Бегайым Бекназарова, “Марал” фирмасынын негиздөөчүсү: “Чапандарыбызды океандын ары жагына экспорттой баштайбыз”

Кыргыздын улуттук кийимдерин сахнадан гана көрүп калган бир доорду баштан өткөрдүк. Кудай жалгап элибиздин нукура салт-санаасын, улуттук кийимдерин турмушубузга аралаштырган жаш ишкерлер, тигүүчүлөр, чыгармачыл инсандар өсүп жетилип, минтип күнүмдүк турмушта улуттук кийимдерибиз кийилип калды. Элибиздин көөнөрбөс кийимдерин өз мекенинде гана жайылтпастан, океандын ары жагына чейин алып барып таанытып жүргөн этно кийимдерди жаратуучулардын бири Бегайым Бекназарова. Ал “Марал” фирмасын негиздеп, кыргыз жыттанган чапан, кийим-кечелерди тигип келе жатканына бир топ убакыт болду. Аракетчил айым менен баарлаштык…

– Бегайым айым, чапан тигүү, аны элге жайылтуу идеясы качан пайда болду эле? Алгачкы кардарыңыз ким эле? Тигүүчүлүктү кесип кылганыңызга канча жыл болду?

– Чапан тигүү идеясы 2015-жылдын аягында келди. Апам, чоң энем уз адамдар. Чоң энем илгертеден эле айылдын баарына кыргыз чапандарын тигип берип жүргөн колунан көөрү төгүлгөн уз айым эле.

Мен ошол чоң энемдин колунда өскөн кызмын. Бой тартканы өз апамдын колуна келдим. Апамдын жеке тигүү цехи бар. Цехтин иштеринен сырткары буйрутмаларды алып чапандарды тигип берип жүрчү. 2008-2009-жылдары эле апама көп киши жылуу кылып чапан тиктирип кетишчү. Мага да апам чапан белек кылган. Ал кезде университетте иштечүмүн. Кесиптештерим сонун чапан экен, бизге дагы тигип берчи деп суранып жатышып, ошондон улам  чапан тигүү менен алектенип баштагам. Тигүүчүлүк кесипти ушинтип эле ата-энемди көрүп жүрүп аркалап калдым. Биринчи жолу тигүүчү машинкага 10-классымда отурганым эсимде.

-Элдин суроо-талабы жыл сайын өсүп жатса керек?

– Чапандын жаңы доору, жаңы эпохасын кыргыздарга түзүп берген белгилүү дизайнер Жумабүбү Сариева эже да. Ушул эже бизге чапанды кайрадан жаратып берди, кайрадан мода кылып берди. Эже жалгыз өзү Кыргызстанды камсыз кылганга жетише албай калды. Анткени чапанды өлкөбүзгө гана жайылтпастан, дүйнөлүк бренд кылып башка өлкөлөргө сатып баштады. Сапаттуу тигилгенге жараша эженин чапандары кымбат баада сатылгандыктан карапайым элдин чөнтөгүнө бир аз оорураак боло баштаган учурда биз “Марал” фирмасы, бизден  башка бир-эки тигүүчүлөр чапандарды тигип баштаганбыз. Суроо-талап көбөйгөн сайын чапан тигүүчүлөр да көбөйүп, азыр өлкөбүздөгү цехтердин ар бир үчүнчүсү чапан тигип калды. Бирок алгачкылардан болуп, Жумабүбү эжеден кийин эле биз баштаганбыз. Мен учурдан пайдаланып эжеге терең ыраазычылык билдиргим келет. Кыргыздын көөнөрбөй турган улуттук кийимин кайрадан жандандырып бергенине миң алкыш. Элге жайылтууга биз да көмөкчү болдук. Анткени көбүрөөк санда, карапайым элдин чөнтөгүнө ылайыктап тигип баштадык.

-Негизи кандай чапандарды эл көбүрөөк жактырат?

-Биринчиден ыңгайлуу, кыймылдаганга ылайыктуу, денеге жагымдуу, жууп кайра кие бергидей чапандарга болгон суроо-талап жогору. Биз дагы элдин талабындай тигебиз. Элдин көзүндө жүргөн адамдар өзгөчө кылып тигип берүүбүздү суранышат. Андай учурда алардын да каалоосун орундатабыз.

-Сизге да чет өлкөгө чыгаруу идеясы келбей койбосо керек?

-Россия, Казакстан мамлекеттерине дүң соода кылабыз. Атайын алып кетип турушат. Ал эми Европага, Америкага көп санда эмес, аз-аздан сатып жатабыз. Кыргызстандагы Америка элчилигинин каржылоосу менен жаш ишкерлерди колдоо максатында уюштурулган “Ишкер айымдар” деген долбоор аркылуу Америкага барып атайын окуп келдик. Америкага барганда Вашингтон шаарынын чок ортосунда жайгашкан дүйнө элдеринин улуттук кийимдерин саткан дүкөн менен келишим түзүп, чапандарымды кетирип туруу тууралуу сүйлөшүп келдим. Буюрса чапандарымды океандын ары жагына кетирип турам.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *