Базар Коргон району 100 жашта

Жакында, тактап айтканда 3-ноябрда Базар-Коргон районунун тузулгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленгени турат. Ага карата алдын ала ар кандай иш-чаралар өтуп жатат. Ошолордун бири катары райондун түптөлүшүнө салым кошуп, ак кызмат өтөгөн инсандарды эскерип, алардын кылган кызматын элге жарыялоо.

Арап тегин Турду уулу Абдраман— Бештоп Бообектин Ботобай уруусунан чыккан кадимки Карга баатырдын уулу, Кунназардын небереси, 1895-жылы Сузак районунун Кой-Таш жергесинде туулган.

Турдуев Абдыраман 1918-жылы милициянын ыктыярдуу бөлүгүнө 23 жашында кошулуп, Кеңеш өкмөтүн курууга активдүү катышкан. 1926-жылдан баштап Ачы районунун “Большевик” айылдык кеңешине төрага болуп иштеген. 1928-жылы 17-декабрда ВКП(б)нын катарына өткөн, А. Зинкевич, Гончаров деген коммунисттер сунуш беришкен. Майор Валулинге жардамчы болуп ишке орношкон. 19 жыл иштеген эмгеги бааланып, 1938-жылы “Эмгектеги артыкчылыгы” медалы менен сыйланган.

1930-37-жылдары жер-жерлерге барып иштөөнүн ыкмаларын үйрөтөт. Ачы өрөөнүндөгү Каринген, Кутурган айылдары Базар-Коргонго караган, упгул жерлерде Турдуев Абдыраман “Эл башчы” болгон. 1937-жылы колхоздор уюштурула баштаганда бай-манаптардын тизмеси түзүлөт. Ал тизмеге киргендер:

I. Чокоев Маматкул,

2- Акынбаев Орозалы,

3. Алынбаев Көчөр,

4. Кангелдиев Эсенбай,

5. Төрөгулов Акматали,

6. Төрөгулов Абдраим,

7. Солпуев Эримбет,

8. Качыкеев Абдали,

9. Шалпыков Мамаш,

10. Мамбетов Жапаш,

II. Сыдыков Кана,

12. Ибраимов Дооронкул.

Турдуев Абдрамандын бир сакчысы келип, ушул аты аталган адамдарды чогултуп турганда өзү келип, 1937-жылы июлдун жыйырмасында суракка алат. Элдер Кайкы-Бел деген жайлоодо чогулуп, ошол кездеги Кыз-Көл Айыл Кеңешинин башчысы Итикулов Эргеш, катчысы Токтосунов Сыргалар күбөгө келишет. Абдраман ата бул 12 кишини байлар эмес деп сурактан кийин справка жазып берет. Ал кезде Турдуев Абдрамандын “Эл башчылык” даражасы чоң урматталган. Ал эми Карингенден төрт киши кармалган, алар: Пиримкулов Сыдык, Нурбаев Айтали, Дербишев Орозали, Султанов Атчабарлар болгон. Ошол убакта “Болыиевик” Айыл Кеңешинин төрагасы Мамытов, секретары Апсатаров Матисактар иштешкен. Бул төрт адам дагы справканын негизинде акталышкан. Алты айдын ичинде 45 кишини актап, өмүрүн сактап калуу жөн жерден боло берген эмес, ага чоң дипломатиялык жөндөм керёк болгон. Абраман атанын ал кездеги ылакап аты “Старчын аке” экен. Ал бей-бечараларга, жетим-жесирлерге да көп жардам берген. Жакшы адамдын өмүр таржымалы эл ичинде ар дайым аңыз болуп айтылып келе берет эмеспи. Бул маалыматтарды Кадулук Көкчө уулу Төлөнбайдан Жеңиш Тагаев алып, ачыкка чыгарган.

Улуу Ата-Мекендик согуш башталганда тылдагы “Эмгек фронтуна” коммунист катары, 1941-жылдын декабрында Уралдагы Свердловск облусунда түзүлгөн Исетско-Аятский торф казуучу ишканасына жиберилет. Үлгүлүү жүрүш-турушу жана Коммунисттик эмгектин алдыңкы катарында болгону үчүн 1942-жылы ноябрь майрамында “Эмгек Кызыл туу” орденинин ээси болгон, ошондой эле өзүнүн эмгек жолунда 4 жолу Ардак громаталар менен сыйланган.

1945-жылы жаңы дайындалган Иван Семёнов Базар-Коргон районунун милициясынын начальниги болуп турганда Турдуев Абдраманды 14 жылдык ишин баалап, лейтенант деген наам алууга көрсөткөн. Анын ИИМдин кызматына кошкон салымы чоң. Дагы бир маалыматтарда басмачылар менен болгон кармашуудан кийин, душмандардан, кек сактагандардан коргоо үчүн райкомдун багыттамасы менен “Эмгек фронтуна” жиберилген дешет.

Элге кадыры сиңген, эмгеги, адамгерчилиги менен эл эсинде калган Турдуев Абдрамандын теги да тегин жерден эмес. Бабасы Кунназар баатыр (1820-1993) өз уруусунун эле эмес, бүтүндөй Жалал-Абад элинин сыймыгы болгон. Кунназар атанын ашы болгондо Жалал-Абад, Анжиян облусттарынын эл башкарган жак-шылары бүт келгени дале айтылып жүрөт. Өз убагында Кудаяр хандын эзүүсүнө каршы көтөрүлүп, Мамыр Мерген уулунун кол башчылыгында миң башчылык даражада болуп, кеңешчиси да болгон. Өз уруусунун бийи да болуп, эл камын ойлогон улуу адам болгон. 1840-1890-жылдардагы аралыктарда өз элин сырткы жана ички душмандардан коргогон тарыхый инсан. Ар бир адамга жөндөмүнө жараша иш бөлүштүрүп, сарамжалдуу пайдаланууну үйрөткөн. Кыш оор жылдарда байлардын малын тең шерикке бактырып, жуттан элди сактаган. 12 жашынан намаз окуп, кийин Медресе курдуруп, бала окуткан, тегирмен, устакана салдырган. Эр сайыштарга түшүп, бир да жолу жеңилген эмес. Үч жолборсу тирүүлөй кармап, Кудаяр ханга белек кылган учурлары кездешкен.

Абдрамандын чоң атасы Арап ажы — өз убагынын мыкты саяпкери болгон. Өзгөндүн Чыкы болушу 1915-жылы атасына аш бергенде, ат чабышты аралыгы 90 км болгон Анжияндын Тешик-Ташынан Өзгөндүн Кулунчагына чейин чаптырат. Ошондо Арап атанын күлүгү баш байгени алат. Күлүктү Абдрамандын бир тууганы 11 жаштагы Калык чапкан. Баш байгеге жасалгалуу боз үй, комдолуу төө, 100 жылкы коюлган.

Абдрамандын атасы — Турду, Ачынын Кой-Ташында 1866-жылы төрөлгөн. Анын саяпкерлиги, улакчылыгы күчтүү болгон. Кош жылкы, кош өгүз деген байгелерди алып жүргөн, бул байгелерди маарага тогуз жолу улак таштагандар алышчу. Келиндер “жез тырмак аке” деп тергешиптир, себеби Турду атанын колдору улак тарткандын азабынан бармактары көп жеринен сынып, ийри болуп, көргөн киши коркчу экен.

Абдрамандын ата-теги эле даңазалуу болбостон, уулдары да кыйын чыгыптыр. Абраман уулу Казы 1919-жылкы. 1939-жылы аскерге чакырылып, Финляндияда, Венгрияда, Иранда атчан аскерлердин, кавалериянын курамында кызмат кылган. Жети жыл аскер курамында жүрүп, Иранда жүргөн мезгилинде, 1943-жылы Тегеранда болгон Сталин, Рузвельт, Черчиль “Үчилтик” жолугушуусунда Ардактуу кароолдо турган. Улуу Ата-мекендик согуштун катышуучусу, Сталин орденинин жана көптөгөн медалдардын ээси. Согуштан кийин Базар-Коргон чөлкөмүндөгү Ачы районунда Аскер комиссары болуп иштеген, андан кийин райондук азык-түлүк даярдоо кызматтарында иштеп, мугалимдик кесипке 1957-жылы которулат, бул кесипти ардактуу аркалап, 1980-жылы пенсияга чыгат.

Абдраман атанңн небереси — Казы уулу Советбек ажы Базар-Кор-гон районунан Жалилов Тажибай, Ноокен районунан Акматалы уулу Махаматалынын демилгелери менен Базар-Коргон чөлкөмүнөн чыккан чыгаан аталарды эскерүү максатында “Эл сыймыгы —Аталар” коомдук жамаатын түзгөн. Бул жамааттын биринчи аткарган иш чарасы болуп “Кунназар ата”, “Төрөкул ата” медалын жасатуу менен “Кунназар баатыр”, “Ален акын” китептерин чыгаруу болду. Советбек ажынын акынчылык дагы жагы бар, өз жерине болгон сүйүүсүн мындайча билдирет: Мисте, бадам, алча өскөн, карагат, четин баары өскөн, Кокту-колот жылгасын, кыдырып тунук суу өткөн. Тоолордун тоодой сайы бар, меймандос, сыйкор эли бар. Ата-Журт бутпөс кубатым, сага айтчу көп ырым бар. Көркөмуңө суктанып, көз арткан бизге көп эл бар, Кандай айтсам жарашат,

Базар-Коргон жерим бар. Азыркы учурда “Эл сыймыгы — Аталар” коомдук жамааты, Кыргызстан мамлекетинин өнүгүшүнө кайдигер карабаган, эл кызматын аркалаган жарандарды чагылдырган “Өрнөктүү өмүрлөр” китебин чыгарууну ишке ашырып жатышат.

Тажибай Жалилов, Эл агартуунун мыктысы, эмгек ардагери, Базар-Коргон району

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *