып да жазган бул оюндун ОЗУ кимге кереги ,Аны элдин акчасын уурдашты учун Атамбаев баш болгондор уюштуралы, канча Аран турган ( авариядагы) мектептерде балдарыбызды окуп ,маселен Кочкордо
    Андыктан бул оюндун Кыргызстанга кереги , оло албай жатып олон айткандын болуп жатат.Бул оюнду откором деп Тамчы аэропортуна, ЧолпонАта ат майданын кургандан
    эле канча акча уурдашты.Озу Экономика дегенди качан тушунгусу.Бюджет жетпей карызга жашап жатабыз.Дуйного маскара болуп ,Мамлекетибизди жоготобуз!!!

  • Deen says:

    Как будто оюндарды жапкандан кийин ошол эле завод фабрика же мектептер ондоло тургансып айтасынар да омур бою ондолбогон же салынбагандан кийин жакпаса урматтуу Баян Жумагулова не барасын барбай эле кой Кыргыздын атын чыгарып кочмон элдерди чогултуп биримдикке чакырып жаткандан кийин коро албастык деген болбойт бул жерде мамлекет тарабынан оюндарга 4 миллион доллар болун калганы спонсор берип аткандан кийин королбастык кылбайлы колдойлу мен колдойм откоруш керек …

  • Гулназ says:

    Кочмондор оюнуна КРдин бюджетинен 4 млн $ гана болунуп берилип жатат. Калган кетуучу каражаттарды спонсорлор болуп берип атышат. ДКО кыргыз элинин бренди болуш керек. Оюндар откорулгондон кийин КР коптогон туристтер келуусундо шек жок. Анткени кыргыз элин дуйно жузуно таанытуу керек. Канчалык коп туристтер келсе, ошончолук бизге пайда. Экономика осот. Туризм онугот. Туризм онуксо анан мектептер салынат. Мугалим менен доктурлардын жанылыктарды окубасаныз, маяналары кобойгондун ичинде! Баардыгы бир кундун ичинде эле которулуп кетмек беле?!
    P.S. Бизнесте мындай тушунук бар: “Он чонтокко акча тушуш учун сол чонтоктон акча чыгыш керек”. “Чыгаша чыкмайын киреше кирбейт” деген.
    Эгерде биз ДКОну откозуп, акча коротпосок, КРдин экономикасын которуу учун дагы 25 жыл ушундай абалда жашашыбыз керек болот.
    ДКОго сарпталчу акчаны эле санап отура бербей, андан кийинкини ойлосонор боло!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *