Бегалы Наргозуев, экс-депутат: “2020-жылдагы парламенттик шайлоодо Текебаев сыяктуу эски саясатчыларды жаш олигарх-бөлтүрүктөр жөн эле тебелеп кетишет”

-Бегалы мырза, быйыл күзүндө парламенттик шайлоо өтөт. Кандай дейсиз, президент өзүнө лоялдуу, анын демилгелерине бут тоспой колдой турган депутаттык корпуска ээ болуш үчүн өз партиясын түзүп, же азыркы партиялардын бирине назарын салышы мүмкүнбү?

-Президенттик  институт сөзсүз түрдө шайлоого өзүнүн партиясын ачык же көмүскө түрдө алып чыгат. Себеби, 2010-жылдагы Конституциянын жаратылышы өзү ошондой болуп калган. Элге парламенттик система курабыз деп атышып, чындыгында өлкөгө күчтүү президенттик системаны алып келишкен. Эгер Өмүрбек Текебаев  чын эле парламенттик системаны каалаганда бир эле норма менен биздин саясий-коомдук түзүлүштү өзгөртүп коймок. Ал кайсыл норма? Конституцияда “президентти парламент шайлайт” деген норма киргизип койсо эле өлкөнүн өнүгүшү таптакыр башка нукта кетмек. Азыр Текебаев “президент премьер-министирдин ыйгарым укуктарын өзүнө тартып алды” деп айтып жатпайбы. Президент кантип тартып алды? Ал оңой эле, Текебаев жазган Констититуциянын негизинде. Парламенттик система курабыз деген өлкөлөрдө президентти парламент шайлайт. Ошондо парламент президентти көзөмөлдөп турат. Ал эми президентти эл шайлаганда ал эч качан парламенттин көзөмөлүндө болбойт. Кандай президент болсо дагы ал айтат да: ”Мени жалгыз алты миллион калк шайлап атса, силерди жүз жыйырмаңарды биригип, алты миллион шайлап атса, анан кантип мен силерге баш ийишим керек?” деп. Логикалык жактан да анын ошентип айтканга укугу бар. Текебаев өзү президент болуп калганда дагы парламентке баш ийбейт болчу. Эгер Текебаевдин чыны менен эле парламенттик системаны киргизем деген ою болгондо бир эле норманы киргизип, бир ок менен эки коён аткандай кылмак. Ал кезде эмне үчүн андай норманы киргизген эмес? Себеби, Атамбаевдин саясий-интеллектуалдык потенциалы төмөн экенин билип, баары бир биз жеңип чыгып, өзүбүз президент болуп калабыз деген үмүт менен келечекте күчтүү президенттик бийликке ээ болуш үчүн ошол норманы киргизбей коюшкан. Ошон үчүн чала жан парламент болуп калды. Эсиңерде болсо 2007-жылы жүз пайыз партиялык системаны Бакиевдик режим киргизген. 2010-жылы конституцияны кайра жазганда деле Текебаев ошол системаны көчүрүп алып, кайра алып келишти. Ошон үчүн биз алиге чейин парламенттик системаны кура албай жатабыз. Анткени парламенттин азуусу жок, президентти көзөмөлдөй албайт. Президенттин колунда күч органдары: УКМК, Генпрокуратура турат. Коалиция түзүүгө мандат берүү укугу турат. Артында шайлады деген эли турат. Президент парламентке караганда азуулуу болуп жатпайбы. Анан кантип парламент өлкөнү башкара алат?

Бизде алигиче бир маселе чечиле элек. Эгер парламенттик башкарууга өтөбүз десек анда президентти парламент шайлаш керек. Эгер андай кыла албасак, анда элди алдабай бизде президенттик башкаруу деп ачык эле айтыш керек. 2010-жылы жок дегенде президенттик башкаруунун америкалык түрүн киргизе алышпады. Өзүңөр билгендей ал жерде президент премьер-министрдин да милдетин аткарат. Тагыраагы аларда аткаруу бийлиги бир эле колдо, ал эми бизде аткаруу бийлиги эки колдо болуп, реалдуу бийлик эл шайлаган президентке өтүп кетип жатпайбы. Анан кантип Текебаев айткандай өлкөнү премьер-министр башкарсын. Премьер-министрди эл шайлабайт да, аны чала жан парламент шайлайт. Баса, дагы бир мисал, Текебаев бүгүн “президент премьер-министрдин ыйгарым укуктарын өзүнө алып алды, конституциялык талаага кайтып келели” дегенде, айла жок күлкүң келет экен. 2010-жылы ал өзү жазган конституциянын 2020-жылга чейин чейин өзгөртүлбөсүн деген нормасын өзү бузуп, Атамбаевге кошоматтанышып, конституциядагы премьер-министрдин эл аралык саясатты жүргүзүү ыйгарым укугун ушул Текебаев конституцияга каршы мыйзам жазып, тартып бербеди беле? Ошондо Текебаев президентти конституциялык талаадан чыгарбады беле? Эсимде, ошол кезде интервью берип актанышкан: “КМШ өлкөлөрүнүн президенттери чогулганда жалгыз эле Кыргызстандан премьер-министр барса болбойт экен” деп. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен ал кезде жалгыз эле Кыргызстан өзүн парламенттик система деп жарыяласа албетте премьер-министрин жөнөтүш керек эле да. Андай болбосо эмнеге биз “парламенттик система орноттук!” деп дүйнөгө жар салабыз? Мына, 2018-жылы парламенттик системага өткөн Армениянын премьер-министри Никол Пашинян дүйнө өлкөлөрүнүн бардык президенттери менен эле тең ата болуп сүйлөшүп, маселе чечип, келишимдерге кол коюп, өлкөсүндө саясый-экономикалык реформаларды ишке ашырып жатпайбы. Кыскасы, “балык башынан сасыйт” дегендей  Убактылуу өкмөт “башынан эле ээрге кыйшык олтурушкан”. Ошондуктан акыркы 10 жылда Кыргызстан мурда болуп көрбөгөндөй талкаланды.

Ошол эле норманын (президентти эл шайлайт) негизинде президент аябай күчтүү бийликке ээ. Анткени эл бийликтин булагы, президентке бийликти эл берип жатат. Мындай күчтүү бийликке ээ болгон кайсы гана президент болбосун өзүнүн партиясын парламенттик бийликке алып келет. Эмне үчүн? Биринчиден, азыркы президенттин дагы төрт жылга жакын мөөнөтү бар. Бул мөөнөттө мага жардам бере турган, таянар тоом боло турган саясий партиялар, институттар болушу керек деп ойлойт. Экинчиден, президенттиктен кеткенден кийин дагы кандай гана адам болбосун өзүнүн коопсуздугунун кепилдигин камын көрөт да.

Андан сырткары, президенттик партия менен кошо жүргөн жандооч партиялар болот. Андай партиялар тууралуу да үзүл-кесил маалыматар чыгып жатпайбы. Эмне үчүн Канат Исаев соттон акталып чыкты? Демек, ”Кыргызстан” бийлик партиясына жанаша кете турган жандооч партиялардын бири. Бийликти колдогон, же ага тарапкер партиялар шайлоого барышат жана жакшы добуштарды алышат. Эмне үчүн? Себеби, кыргыздын жаш олигарх саясатчылары шайлоо технологияларын жакшы өздөштүрүп калышты.

Технология дегенде “шайлоонун шайтан оюндарын” айтып жатасыз да?

-2010-жылы Конституцияны жана шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарды иштеп чыгышканда бир “минаны” көмүп коюшкан. Жакында эле журналист,тарыхчы Кыяс Молдокасымов  “мен “Азаттыкта” иштеп жүргөндө Текебаевден  “Ата-Мекен” партиясын бутка тургузуп, көтөрүүнүн эмне зарылдыгы бар? деп сураганыбызда ал “балдар, силер билбейсиңер. Партия деген – бул чоң бизнес. Мен муну чоң бизнеске айлантам” деген деп ачык айтып салды. Текебаев бул жагынан кыйын экен, ошол оюн чын эле ишке ашырды. Партиясын бизнеске айлантты. Эки жолку парламенттик шайлоодо: 2010-жылы жана 2015-жылы Атамбаев менен Текебаев чоң бизнес жасашты. Булар саясат менен бизнести айкалыштыра алышты. Партияларын парламенттик партияга жеткирип,  өлкөдөгү көмүскө же ачык ири байларга айланышты. Эки шайлоодо тең КСДП менен “Ата-Мекендин” тизмесине кирүү үчүн акчалуу олигархтар кезекке турушту. Текебаев менен Атамбаев дайыма эле ушундай боло берет деп ойлошту. Шайлоо участокторунда добуш сатуу да ачык жүрүп калды. Акчалуу гана партиялар парламентке өтүп калышты. Ошол эле учурда бир нерсени баамдашкан жок. Азыр алдыда келе жаткан парламенттик шайлоодо өздөрү казган орго өздөрү түшүп калуулары ыктымал. Себеби, бул акыркы эки парламенттик шайлоодо (2010-2015) Текебаев менен Атамбаевдин жасаганын көрүшкөн жаш олигархтар “саясатты ушинтип эле жасаса болот турбайбы, саясат деле бизнеске окшош турбайбы, баарын акча чечет турбайбы” деген жыйынтыкка келишип, азыр акчасы бардын баары партия ачып алышты. Алды парламентке кирип келишти, арты шаардык жана айылдык парламенттерде олтурушуп, 2020-жылдагы парламенттик шайлоого жулунуп келатышат.

Кийинки келе жаткан муун саясатчылар эмес, бизнесмендер. Мисалы, ошол эле “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан”, ”Замандаш”  партияларынын башында бизнесмендер турат. Алар бизнеске аябай шыктуу жигиттер да, “аа, парламентке ушинтип эле өтүп кетсе болот турбайбы” деп тигилердин ыкмасын жаңы технология катары өздөштүрүштү. Ошон үчүн 2015-жылы Атамбаев, Текебаевдин партиясынан башка бүт бизнесмендер, олигархтар өтүп келишти. Эми жалаң акчалуулар, каржы ресурстарына ээ болгон партиялар өтө турган болуп калды. Көрөсүңөр, жалаң жаш олигархтар келет шагырап. КСДП менен “Ата-Мекен өтпөй калышы мүмкүн. Себеби, алардын каржылык мүмкүнчүлүгү тигилердин деңгээлине жетпейт. Алар өздөрү түзгөн технологиянын курмандыгы болушат. Эски саясатчылар оюндан чыгып, эмки парламент жалаң олигархтардын парламенти болот. Булар саясый күрөштөрдө, саясый атаандаштыктарда  жеңишип, парламентке келатышкан жок. Бизнестик күрөштө чоң акча таап, экономикалык күрөштө өздөрүн көрсөтүшүп, көз карашы ушул багытта калыптанган кишилер өлкөнүн саясий бийлигине келе жатышат. Андай ири олигарх курулуш бизнесмендердин бири парламентке депутат болуп келип, андан соң баш калаанын мэрдигине шайланды. Мындан кийинки саясаттан ушундай эле жыйынтыктарды күтсөк болот. Дайыма эле ушинтип парламенттик шайлоолордон акчаны самандай сапырып таап жыргай беребиз деп калышкан Текебаев менен Атамбаев сыяктууларды бул жаш бөлтүрүктөр эми жөн эле тебелеп кетишет.

-“Бир бол”, ”Өнүгүү-Прогресс”, ”Бүтүн Кыргызстан” сыяктуу партиялардын тагдыры кандай болот деп ойлойсуз?

-“Өнүгүү-Прогресс” менин оюмча, бул шайлоодо өтө албайт. Мендеги маалымат боюнча, алар бийлик менен тил табышууга аракет жасашууда. Бирок, өз алдынча шайлоого барса шансы жок. ”Бир бол” да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. ”Бүтүн Кыргызстан” болсо… Ал 2010-жылкы шайлоодо жеңген, бирок, өтүү босогосун көбөйтүп туруп, чыгарып салышкан. Экинчи жолку шайлоодо админстративдик ресурстун негизинде эле  өткөрбөй коюшту. Алар азыр  деле радикалдуу жол менен кетет, бийлик менен келишип, сүйлөшүү жолу менен өтүүгө аракет кылбайт. Бирок, админстративдик ресурс менен таймаша алабы – бул өзүнчө чоң маселе. Лидери Кыргызстандагы бардык саясий күчтөрдүн башын бириктиргенге аракет кылат болушу керек. Эгер бириктире алса, оппозициялык партия катары “Бүтүн Кыргызстандын” деле анча-мынча шансы бар. ”Ак-Шумкар” эч качан саясий күчтөрдүн башын бириктире албайт. Анткени, электораты жок. ”Ар-намыс” электоратын жоготуп алган. ”Ата-Мекендин” бүгүнкү абалы түшүнүктүү. Ошолордун ичинен жалгыз гана “Бүтүн Кыргызстандын” электораты  бар. Эгер алар өздөрүнүн  тегерегине бардык саясий күчтөрдү аз-аздан жыйнап алса,  оппозициялык партия катары парламентке өтүп келүүгө шансы бар. Бирок, биздеги оппозициялык күчтөр оңойлук менен бир муштум болуп биригише албайт. Бир да шайлоодо андай боло элек. 2010-жылы “Ата-Журт” гана бир аз окшоштура алды, бирок бардык күчтөрдү бириктиргенге алы жеткен эмес. Алтургай кийин элдин аларга болгон ишенимин талкалады.

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *