Бегалы Наргозуев, экс-депутат: “Ата-Мекен” менен “Республиканын” Бакиевдик 5%ды эңсеп калганы күлкүлүү

Шайлоодогу партиялык босогосу боюнча айтсаңыз, ЖК 7% сунушталган долбоорду кабыл алды. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай? 5% болгону дурус беле же мурдагыдай эле 9% бойдон калганыбы? Деги эле босого ЖКнын сапатына кандай таасир этет?

-Атамбаев менен Текебаев жана башка төңкөрүшчүлөр кыргыздын бок-жинин аралаштырып жиберди. 2010-жылдагы куралдуу мамлекеттик төңкөрүштөн кийин “биз системаны өзгөртөбүз, президенттик системаны жоюп, парламенттик системаны алып келебиз” деген Убактылуу өкмөт баарын токтотуп коюп, Текебаев баш болуп жаңы Конституцияны жазып киришти. Ал конституция жазылып бүткөнчө Кыргызстанда баары, анын ичинде шайлоолор токтоп турду. Конституция жазылып бүтүп, июнда референдум өтүп, эптеп “конституция кабыл алынды” кылып, күчкө салып өткөрүштү. Анан ноябрда парламенттик шайлоо болду. Анда КСДП менен Ата-Мекен” артта калды.

Бирок Атамбаев, Текебаев баары: “биз системаны өзгөрттүк, биз парламенттик системаны алып келдик, шайлоонун мындай таза түрү буга чейин болгон эмес” деп кыйкырып жүрүштү.

Чынында 2010-жылдагы парламенттик шайлоо Курманбек Бакиев учурунда киргизилген партиялык-пропорционалдык эле система менен партиялар үчүн 5%дык босого менен өткөн болчу. КСДП менен “Ата-Мекен” партиялары ошол 5%дык босогону да өздөрү бийликте туруп, административдик ресурстун жардамы менен, араң өтүштү. Өздөрү бийликте туруп, 5%ды араң өткөн “Ата-Мекен” бийликте жок 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо чын эле өтпөй калганы дагы бир жолу далилденди.

Ошого карабай Текебаев менен Атамбаев биригип алышып, Кыргызстанды башкарышып Текебаев өзү “Марал” радиосуна айткандай: “Миңдеген жылдардан бери келе жаткан технологиялар: партияларды бири-бирине чабыштырып, ичинен бөлүп-жарып, саясатчыларды коркутуп, камап, куугунтуктап” келишти. Көңүл буруңуз, “миңдеген жылдардан бери келе жаткан технологиялар” менен деп өздөрү моюнга алып жатышат. Эч кандай саясый атааандаштык, идеологиялык мелдеш менен эмес “ичинен бөлүп-жарып, камап” башкарышты. Ошондо алар айткан башкаруунун жаңы системалары кана? Бийликке жеткенден кийин баягы эле “миңдеген жылдардан бери келе жаткан” Кокондук башкарууга өтүштү.

Анан 2010-жылы 5%ды араң жатып алган КСДП менен “Ата-Мекен” 2015-жылдагы парламенттик шайлоого даярданып, шайлоодогу ушул босогону 7%га көтөрүүгө жанталашып, парламенттин колун бурап жатып, жаңы мыйзам кабыл алдырышты. Атамбаев менен Текебаев административдик ресурстун күчүнө ишенип: “7%дык босогону биз гана өтөбүз, калганы артта калат” деп болжошкон. Бирок шайлоонун натыйжасында “Ата-Мекен” дагы эң артта калды. КСДП президент Атамбаевдин кошуп-жазма аракети менен гана алдыга чыкты.

“Жыгылган күрөшкө тойбойт” дегендей утулган сайын кайра жулунган Атамбаев менен Текебаев эми 2020-жылдагы күрөшкө даярданып жатып, 2015-жылдан тартып эле партиялык босогону 9%га көтөрүүгө аракет кыла башташты. Буларга өз күчүнө ашыкча ишене баштаган Бабановдун “Республика” партиясы кошулду. Ал мыйзам долбоору кырылышып жатып, 2017-жылы 31-майда кабыл алынып, босого 9%га көтөрүлдү. Ал арада Атамбаев менен Текебаевдин арасын “ала мышык аралап” кетти. Баса ал жылдары “Республика” партиясы босогону 10%га көтөрүүнү талап кылып турду. Айрыкча “Республиканын” депутаты Мирлан Жээнчороев бул “босогону көтөрүү партияларды ирилештирип, парламенттик системаны өнүктүрөт” деп айкырып жүрдү.

Бүгүн болсо республикачыл Мирлан Жээнчороев 5%га кайтууну талап кылып, парламентте ыйлактаса жанына адам чыдап тура албайт. Текебаев болсо үйүндө жатып алып 5%дык босогого кайтып келиш керек деп тынбай интервьюларды жаадырып жатат. Анткени 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо буларды 9% же 7%дык босогодон кулагынан сүйрөп чыга турган “ишенген кожосу” – Атамбаев атасы, анын административдик ресурсу жок калды. “Жыгылган күрөшкө тойбойт” дегендей эми булар өз колдору менен добуш берип көтөргөн 9%дык босогону бир кезде өздөрү “Бакиевдик босого” деп чанып жүрүшкөн 5%дык ченге түшүрүүгө жанталашып жатышат. Анткени булар “ишенген кожосу” жок шайлоодон жеңилип каларын “доңуздай далысы менен сезип” турушат.

Баса, 2010-жылдагы шайлоодон кийин “биз системаны алмаштырдык, парламенттик системаны алып келдик, болуп көрбөгөндөй таза шайлоо өткөрдүк” деп мактанып жүрүшкөн Атамбаев, Текебаев жана Бекназаров акыркы жылдары элдин баары Кыргызстандагы парламенттик системаны олигархиялык-коррупциялык система деп тилдей баштаганда “Бул партиялык системаны биз эмес, 2007-жылы Бакиев киргизген” деп актана башташты. Бакиевдин 90 орундуу парламентин 120 орундуу кылып мандат сатканга ылайыкташтырып оңдогон же 5%дык босогону 7%га, андан кийин 9%га оңдогон партия лидерлери башка нормаларын оңдоого 10 жылда да үлгүрбөй калышыптыр.

Кептин баары 5% же 9% босогодо же Бакиев киргизген партиялык системада эмес, Европанын, Американын, дегеле 90% өнүккөн өлкөлөрдө партиялык-пропорционалдык система иштеп,  гүлдөп өсүп жатышат. Партиялык-пропорционалдык системаны саясатка Бакиев эмес, эң биринчи 1899-жылы Бельгия мамлекети киргизген. Андан бери далай мамлекеттер бул системага өтүп, ийгиликтүү иштетип кетишти. Кеп булардын “колунан кокон тыйын келбеген” уюштуруучулук сапаттарында. Кыргыздын тарыхында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө, анын ичинде Атамбаев менен Текебаевге берилгендей шанс эч кимге берилген эмес. Булар өздөрү каалагандай Конституция, өздөрү каалагандай мыйзам жазып, 7 жылдай мамлекетти каалагандай калчап башкарып, премьер-министрлерди, өкмөттөрдү, генпрокурорлорду өздөрүнүн кишилеринен дайындап, Текебаев айткандай “миңдеген жылдардан бери келе жаткан технологияларды” пайдаланып аракет кылышты. Бирок “колдорунан кокон тыйын келбеди”. Бирок муну моюнга алууга эрктери жетпей жатат. Кайра эле жулунуп жатышат.

Парламенттик системанын тагдыры мыйзамдардын жазылышында, өзгөртүлүшүндө эмес, анын аткарылышында. Аткаруу жагына келгенде бул “күрөшкө тойбогондор” “колунан кокон тыйын келбеген”, айкыргандан башканы билбеген башкаруучулар болуп чыгышты. Кыскасын айтканда 7 жыл ичинде булар мамлекетти “просрали”.

Андан көрө азыр Алтынбек Сулайманов киргизип жаткан партиялык “ачык тизмени”, шайлоочу бир партияга жана тизменин ичинен бир талапкерге добуш бере ала турган норманы тезинен киргизиш керек. Ошондо азыркыдай партия лидерлерине акча төлөп тизмеге кирген “чимкириктер” эмес, чыныгы лидерлер тандалып чыкмак.

Анан партиялык босогону Атамбаевчилдер, Текебаевчилердин “жыгылган күрөшкө тойбойт” принциби менен 5%дан 7%ге, андан 9%га көтөрүп, кайра 5%ке кайтабыз деп шайлоо сайын эле бирөөлөрдүн кызыкчылыгында өзгөртө бербеш керек. Парламент кандай чечсе чечип, ошол менен туруктуу болуп калышы зарыл.

-Коронавирус экономикага аябай эле терс таасир этти. Туризмге өзгөчө. Ушул туризм тармагын жакшы билген киши катары айтсаңыз, бул абалдан кантип чыгыш керек?

Бул боюнча кечээ депутат Каныбек Иманалиев жакшы айтты: дүйнөлүк туристтик агенттиктер Кыргызстанда туризмди – Арстанбап жаңгак токоюнда туризмди өнүктүрүү менен гана дүйнөлүк туристтик рынокко чыга алат деп аныкташыптыр. Анткени Арстанбаптай реликтовый жапайы жаңгак токою бир гана Кыргызстанда бар, башка дүйнөнүн эч жеринде жок.  Ал эми Ысык-Көл сулуу болгону менен мындай сууга түшүүчү сулуу көлдөр дээрлик дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө бар. Иманалиевдин ушул пикирине кошулам.

Ушундай дүйнөнүн башка жерлеринде жок, кайталангыс туристтик объекттерди тезинен өнүктүрүүгө аракет кылууга багыт алышыбыз зарыл.

Маектешкен Мамат Сабыров.

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *