Бажы системасы 2020-жылы толук санариптешет

Кечээ премьер-министр М.Абылгазиев парламентте өкмөттүн отчету боюнча сүйлөп жатып, 2020-жылы Бажы системасынын ишин толугу менен санарипке өткөрүлөрүн жарыялады. Аны депутаттарга майда чечмелеп, төмөндөгүчө кеп салды. «Бажы системасынын ишин толугу менен санарипке өткөрөбүз. Бизде электрондук бажы кызматы болушу керек. Бул адам факторун жок кылуучу эң натыйжалуу курал. Азыр биз ар кандай персоналарга байлап бажыдагы жемкорлукту айтып жатабыз, андан кутулуштун бир гана жолу бар, бажы системасында болуп жаткан процедуралардын баарын санарип формага алып келишибиз керек. Жакында муну Президентибиз да айтты, бул жаатта эмнелер жасаларын белгилеп кетейин. Бажы посттору заманбап материалдык-техникалык база менен жабдыла баштады, эми эсепке алынбаган товарлардын баарын санарип аркылуу эсептейбиз. 2019-жылы 472 видео камера орнотулду, 5 бажы бекетине инспектордук көзөмөлдөөчү комплекс коюлду. Билесиздер, биз ЕАЭСке кирип жатканда өнөктөштөрүбүздүн жана бажы саясатынын талабы коюлуп, үчүнчү мамлекеттен келе турган товарларды автоматташтырылган
көзөмөлгө өткөрүү боюнча чечим кабыл алынган. Инспектордук көзөмөлдү декабрдын башында «Торугартта» ачабыз, 3-мамлекеттен келе турган товарларды көзөмөлгө алуу боюнча механизм ишке кирет. Мындан тышкары салмак-габариттик көзөмөл системасын постторго койдук. Азыр үч постко- «Чалдыбар», «Ак-Тилек», «Чоң-Капкага» бүткүл дүйнөлүк банктын жардамы менен «Бетамонт» системасын киргиздик. Ал жерде кирип жаткан машинанын номерлери, кирип жаткан жүктүн салмагы каттоого алынат. Муну онлайн-режиминде көрө турган борбордук базага алып келебиз, азыр иш жүрүп жатат. Чек ара постторунан кайсы убакта, кандай унаа өтүп жатканын менин кабинетимде, президенттин кабинетинде, бажы кызматынын жетекчисинин кабинетинде көрө баштадык. Онлайн-режиминде көрүп, эсепке алып, каттоо механизми иштей баштады. Мунун натыйжасында бажылык көзөмөл күчөтүлөт, өткөрүү жөндөмдүүлүгу жакшырат. Мен өзүм 10 млн долларлык жабдык коюлган «Эркештамдан» көрүп келдим, канчалык машина чоң болгонуна карабай ичинде кандай товар бардыгын, салмагы канча экенин көрө турган механизм коюлду. Декабрдын аягынан баштап « Эркештем» жана «Торугарт» постторунда толугу менен иштей баштайт. Мындан ары бул процедуранын баары «Түндүк» системасына кирет, аны баары, депутаттар да көрсө болот, интернет аркылуу ачык-айкын кылдырабыз»-деди. Албетте, бул колдой турган саамалык экен. Чындыгында эле бажыдагы бир кишини жазалоо менен маселе чечилбейт, эң негизгиси, ал жактагы жемкорлукту жайылткан системаны ооздукташ керек.

Булак: “Де-факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *