Бегалы Наргозуев: “Азыр Атамбаев бийликти колдон чыгарбоонун бир нече сценарийи менен тымызын алпурушуп иштеп жатат”

“Атамбаев кетип жаткан президент, мыйзам боюнча бир жылдан кийин отставкага кетиш керек, өзү да “кетемин, мураскер калтырбайм” деп кайра-кайра белгилеп жатат. Ошондуктан кыргыз коомчулугу Атамбаев кеткенден кийин кандай жол менен өнүгүшүбүз керек? деген суроонун үстүндө баш катырыш керек”, – деп билдирди кечээ, 18-майда Бишкекте өткөн «Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин Кыргызстан кандай жол менен өнүгүш керек?» аттуу форумда сүйлөп жатып “Элдик саясат” полиси институтунун директору Бегалы Наргозуев.
“Атамбаев түзөм деген авторитардык мамлекет чала-чарпыт ишке ашып, бирок чала жан болуп турат. Атамбаевден кийин келген президент таза шайлоо аркылуу жеңип келип, Атамбаевдин “авторитардык мурасын” демонтаж кылып, Атамбаев доорунда жоготкон суверенитеттин айрым элементтерин кайра калыбына келтирип, кыргыз мамлекеттүүлүгүн толук кандуу орнотуш керек. Бирок, Атамбаев “кетемин, мураскер калтырбайм” дегенине ишенип олтура берсек кыргыз коомчулугу дагы алдатып жиберет. 2010-жылы Атамбаев “мен президенттик да, парламенттик да шайлоого барбайм” деп убада кылганда ишенип калган коомчулук кийин Атамбаев көз ирмебей туруп шайлоого кирип кеткенин унута элек болсо керек. Азыр Атамбаев бийликти колдон чыгарбоонун бир нече сценарийи менен тымызын алпурушуп, иштеп жатат. Биринчиси, конституцияны өзгөртүп, президентти парламент шайлай тургандай кылып, премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтөт. Азыркы чөнтөк парламенттин колу менен Сооронбай Жээнбеков сыяктуу бирөөнү президенттикке шайлатып, өзү премьер-мимнистрликке кайра келип, кыргыз мамлекетин талкалоону кайра баштайт. Албетте ал “кыргыз мамлекетин гүлдөтүп жатам” деген ой-кыялынын туткунунда калган. Экинчи сценарий боюнча өз ордуна “күчтүү” мураскер калтырып, өзүнүн коопсуздугун камсыздап, Ататүрктөй “Атакыргыз” болуп, резиденциядан Кыргызстанды көмүскө башкара берем деген максатын ишке ашыруу. Айтпадыбы, “Мен президенттиктен кеткенде алыс кетпейм, көп болсо он беш чакырымдай шаардын үстүндө болом. Бирөөлөр кыйшаңдаса түшүп келип ордуна коюп коём” деп. Ал бийликти өз менчигиндей көрүп алган. Бийликтин ээси эл эмес, мен дегендей сүйлөп жатпайбы. Үчүнчү сценарий боюнча конституцияны өзгөртүү учурунда президент эки мөөнөткө шайланса болот деген норманы киргизүү… Төртүнчү сценарий боюнча башка күчтүү державалардын күчүнө таянуу менен бийликти колдон чыгарбоо… Бешинчи сценарий, эгер башка саясый күчтөр күчтүүлүк кылып кетип аны жарга такаса анда өзүнүн жана жакындарынын жеке коопсуздуктары үчүн соодалашып, бийликти ошолордун колуна өткөрүп берүүгө аракеттенүү… Ошондуктан Атамбаевдин айткандарына ишенбей кыргыз коомчулугу бол жолу алдатпаш керек. 2005-жылкы революциядан кийин алданып калдык дешти, 2010-жылдагы революциядан кийин алданып калдык дешти, эми 2017-жылы да алданып, бийликти кыргыз мамлекетин чыңдабай, талкалай турган атамбаевчил күчтөргө алдырып койсо тарых эч качан кечирбейт”, – деди Бегалы Наргозуев.
“Эмне кылыш керек? Биринчиден, Атамбаев кетмейинче конституцияны өзгөртүүгө жол бербеш керек. Экинчиден, Атамбаевге мураскер калтырууга жол бербеш керек. Үчүнчүдөн, Атамбаевдин айтканындай жыйынтык чыгарып берген БШКны таркатып, жарандык коомдун кеңири катышуусу менен жаңы БШК шайлап, таза шайлоого жетишишибиз керек. Төртүнчүдөн, конституциялык реформа болобу, соттук же экономикалык реформалар болобу, баарын Атамбаевсиз өткөрүү керек. Атамбаев алты жылда өзүнүн жүзүн көрсөттү. Бул кишинин жаңыланууга эч кандай саясый эрки жок, эскичил авторитардык көз караштагы адам экени дайын болду. Ошондуктан, бүгүнтөн баштап коомчулук добулбас кагып, “Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин Кыргызстан кандай жол менен өнүгүш керек? деген маселени талкуулаш керек. Керек болсо бүгүнкүдөй форумдар жума сайын өткөрүлүп, бул маселенин үстүндө баш катырышыбыз керек. Мен айрыкча жаштарды активдүү болууга чакырат элем. Кайрадан алданып калбайлы”, – деп жыйынтыктады Бегалы Наргозуев.
Булак: Кyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *