“Бээ” десе “төө” деген Төрөбаев

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев соңку кездерде өрт өчүргүчтөн бетер өйдө-ылдый чуркап, телеканалдардын бетин бербей бакылдап, Жогорку Кеңештин трибунасында ар түрдүү маселелерди көтөрүмүш этип чыйпылыктап, өзүн элге чын дилден күйгөн көйкашка депутаттын накта өзүндөй көрсөткөнгө жандалбастоодо. Төрт жылдан бери элди унутуп, дымы чыкпай жаткан Эргешович эмне мынча активдүү депутатка айланып кетти деп адегенде башыбыз маң болуп атты эле, көрсө 2020-жыл жакындап калган турбайбы. Шумдугуң кургур шумпай депутаттын мынчалык эки жүздүү, мынчалык митайым экенин билбептирбиз. Бет деген неме бетон турбайбы мында. Бул нойондун абийиринде уят-сыйыт деген сапаттар такыр жайгашпаптыр. Эгер казандай башында кашыктай акылы болгондо шайлоонун алдында чыга калып: «Шайлоо босогосундагы 9%дык ченди ылдыйлаталы, 3% босоголук чек кылалы» деп акылдуусунбай, берген убадаларынын канча пайызы аткарылганын айтып бермек. Көкүрөгүндө намыс-ары болсо, «Биз иштей албайт экенбиз, 2020-жылы иштей тургандарга орун берели» демек.

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *