Базарбай Мамбетов, эксперт: “Жерүй” алтын кенинде кыргыз бийлиги “Кумтөрдөн” да коркунучтуу, ыплас коррупциялык схеманы, бийик афераны башташты”

-Базарбай Эстебесович, сизди биз бир эмес үч жолку вице-премьер министр, тажрыйбалуу курулушчу жана бийик деңгээлдеги тоо кен өндүрүшчүсү катары билебиз. Ошону менен катар  Таластагы “Жерүй” алтын кенин иштетүү укугун алган “Восток-геолдобыча” компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү элеңиз. Бирок, акыркы учурда бул долбоорго өзүңүздүн көңүлүңүз толбой калганы маалым болду. Себеби эмнеде?
-Тээ, СССР учурунда изилденип, 84 тонна алтындын запасы жатат деген “Жерүй” кени эгемендик алгандан берки 1993-жылдан бери эле улам колдон-колго өтүп, 8 жолу сатыкка түштү, бу байкуш. Себеби улам бир чет элдик компанияга  лицензияны берүү ири коррупциялык схемалар менен коштолуп, ар бир өкмөт, тийиштүү министрликтер жана органдар  жеке кызыкчылыгы, жеке чөнтөгү үчүн иштеп жүрүп отурду. Ушул уруксат берүүлөрдүн биринде дагы кыргыз элинин, анын ичинде Талас элинин кызыкчылыгы корголгон жок жана улам кенди иштетүү долбоорунун токтоп калышына да элдин кымындай күнөөсү болгон эмес. Бардыгы бийликтегилердин акчага көзүн кызарткан ач көз аракеттеринен улам жылдырылып, алмашылып отурду.
Ошентип жүрүп, былтыр, 2015-жылы азыркы тоо кен өндүрүшү боюнча  мыйзамдарыбызга ылайык, 4-майда “Жерүй” кенин өздөштүрүү боюнча тендер өтүп, анда орусиялык “Восток-геолдобыча” компаниясы тендердин шартын аткарып, Кыргызстандын бюджетине алгачкы бонус катары бир жолу төлөнүүчү 100 млн. доллар каражатты төлөө менен кенди иштетүүгө лицензияны утуп алды. Бул жагы албетте, мыйзамдуу болду. Бирок, тилекке каршы бул компания дагы кенди иштетүүгө киришүүнү ордуна лицензияны башкаларга сатууга ниеттенген,  алдамчылыкка аракеттенген компаниялардын бирөө болуп чыкты.
-Кантип?
-Ошону сага айтып берейин. Булар утуп алган соң дароо эле Бишкекке келип, тоо кен тармагы боюнча алдыңкы адис катары мени табышты да, “Биз тендерден “Жерүйдү” иштетүүнү утуп алдык. Сиз алдыңкы адис,  кадырлуу ишмер катары биздин алтынды иштетүү технологиябызды презентация кылып бериңиз”, – деп суранып калышты. Карасам, чындыгында эле алардын алтынды өндүрүү боюнча сунуштаган технологиясы заман талабына ылайык, өнүккөн технологиялык ыкма экен, алтынды бөлүп алууда химикаттарды, анын ичинде цианидди 10 эсе аз өлчөмдө колдонуп, жабык режимде казып алуу каралыптыр. Адис катары булардын технологиясы илимдин, техниканын өнүккөн тибине жараша экендигин көрүп, кызматташууга макул болдум. Ошону менен мен Таласка үч жолу барып, 13 айылдын элдери менен жолугуп,  “Жерүйдү” иштетүүчү “Восток-геолдобычанын” технологиясын элге түшүндүрүп, экологиялык зыян болбосун айтып, бар аракетим менен жергиликтүү элди ынандырдым. Мурдатан кендин иштетилишине каршы болуп келген туугандарым мага ишенишип, “жакшы эле болот экен” деп жумшарышты, макул болушту. Бирок, көп өтпөй эле аталган компания “кенди иштетүү боюнча укукту-лицензияны 100 млн. долларга сатып алдык, эми “Жерүй” биздин менчигибиз, эмне кылсак өзүбүз билебиз” дегендей мамиле кыла башташты. Мындай болбошу керек эле, мен өмүр бою иликтеген, көргөн, билген кен иштетүү практикасында мындай мамиле болгонун көргөн эмесмин. Алар болгону алтын казуу укугуна гана 100 млн. доллар менен ээ болушту. Экинчи этапта, “Восток-геолдобыча” менен кыргыз өкмөтү “Жерүй кенин иштетүүнүн шарттары жөнүндө” деген генералдык келишим түзүп, анда өндүрүлгөн таза алтындын канча пайызы Кыргызстанга таандык болот, канча пайызы ошол жеке компанияга кетет же алтынды сатуудан түшкөн кирешенин пайыздары кимге канчадан тиет деген эң башкы маселелерди чечиши керек болчу. Бирок, бул келишим болбой турганы кийин анык  болуп чыкты!
-Э кокуй, анда эмнеге кыргыз өкмөтү оозун толтуруп, эки жылдан бери мактанып бүтө албай жүрөт?
-Иттин өлүгү так ушул жерде көмүлүп жатпайбы. Тилекке каршы, биздин коррупциялык өкмөт, “Жерүйдү” иштетүүгө тиешеси бар мамлекеттик ведомстволордун баары унчукпай жатып алышты дагы, тигилер болсо биздин ошондой шалаакы, сатылма, коррупцияга жакын экенибизди, эч нерсени түшүнбөсүбүздү билип алып, “генералдык келишим түзүүдөн баш тартышты. Бирок, мен тоо кен адиси катары ошол Таласка бараарда эле “Восток-геолдобычага” да өкмөткө да кайрылып, “мен презентация жасаганы баратам, силер болсо генералдык келишим түзүп, чындап ишке киришесиңерби” деп сурагам. Ал тургай келишимдин шартын да айтып, “Силер кыргыз мамлекетине өндүрүлгөн алтындын 50 пайызына чейинкисин  бересиңер, алтын түрүндө болбосо аны сатуудан түшкөн кирешенин жарымын, кем дегенде 45 пайызын бересиңер” деп айткам. Алар болсо “Сиз презентация жасап, элди көндүрүп келгенден кийин сөзсүз генералдык келишимге барабыз” деп жооп узатышкан. Ошентип, презентация болду, эл жактырды, долбоор ишке кирмек болду. Мен Таластан келген соң, дагы генералдык келишим тууралуу сурасам булар эмне деди? “Биз тендерден кийин төккөн 100 млн. доллар сиздердин өкмөткө жетишээрлик экен” дешпедиби!? Элестет! Өкмөткө улам кирип айтып жаттым, алар дагы келишим түзгүсү жок, тымпыят да турат.  Бул деген өтө чоң коррупциялык схеманын ишке киргени, “Кумтөрдөн” да коркунучтуу, бийик аферанын башталышы.
-Коррупциялык схеманын сизге белгилүү жактарын айтып бериңизчи?
Жөнөкөй тил менен эле айтканда, учурда “Жерүйдө”  таза 84 тонна алтын бары белгилүү.  Анын “Восток-геолдобыча” он жылда казып алат. Азыр дүйнөлүк базарда алтындын бир унциясынын баасы 1200 доллар болуп турат. Ошол баа менен санаганда бүгүн “Жерүйдөгү” 84 тонна алтындын баасы 3 млрд. 200 млн. доллар болот. Демек, 3 млрд. долларлык алтынды булар бизге итке сөөк ыргыткансып, 100 млн. гана доллар ыргытып туруп казып кеткилери бар. Көрдүңбү, булар биздин бийликтегилер менен быгышып алып туруп, маңкурт абориген элдердин бири, булар эч нерсени түшүнбөйт деп эсептеп, “биз мына кенди алдык, эми кандай казабыз өзүбүз билебиз” деген көз карашка өтүп алышты. Мындай болгон соң, мен дүйнөлүк кен казуу өндүрүшү менен тааныш, дүйнөдөгү ондогон алтын кендерине атайын барып, практикалык түрдө таанышкан, чоң адис катары ири коррупциялык долбоорду көрдүм да, өз элимдин алдында атымды булгагым, карасанатайлык кылгым келбей, атуулдук позициямды бек кармап, орус компаниясы менен коштошуп кеттим. “Мага караганда Таластын жөнөкөй карапайым эли он эсе акылдуу, түшүнүктүү, эл менсиз эле өзү эле адилет чечим кабыл алат” дедим аларга. Бул боюнча убагы келсин деп айтпай келе жаттым эле, мына азыр сен аркылуу баарын ачык айтып жатам. Эми эртең таластыктар мага чыгышса, болгонун болгондой айтып беришим керек. Бул жерде эч кандай саясат жок, жеке кызыкчылык жок. Болгону азыркы бийликтин ушунчалык ыплас саясатына карата маанайым ушул болду. Анткени өкмөт ошол аферисттер ыргыткан сөөктү дагы мүлжүп, кажалап, такыр эле шимип туруп таластыктарга, элге ыргытып жатканын көрүп турам.
-Бул жагына кичине кененирээк токтоло кетсек, элге түшүнүктүү болсун…
-Иш мындай, биздин өкмөт “Восток-геолдобыча” компаниясынан бир жолу түшкөн 100 млн. долларды бюджетке бурушуп, аны менен 100дөн ашык  жаңы мектеп курабыз, дагы 181 мектепти капиталдык ремонттон өткөрөбүз деп ар кай жерге мактанышкан.  Ал эми “Жерүй” кени жайгашкан Талас облусунун өнүктүрүү фондуна 170 млн. сом, Талас районун өнүктүрүү фондуна 170 млн. сом, Бек-Молдо айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фондуна 170 млн. сом бөлүп беришкен. Жалпысынан алганда 510 млн. сом. Бүгүнкү валютанын курсу менен алганда  болгону  6 млн. 800 миң доллар болот. Бул деген “Восток-геолдобычанын” берген 100 млн. долларынын 10 пайызына да жетпей жатпайбы. “Эми ушуну менен таластыктардын оозун жабабыз, калганына силердин башыңар жетпейт, силерге ушул эле болот, алгыла да унчукпай он жыл отура бергиле” деген мамиле болуп жатпайбы.   Мен муну эчак эле өкмөткө да айткам, “мындай кылбагыла” деп.
-Кечиресиз, ушул жерден бир суроо берейинчи, балким сиз, биз шашып жаткан жокпузбу? “Жерүй” кени казыла баштаганда генералдык келишим түзүлсөчү? Же анда кеч болуп калабы?
-Менин коррупциялык афера дегенимдин түйүнү ушул жерде болуп жатпайбы. Эгер, мамгеология агенттиги “Жерүйдүн” лицензиясын тендерге койгондо эле анын шартына бадырайтып туруп, “Биринчиден, коопсуз технология менен казуу, экинчиден, бонус катары бюджетке бир жолу 100 млн. доллар төлөө, үчүнчүдөн кыргыз өкмөтү менен генералдык келишим түзүп, ага ылайык  кен казууну баштоо талап кылынат” деп так, ачык жазып койгондо мындай болмок эмес эле. Тендердин шартында генералдык келишим түзүү тууралуу бир ооз сөз да жок. Демек, бул жерде муну атайын эки тарап тең келишип алып, жашыруун быгышып, ортодо өтө көп суммалардын соодасы жүргөн соң жазышкан эмес деп мен шекшип турам.  Анткени карап көрсөңөр, булар Кыргызстандын элин бийликке берген 100 млн. доллар, андан тышкаркы чыгымдарга, операцияларга деп дагы 100 млн. доллар жумшаса да, 10 жылда таптаза 3 млрд. долларды чөнтөккө салып басып кеткени жатпайбы. Ал эми алардын он жылдагы салыгы, социалдык төлөмдөрү арзыбаган бир кыпындай суммадагы доллар болуп, аны өкмөт болсо дароо сомго айлантып, көлөмдүү көргөзүп элдин упчу менен сүт бергендей алдагысы бар. Муну мен эч жерде айткан эмесмин, эми мезгил келди,сага айтып жатам. Мен муну кыргыз элине, анын ичинде таластыктарга айтам, анткени, мен аларды көндүрүп, макул кылгам. Көрсө баарыбыз алданыптырбыз.
-Сөз башында “Жерүйдүн” багы 1993-жылдан бери байланып келатканын айттыңыз. Лицензияга ээ болгон 8 компаниянын бири менен да генералдык келишим түзүлгөн эмеспи?
-Мыкты суроо бердиң. Маалымат үчүн айтып коюшум керек, 1993-жылы Американын “Моррисон Кнудсен Гоулд” деген кен өндүрүүчү компаниясы “Жерүйдү” өздөштүрүү боюнча лицензияны алып, ошол кездеги өкмөт башчы Чынгышевдин өкмөтү менен генералдык келишим түзүлгөн. Турсунбек Чынгышев, ал кездеги “Кыргызалтындын” башчысы Дастан Сарыгуловдордун колу коюлган ошол генералдык келишимде “Жерүйдөн өндүрүлгөн алтындан түшкөн кирешенин 70 пайызын Кыргызстан алат, 30 пайызын “Моррисон Кнудсен Гоулд” алат” деп так жазылган. Карачы, кандай идеалдуу келишим. Бирок,  ошол келишимдеги көрсөтүлгөн мөөнөт боюнча америкалык компания “Жерүйгө” инвестиция сала албай кечигип калып, кийин өздөрү “Жерүй алтын кени биз үчүн абдан ыңгайлуу келишимдеги өндүрүш эле, тилекке каршы, биз убагында керектүү каражатты таппай калдык” деп арызын жазып, таштап кетишкен. Мына ошол Чынгышевден кийин келген премьер-министрлер, тоо кен тармагын тейлеген министрлер, “Кыргызалтындын” башчылары, мамэкология, мамкурулуш кызматтарынын башчылары 24 жыл бою  “Жерүйгө” келген чет элдик компаниялар менен атайын генералдык келишим түзбөй, лицензияны гана арзыбаган акчага соодалашып, көмүскөдө өздөрүнүн капчыктарын гана кампайтып жүрүп отурушкан. Ошол жосун азыр да жашап жатканы эгемен кыргыз элинин трагедиясы.
-Алтын өндүрүшү боюнча адис катары, коңшу-колоңдордогу практикалардан айтып бербейсизби? Алар эле кандайча мамлекетке пайда түшүрүшөт?
-Казакстанды жөн эле коюп, Өзбекстандан бир мисал келтирейин.  Ал жакта “Мурунтау-Зарафшан” деген алтын кени бар. Жыл сайын 12-13 тонна алтын чыгат. Мына ошол кенди 1992-жылы америкалык атактуу эле “Ньюмонт” деген компания алып,  257 млн. доллар жумшап, завод куруп иштетмек болгон. Ошондо Өзбекстандын өкмөтү менен генералдык келишим түзгөндө, Ислам Каримов “Чыккан алтындын 70 пайызы Өзбекстанда калат, 30 пайызын “Ньюмонт” алат” деген талап койгон. Америкалык компания макул болуп, 14 жыл иштеткен. Кийин тескерисинче, “Ньюмонттун” деректири коомчулуктун алдында өзбек президентине ырахматын айтып, “Сизге чоң алкыш, 30 пайыз эле компанияга кенен жетти. Мен болгон чыгымды эки жылда жаптым, калган пайданы айтпай эле койсом да болот”, – деген. Мына, практика. Биз муну канча айттык, кыргыз өкмөт башчыларынын бири укпады. Өздөрүнүн акылы жетпеген соң, адистерден кеңеш сураса бир жери кемийт беле? Демек, булар баарын билишет, болгону атайын коррупция кылуу үчүн билмексен болуп келишет.
-Демек, жакында Таластагы элдин “Жерүй” жана башка кендер иштетилбесин деген талап койгонуна сиздеги маалыматтар себеп экен да?
-Тынчтык, Кудай алдында айтып жатам, мен азырынча элге эч нерсени айта элекмин. Жанагы таластыктардын коомдук активисттеринин бирине да жолуга элекмин. Бирок, мен башында айткандай, Таластын эли акылдуу эл. Алар буга менсиз эле көздөрү жетишти, эти тургай чарымы калбаган сөөккө алданып калышаарын аңдашты. Ошондуктан, туура талап коюп жатышат. Бирок, эми сенин гезитиң чыккан соң мени чакырышса токтоосуз түрдө барам, айтып берем. Мен “Восток-геолдобычадан” кетип жатканда да, өкмөткө да эскерткем, “Жерүй”  24 жылдан бери колдон-колго өтүп жатып, Талас элинин аң-сезимине сиңип бүттү, бул жолу да элди алдай албайсыңар, андан көрө тезинен генералдык келишим түзүп алгыла деген сөздү айткам. Мына, мезгил келди. Талас элине айтаарым, “Жерүй” Бишкек-Талас авто жолунан болгону 27 километр алыс, курулушчулар шаарчасы курулган, электр энергиясы жеткен, эң мыкты шарттагы алтын кени. Эгер орустардын компаниясы иштете албаса, кыргыз өкмөтү менен генералдык келишим түзүп, андагы шарттарды аткарып иштөөгө чет элдик компаниялар четтен табылат. Керек болсо эртең келет.
P.S. Тоо кен өндүрүшү боюнча адис, эл аралык экономикалык кызматташтык боюнча эксперт Базарбай Мамбетов менен алтын кору “Жерүйдөн” болгону  6 тоннага аз делген “Талды-Булак Солжээк” алтын кенинин ушу таптагы коррупция коштогон тагдыры, өкмөттүн өпөң-чычаң саясаты тууралуу  маегибизди кийинки саныбызга жарыялайбыз…
Тынчтык Алтымышев
Булак: “Фабула”
 
 
 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *