Бегалы Наргозуев: “Бабанов жок жерден жалаа жаптырган Атамбаев менен “эркекче эсептешкени” келет деп ойлойм”

Ушул аптада президенттик шайлоодо казак президенти Нурсултан Назарбаевдин батасын алып Атамбаевдин каарына калып, “Тизе бүгүп жашагыча, тик туруп өлгөн артык” деп өзбек улутунун алдында айта коём деп кылмыш иштин бутасына айланып, аргасыздан Кыргызстандан чыгып кетип, Атамбаевдин мажбурлоосу менен “Саясаттан кеттим” деп четте жүргөн Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга барам деп кыргыз саясатын кайнатып жатат. Ал бул жакка келсе Атамбаевге кошулуп Жээнбековду алып түшөт деп дарбыгандар болууда. Кылмыш ишин козготкон Атамбаевге такыр кошулбай, Жээнбеков менен тил табышып, бийликке жардам берет дегендер андан көп. Дегеле, Бабанов Кыргызстанга келгенде Атамбаев же Жээнбековдун кимисине түйшүк жаратат?

Камила Талиева, мурунку вице-премъер-министр:

– Бабановдун өлкөгө кайтып келиши менен Атамбаев же Жээнбеков үчүн оорчулук жаратчу жагдай түзүлбөйт. Анткени, Бабанов саясатта өзүнө өтө ыңгайлуу жагдайды түзүп жүрөт. Бул жигит бизнесмен. Ошондуктан өзүнө ыңгайлуу шартты каалайт. Келгенде дагы мамлекеттеги саясий жүрүштөрдү таразага салып, кайсыл тараптын ташы оор болсо ошол тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө берет. Бабанов ийкемдүү саясатчы. Ким болбосун сүйлөшө берет. Ушул жагдай менен Атамбаев менен Жээнбековдун бирөөсүнө оор түйшүк болот деп айтуу туура болбойт. Өлкөдө саясий чыңалуу болбосо бийлик тарап менен сүйлөшөт. Эгер абал курчуй турган болгондо оппозиция менен сүйлөшө берет. Саясатта оор учур болгондо Бабановдун четке чыгып байкоо жүргүзүп турган кездерин да көрбөдүкпү. Бабановдун келиши менен Кыргызстанда саясий абал өзгөрөт же болбосо кризистик абал жаралат дегенден алысмын. Мындан сырткары, Бабанов саясатта айтканы бир башка, жасаганы такыр башка болгон жүрүштөрдү дагы жасап келет. 2017-жылы эле шайлоодон кийин Кыргызстандан чыгып кетип “Саясатка аралашпайм, бизнес менен алектенем. Кыргызстанга инвестиция тартып, экономикага салым кошконго даярмын” деген билдирүү жасаган. Эми болсо “Жакында барам, көрүшкөнчө” деп келишин чоң саясатка айлантып жиберди. Мунун өзү 2020-жылдагы шайлоого даярдык экенин билдирет. Камчыбек Ташиев экөө Москвада жолугушуп сүйлөшүп, бири-бирин түшүнгөнү, чогуу болот деген пикирди жаратты. Алдыдагы шайлоого экөө чогуу барат деген сөздүн чыгышына себепкер болду. Бабанов шайлоого катышуу үчүн гана өзүнө шарт түзүп жаткандай сезилүүдө.

Бегалы Наргозуев, 2013-жылдагы “Атамбаевдик узурпацияга Каршылык көрсөтүү кыймылынын” теңтөрагасы:

— Өмүрбек Бабановдун кайтып келиши бир гана Атамбаевге түйшүк жаратат. Анткени, Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоо учурунда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Алматыда жолуга койгондугу үчүн аны ал кездеги Атамбаев куугунтукка алгандыгын элдин баары билет. Бабановго каршы кылмыш иштерин козготкон да Атамбаев. Ошол эле учурда, Жээнбеков Атамбаевден айырмаланып, “бул ишти кыскартып койгула” деп айтып көнгөн эмес. Бабанов өзү келсе эле бул иш жабылганы турат. Анткени, УКМК айыпталуучуну сурабай туруп ишти кантип жаап салат? Молдомуса Конгантиевдин ишин УКМК жаап салып, канча чуу чыкты. Азыр Бабановдун ишин УКМК жаап салса дагы ызы-чуу чыгарчулар жайнап жүрөт. Мына, сотко кайрылып, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Бекболот Талгарбеков абактан чыгышты го. Алар абактан чыкканга чейин президент Жээнбековго нааразы болуп жатышкан, чыккандан кийин соттун ишине аралашпаганы үчүн ыраазычылыктарын ММКлар аркылуу ачык билдиришти. Атасынын көзү өткөндө Атамбаевдин зулумдугунан топурак сала албай калган Садыр Жапаров, апасына топурак салганга мүмкүнчүлүк ала алды. Текебаев 60 жылдык юбилейин белгилөө үчүн абактан ооруканага которулду. Мунун баары мыйзам жол берген кадамдар. Ал эми абактагылардын тарапкерлери талап кылгандай алардын кумирин токтоосуз бошотуп берүү албетте мыйзамсыз кадам болот. Ошондуктан мен ойлойм, эгер Бабанов келсе эле баары мыйзам жүзүндө чечилет жана азыр анын мойнуна илинип турган, Атамбаевдин жалаа жапкычтары козгогон кылмыш иштери кыскартылат. Анткени ал кылмыш иштери эч негизсиз, бир эле адамдын – Атамбаевдин буйругу менен ачылган. Мен кечээ тил боюнча бул ишке эксперт болгон Үмүт Култаеванын видео билдирүүсүн көрүп, уктум. Ал айым адис катары кыргыз тилинин эрежелерине таянып, Бабановдун сөзүндө эч кандай мыйзамсыз чакырыктар жок экенин далилдеп берген. Ошондуктан Бабановду чет өлкөгө чыгып кетүүгө мажбурлаган кылмыш иштер боюнча доомат Атамбаевге гана болушу мүмкүн. Экинчиден, Бабанов менен Жээнбековдун КТРКдагы дебатында айтылган “Балапан, коррупцияга каршы күрөштү мен сенден баштайм” дегени ал жооп иретинде эмоция менен айтылган сөз. Эсиңерде болсо дебатта жакшына эле сүйлөшүп жатышып, анан Бабанов Жээнбековго коррупция боюнча кыйытма сөз ыргытып, ошол жоопту алган. Бул шайлоо риторикасы деген болот. Шайлоо кампаниясы учурунда оппоненттер бири-бирине карата айтылган тескери сөздөрдүн көбү шайлоо риторикасы катары ошол жерде эле калат. Үчүнчүдөн, Өмүрбек Бабанов өзү “депутаттык мандатымды тапшырдым, саясаттан кеттим” деп жарыя кылган. Ошондуктан ал Кыргызстанга келсе жакын арада президент Жээнбековго каршы саясатка аралашпайт деп ойлойм. Өзү айткандай чоң бизнес долбоорлор менен алектенсе керек. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого өзү барбаса да партиясы барат. Ал Атамбаевге ушунчалык жүзүкаралыктан кийин кошулбайт, алтургай анын партиялаштары Руслан Казакбаев, Мирлан Жээнчороев, Алтынай Өмүрбекова, Кенжебек Бокоев жана башкалар да Атамбаевге кошулушпайт. Алар өз тандоолорун жасашты деп ойлойм. Бабановдун насаатчы агаларынын бири генерал Өмүрбек Суваналиев да бузуку Атамбаевди элдин душманы деп атап, Сооронбай Жээнбековду колдоп, өз тандоосун жасады. Ал азыр КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп, Жээнбековдун командасында иштөөдө. Анын үстүнө Алмаз Атамбаев “Таластыктар эл эмес!” деп бүтүндөй бир өрөөндүн элин кемсинтип жатса кайсы намысы бар Таластык Атамбаевге кошулмак эле? Ошондуктан Бабановдун келиши бул жагынан да Атамбаевге түйшүк жаратат. Анткени Атамбаев Бабановдун тарапкерлерин өзүнө тартууга кызыгууда. Ал эми Бабановдун тарапкерлери Атамбаевдин чыныгы жүзүн билишет. Бабанов азыр Кыргызстанга бийлик талашканы келбейт, ал азыр Кыргызстанга өзүнүн актыгын далилдегени келет. Ошондуктан ал азыр аны жок жерден жалаа жаптырган Атамбаев менен “эркекче эсептешкени” келет деп ойлойм. Анын үстүнө 2017-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарын Өмүрбек Бабанов өзү да тааныган, аны талашпай турганын шайлоо бүткөн күнү элге ачык жарыялаган. Эл аралык уюмдар, анын ичинде ОБСЕ да президенттик шайлоонун жыйынтыктарын таанып, Кыргызстанда биринчи жолу конкуренттүү шайлоо болду деп жарыялаган.

Эдил Байсалов, коомдук ишмер:

— Өмүрбек Бабанов шайланган президент Жээнбековго ийгилик каалап, ага тоскоолдук көрсөтпөө убадасын бергенин баарыбыз билебиз. Бабанов ошол сөзүнө турду. Мына, бир жарым жылдан бери андан эч кандай саясий билдирүү же сын айтуу болгон жок. Атамбаевдин тарабынан кандайдыр бир аракеттер болуп атканын көрүп атабыз. Ал Бабановду азыркы президент менен араздаштырууга кызыкдар. Бирок, Бабановдун Жээнбеков менен эч кандай чатагы жок. Ага баардык жамандыкты, жанагы мыйзамсыз кылмыш иштерин козгогон так ошол Атамбаев өзү. Мына азыр сөз таркатып атат, “Бабанов мен менен бирикти” деп. Бирок буга эч кандай негиз жок. Бабановдун жалгыз каалоосу мекенине кайтып келүүгө жана аброюна шек келтирген мыйзамсыз, саясий буюртма иштерди жабуу. Менин билишимче, Бабанов келе жаткан 2020-жылкы шайлоого деле катышпайт. Анткени, ал “Жээнбековдун президенттигинде саясатка катышпайм” деген сөзүнө турам деген ниетинде. Бирок ага каршы кандайдыр бир бут тосуулар же куугунтуктоо токтотулбаса, Бабанов саясатка мөөнөтүнөн мурда кайтып келүүгө же болбосо кандайдыр бир башка кадамдарга барууга аргасыз болуп калат.

Ошондуктан, биздин тилегибиз президент Жээнбеков менен Бабанов, ал гана эле эмес, мисалы Текебаев сыяктуу башка саясий лидерлерибиз баш кошуп, биригип, мекенибизди чогуу өнүктүрүүгө жол алышса дейт элек.

, саясатчы:

— Азыркы бийлик Текебаев жана Садыр Жапаровду абактан чыгарууга, чет жактан Мырзакматов менен Бабановдун мекенге кайтып келишине кызыкдар эмес. Анткени, бул саясый салмагы оор, мамлекеттик ишмерлер бийликтин камчысын эч качан чаппайт, бийликтин заказы менен Атамбаевди жок кылуу үчүн “торпеда” болуп бербейт. Тескерисинче Ак үйгө карата курч талаптарын коёт. Ошондуктан, эгерде укуктук талаада бул саясатчылар адилеттүүлүктү издеп, көптөн бери күтүп таап албагандан кийин, көчөгө өз тарапташтарын чыгарып жатканы табигый көрүнүш.

Элнура Кулуева, журналист:

– Саясатта саясий эреже болуш керек. Саясий эрежелер, мыйзам сакталган күрөш болсо эч ким эч кимге түйшүк жаратпайт. Кек сактоо, өч алуу, тукуруу, колдонуу өңдүү ыплас күрөштөр болсо, анда өздөрүнө да эмес, элге да түйшүк жаратат. Анын кедергиси тынч жашоого да тийет. Саясий иронияда саясий оппоненттер бири-бирин сыйлоо жок. Кандай кармаш болбосун эрендер мамлекетти дестабилдүүлүк зонасына алып барбагандай чечим кабыл алыш керек. Бабанов, Атамбаев, бийлик да элге түйшүк жаратпагандай болуш керек.

, жарандык активист:

– Жээнбековго түйшүк жаратышы мүмкүн. Анткени, шайлоо алдында дебатта коррупцияны сенден баштайм, сага бир нече суроо бар деп С. Жээнбеков айтып алган. Бирок, Бабановдун өлкөгө келиши саясий соодага айланбашы керек. Кыргызстанда мыйзамдын үстөмдүгү биринчи орунда туруусу керек десек, баарысы ачык болгону жакшы. Бабановдун тарапташтары, депутаттар “Президенттин алдынан өтүп жатабыз” деп айтып жатпайбы. Ушунун өзү туура эмес. Эгер Бабановдун күнөөсү далилденсе жоопкерчиликке тартылып, эч кандай күнөөсү жок болсо толук акталып чыгышы керек. УКМК Бабанов келсе жоопко тартылат деп кескин жооп айтканы да Жээнбеков үчүн бир аз ыңгайсыздыкты жаратты. Бабанов болсо сөзсүз барам деп айтууда. Ушул эки жагдайды алганда, Бабанов менен УКМКнын билдирүүсү кайым айтышууга окшоп калууда. Эгер Бабановдун күнөөсү жок экени далилденип, өзүнүн ак экенин тактаса, өз сөзүндө туруп саясатка аралашпай, бизнеси менен алектенсе, өлкөдө туруктуулукту орнотконго салым кошот. Бул Атамбаевдин кызыкчылыгына туура келбейт. Атамбаевдин кызыкчылыгы Сооронбай Жээнбековдон өч алуу аракетин көрүү

Даярдаган: Т.Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *