Бегиш Ааматов: “Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз хан кыргыз болгон”

Уландысы. Башталышы ишемби, 12-октябрь күнү жарыяланган.

ТӨРТ УЛУС ТАРЫХЫ 

Жогорудагы «Ай батып, күнгө ордун берээрге жакын калганда ал кудум эле куйругун шыйпаңдаткан сары ит сыяктуу шашыла чыгып кетчү; кетип баратканда артынан жаркыраган нур сызылып ээрчип кетээр эле», ­ деп Алан гоанын балдарына айтып берген окуясы Мырза Улукбектин «Төрт улус тарыхында» мындайча бир аз өзгөргөн (41 ­бет):

«Аланкува караса, ал нурлуу мусавар (сымбаттуу) жигит ыраңсыз бир бөдөнө сүрөтүнө (кейпине) кирип, тышкары учуп кетти…» 

Улукбек улуу эмир Тамерландын (Аксак Темирдин) небереси, чоң атасынан калган тактын ээси, падыша болгон. Амир Темирдин да түбү Алан гоадан чыгат, ал да кыргыз, түбү баргы. Айта кетсек, Аксак Темир Түмөн хандын Качуулунан («кач, уул!»), ал эми Чынгыз хан Түмөн хандын Кувул (Кабыл) хан («Куу, уул!») уулунан тарашат. Качуул менен Кувул эгиз болушкан, Качуул – бул чоңу.

Кантсе да, падыша Улукбек өзүнүн китебине түпкү тегин «куйругун шыйпаңдатып» эшикке чыгып кеткен «итке» байланыштыра берүүнү туура көрбөгөндөй, намыстангандай туюлат. Андан көрө кушту туура көргөндөй (Чыңгыз хандын туусунда бүркүттүн сүрөтү бар). Анын үстүнө бөдөнө куш тибине кирген сүйкүмдүү канаттуу эмеспи. Ошондуктан, «эшикке ит эмес, бөдөнө – куш учуп чыгып кеткендей» кылып жазган.

Негизи, канаттуулардан бүркүт, куш тотем катары Огуз (Моде) элинин диний ишенимдерине кирери Рашид ад-Диндин «Летопистер жыйнагынын» 1-томунун 88-89-90-беттеринде жазылып турат. Чыңгыз хандын туусунда учуп бара жаткан бүркүттүн сүрөтү болгон («Ыйык баян», 70 -бет).

КЫРГЫЗДАР ЧОҢ КЫЗМАТТЫ ЭЭЛЕГЕН 

Кыргыздар чыңгызиддер менен империяны үзөңгүлөш, жардамдаша башкарышкан. Сөз кургак болбос үчүн бир мисал келтирели. Чыңгыз хан өлөөрүндө өзү түзгөн империяны төрт уулуна энчилеп берген. Алар: Алтын Ордо, Ильханият (Эл хандыгы – бул Иран), Могулстан жана Улуу Журт деп аталган ири өлкөлөр. Акыркысы Хубулайдын убагында Пекин борбору катары Хубулай мамлекети аталып, кийин аты Юань болуп өзгөргөн. Булардын ичинен ушул акыркы Юань мамлекетинен башкаларынын баарында расмий дини Ислам болгон.

Маселен, Рашид ад-Дин Ильханият (Иран) ханынын Баш вазири (азыркыча Премьер-министр) болуп иштеген, көптөгөн тилдерди билген аалым болгон. Анын китебинин «Баргут, Кори жана Тулас уруулары; Тумат уруусу да алардан тараган» деген темасында мындай маалымат бар:

«Бул мамлекетте (Иранда) Аргун-Хандын атабеги (аталыгы) Баргут (Баргы) уруусунан Журжаган болгон; анын аялы Булаган, уулдары Таутай жана Буралгы-Көкүлдөш болушкан. Улуу баласы Буралгы – Саталмыш ислам мамлекетинин башчысынын убагында урматтуу, улуу эмир болгон». 

Бул жерде ашыкча сөздүн кереги жок. Дүйнөнү кыргыз эли (баргылар) чынгызиддер менен кошо жардамдашып, башкарышканы көрүнүп турат.

Көрсө, Чыңгыз хандын кыргыздарга (баргыларга) болгон мындай урматтоосу жөн эле жерден эмес экен. Буга далил катары Россиянын көрүнүктүү тарыхчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Булат Зориктуевдин «Кытайдагы эски баргылардын тарыхындагы табышмактар» деген маанилүү эмгегинен үзүндү бере кетели:

«Ыйык Баян» жана «Летопистер жыйнагы» боюнча Чыңгыз хандын баргуджин-токум урууларын (хори, тумат, тулас (төөлөс) ж.б.) кыйгап, өз элчилерин баргуттарга (баргыларга) гана жиберип, бийлигин таанууга алардын макулдугу гана жетиштүү болгондугу, менимче, бул коомчулук Байкалдын жанында ээлик кылып турган ири, жергиликтүү калк эсептешкен, таанымал коом болгонун айтып турат. Эгерде баргуттардын башында жетиштүү бийлиги, ыйгарым укуктары бар башчы болгонун (ал жогорудагы тексттен көрүнүп турат) эске алсак, анда типологиялык пландан алганда баргу (баргы) уруусу башкаруучу уруу болгонун айта алабыз. 

Ошенткен менен кытайлык изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде эски да, жаңы да баргуттардын этникалык тарыхынын башаты байегу (көөнө түрк эстеликтеринде – байырку) уруусунан башталат. Байегу Хулун көлүнүн батыш тарабын байырлаган түрк тилдүү уруулар бирикмеси телеге кирген деп айтылат. 

Башкача айтканда, кытайлык авторлор Хулун-Буирге келгичекти эки баргут тобу бир эле уруу болгон деп эсептешет. Алардын пикиринде, Тан династиясынын доорунда (618-907) байегулар (баргылар) Байкалдын чыгыш жээгиндеги Баргужин-Токумга көчүп өтүшкөн жана Баргут деп аталып калышкан. Эски баргуттардын адепки аталышы, эгерде чынында байегу сөзүнүн баргут болуп трансформацияланганын эске алганда, байегу – баргу деп аталган. 

Макалада бир нече жолу айтылгандай, эски баргуттар – баргу – барга деп аталышкан. Ошондуктан жаңы баргуттар, б.а. хорилер да адегенде байегу (баргу) болуп аталышкан деген пикир туурадай». 

Булак: «Кытайдагы эски баргыттардын тарыхындагы табышмактар». Tuva.Asia 

Демек, Б. Зориктуев баргуттардын монгол эмес, түрк тилинде (кыргыз тилинде) сүйлөгөн уруу экенин (Байегу – Байырку – Баргу – Баргы деп) так далилдегени көрүнүп турат. Эми ушу жерден «Баргу-Баргы-Барга» этнониминин келип чыгышы боюнча башка окумуштуулардын да жыйынтык ойлорун бере кетели:

«Бир нече изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча «баргу» этноними түрк тилинен келип чыккан. Мисалы, Ц.Б. Цыдендамбаев «баргут» этноними түрктөрдүн «байыркы» деген сөзүнөн келип чыгышы мүмкүн экенин болжолдойт. Анын пикирине А.Г. Малявкин да кошулат». 

Булак: Баргут/буркут кланы чыңгызиддер- дин саясый тарыхында… engel.mybb.ru 

«10-12–кылымдарда Байкалдын батыш жагында курыкандардын маданияты өнүккөн, көлдүн чыгыш тарабындагы Баргузин өрөөнүндө курыкандарга көп жагынан окшош, баргы элинин ата-бабасы болуп эсептелген байегу уруусунун маданияты өнүккөн». 

Булак: Баргуттар – булар кимдер? ok.ru 

Бул жерде ашыкча деле сөздүн кереги жок. Баргуттардын түрк тилиндеги баргы уруусу экендигин азыркы орус окумуштуусу, тарых илимдеринин кандидаты Василий Ушницкий жана башкалар дагы айтып келүүдө.

Ал эми «Санжыра» борборунун директору, тарых иликтөөчү Асыкбек Оморов 2017- жылы Кытайдын Ички Монголиясына барып, баргуттардын өздөрүнө жолугуп келген. Асыкбек Оморовдун айтымында, баргуттар өздөрүн моңгол дебей, кыргыз деп эсептешет экен, болгондо да кыргыздын баргы уруусунан болобуз дешкен. 

БОРЖИГИН МУНХАГДЫН ӨЗГӨЧӨ ОКУЯЛАРЫ 

«Ыйык баян» боюнча Добун мерген менен Алан гоанын эки уулунан: Белгунудейден – Белгунуд уруусу, Бугунудейден – Бугунуд (Бугу) уруусу тарайт. Азыркы учурда бугу кыр гыздын уруусу эмес деп эч ким айта албайт.

Ал эми «нурдан жаралган» үч эмдин чоңу Бугу хатагиден – Катаган уруусу, ортончусу Бугуту салжиден – Салжуд уруусу (азыр башкырлардын ичинде бар), эң кичүүсү – Бодончар мунхагдан – Кыят Борджигин Муңгуч (Муңуул-Моңол) уруусу тарайт. Мында, Мунхаг: Чыңгыз ханга чейин Мунгуч, ал эми Чыңгыз хандан кийин Моңол аталган. Кыят – кыргызча «кыян­ сел» дегенди түшүндүрөт. Демек, Катаган, Салжут, Муңгуч уруулары «Сказание» боюнча кыргыздын бир тууган уруулары болуп чыгууда. Албетте, булардын түбү Улуу Баргы болот. Тарыхый булак боюнча Алан гоадан туулган беш бир туугандардын түпкү теги – Баргы болуп жатат. Анткени, тарыхый булакта көрсөтүлгөндөй, Улуу Баргыдан – Хорилер, андан Кыят, андан Бодончар Мунгуч (моңол) чыгууда. Т.а., ушул Мунгучтан – Мунгуш («Мунхаг») уруусу пайда болгон («Баян», 15­ бет). Демек, Мунгуч да Баргы болот. Ал эле эмес, Бодончардан тараган башка да кыргыз уруулары бар.

Мисалы, «Ыйык баян» китебинин (Москва, «Эксмо» басмасы, 2013, А.Мелехин которгон) 17-18-19-беттерин карасак, Бодончар Мунхактан (Муңуулдан Муңгучтан) азыркы кыргыз элинде бар Барлас, Маңгыт, Баарын уруулары тараганы так жазылып турат. Демек, анда кыргыздын ири уруусу Улуу Баргыдан: Бугу, Катаган, Муңгуч, Моңол, Барлас, Маңгыт, Баарын ж.б. тараган болуп жатат.

Чыңгызиддер бүт жогоруда айтылган Бодончар мунхагдан (мунгучтан) тарап жатышат. Ушул үч бир туугандардын ортончусунан чык кан – Салжуттар Чыңгыз хандын убагында ага каршы чыгып, кырылып калышкан же аз калышкан.

Ал эми үч эмдин улуусунан тараган – Катаган уруусунун кыргыз экенин аалым Хусеин Карасаев өзүнүн «Камус Наама» деген эмгегинде «Манас» эпосунан мисал келтирүү менен мындай деп далилдеп жазган (401 бет):

«Катаган кыргыздардын чоң уруусунун аты. Афганистандын түндүк бөлүгүндө жашаган. 19-кылымдын 30-40-жылдары Катаган уруусунан чыккан Муратбек деген Кундузда туруп, бүткүл мамлекетти башкарган. Анын карамагына Аму дарыянын эки жагы тең кирген. Азыр да Афганистандын кээ бир аймагы Катаган деп аталат имиш. Бул маалымат В.В. Бартольддун эмгегинде айтылат. Катаган уруусу өзбектерде да, казактарда да бар.

Күн батыш жак четинде,

Катаган деген бирөө бар,

Дагы турар асылып.

Кундуз, Талкан жери бар,

Бет алып кирсе соо койбос,

Беш уруу кыргыз эли бар. («Манас» эпосу)». 

Эми Катаган, Бугу уруулары кыргыз болсо, анын ата ­энелеш бир тууганы Бодончар Мунгуч жана андан тараган уруулар моңгол болуп калабы? Албетте, Бугу, Катаган, Мунгуч, Моңол, Баарын, Маңгыттар, Барлас-Чериктер кыргыз болот. Болгондо да түбү Баргыдан тараган кыргыздар болушат. Бул тизмеге саяк – катагандар да кошулат.

Ушул жерден Улуу Британиянын китепканасынын санариптик архивинде сакталып калган төмөнкү кундуу маалыматты бере кетели:

«Катагандар, өзбек ­катагандар, Афганистан, Литография, 1848-­жыл» (Британиялык китепканын санариптик архивдеринен):

Катагандар – Чыңгыз хандын уруусу менен жакын туугандаш, кийинчерээк казактардын, кыргыздардын, каракалпактардын, өзбектердин курамына сиңип кеткен орто кылымдагы уруу». 

Булак: АКАДЕМИК интернет-сайтындагы маалымат. 

ЭМИ «МОҢГОЛ» – МУҢГУЧ ЭКЕНИН БИРОТОЛО ЧЕЧМЕЛЕЙЛИ… 

Негизи, «Ыйык баянда» Чыңгыз хандын 10­атасы болгон адам: Бодончар – Мунхаг деп айтылууда. «Монгол» деген сөз да Мунхагдан келип чыккан. Мындагы «мунхаг» деген сөз кыргыздын «муң как, муң гак» деген эле сөзү. Ошондо, «Муңгак – Муңгуч» деген эле сөз экени көрүнүп турат. «Баяндын» орусча котормосунда «мунхаг – маңыроо» деп которулган. Кичинесинде жоош, унчукпаган бала болсо керек.

Негизи, Могол, Моңгол, Муңгуш (Моңол, Муңгуч) сөздөрүнүн баары эле бир маанини түшүндүрөт. Мында «Мон» менен «Мун» бир эле маани – «муң» дегенди билдирет.

Ошол «Мун» кыргызча «муң – кайгы» дегенди билдирет. Калгандары: «Мон-Мун» негизги сөзүнө «хаг», «гол», «гуч», «гуш» деп уланган мүчөлөр. Алтай жакта «уулду» азыр деле «оол» деп айтышат. Мисалы, Мунгуш уруусун Монгуш деп аташат. Мындан «Муңуул» «Моңоол» болуп калган да, андан «моңол, моңгол» чыккан. Орустарда «ң» тамгасы жок болгондуктан, баары келип «Монгол» деген атка биригип калганы көрүнүп турат. Бул каяк тан чыккан десек, ага да тарыхый булактарда далил бар экен.

Тактап айтканда, Алан гоанын үч эм эгиздеринин кичүүсү Бодончар Мунгучтун бала кезиндеги окуясы Мырза Улукбектин «Төрт улус тарыхында» төмөнкүдөй айтылат (42­ бет):

«Ошол Бодончар Мунхаг төрөлгөндө мойнунун бир омурткасы кем болуп, кыймылдаса эле катуу ооруп, боздоп-ыйлап жүрүп чоңоёт». Ошондуктан ага кичинесинен эле «мунхаг» – «муңуул» деген кошумча ат жабышкан. «Мунхаг – муңгак, муңдуу – мунгуч, муңуул – муңгуш» экенин жогоруда түшүндүрүп бердик. Демек, Бодончар мунхаг – Бодончар муңгуч болууда.

Ошол Бодончар муңгуш өтө эстүү, баатыр жигит болуп чоңоёт да, 15 жашында энеси Алан гоадан калган элге хан болот. Бодончар Мунгучтун 15 жашында хан болушу (985-жылы) Мырза Улукбектин «Төрт улус тарыхы» китебинде баяндалган (67-бет).

Орус элинин улуу окумуштуусу Лев Николаевич Гумилев: «Моңголдордун доору тарыхый аренага дал ушул Бодончардын келиши менен башталган», ­ деп жазган. Буга монголдордун (муңуулдардын) тарыхка түшө башташы да дал келет. Ушул Мунхагдын аты менен Чыңгыз хан өз мамлекетинин атын 1206-жылы «Монгол» деп атаган.

Эми Мунхаг­Мунгучтан кантип «Монгол» деген ат келип чыкканын дагы тереңдетип түшүндүрөлү. Анда окумуштуу Е. И. Кычановдун «Ааламды багынткысы келген Темучиндин жашоосу» китебинин 8 ­бетин карайлы: “11-кылымда алар өзүлөрүнүн Хамаг монгол улус мамлекетин түзгөн, монголдор аны Мунгу деп аташкан». Айрым жерлерде «Мэнгу» деп да жазылып жүрөт. Бул өтө маанилүү маалымат. Себеби, «Хамаг» өзбекче «хамма» – бардыгы, кыргызча – «баарысы же бүткүл» дегенди билдирет. Ошондо, жогорудагы текст кыскача «Бүткүл моңгол улусу» деп мамлекеттин аты кыргызча эле окулууда.

«Ыйык баяндагы» окумуштуулардын комментарийлеринде (208 ­бет): «Моңголдор 12-кылымда «Мангуцы» деп аталышкан», ­ деп турат.

Монголдор Кытай булактарына («Цзю Тан шу») алгач, 10 ­кылымдын аяк жагында «Мэн­ у ши» же «Мэнгуши» деген аталыш менен түшкөндүгүн окумуштуулар өздөрү жазып жатат. Мындагы «Мэнгу, «Мунгу», «Мангуц», «Мэнгуш» деген сөздөр – кыргыздын «Муңгуш» деген эле сөзү экенин оңой эле байкоого болот.

ГҮЙҮК ХАНДЫН КАТЫ ЖЕ ЧЫҢГЫЗ ХАНДЫН КЫРГЫЗ ЭКЕНДИГИНЕ КОШУМЧА ДАЛИЛДЕР 

Чыңгыз хандын небереси, Өгөдөйдүн уулу Гүйүк хан (1206­ 1248) Рим папасы Иннокентий IVгө саякатчы Плано Карпини аркылуу фарсы тилинде кат жөнөткөн экен. Окумуштуу Тынчтыкбек Чоротегиндин ушул боюнча кыргызча котормосунан үзүндү келтирели:

«Түбөлүктүү Теңирдин күчү менен Улуу Моңгол (түпкү катта бул сөздөр Yeke Mongyol деп жазылган) улусунун Мухит сындуу ханынын жарлыгы». 

Мындагы Yeke сөзү «Улуу» деп туура эле которулган. Ал эми Mongyol түз эле «Моңгол» болуп которулуп кетип, туура болбой калган. Мында түпкү текстеги Mongyol сөзүн өзүндөй «Монгуол» деп жазыш керек эле. Ошондо, Монгуол Алтай түрк тили боюнча Монгу оол (Монгу оол – Моңгу уул – Муңуул) болуп ка­лат. Бул кыргызча Монгу уул (Монгуш уул – Мунгуч) деген эле сөзүбүз.

Көрүнүп тургандай, бул жерде да Чыңгыз хандын небереси Гүйүк хан «Монгол» эмес, «Монгу уул» (Mongyol) деп кат жаздыр­ ган. Мында Монгу сөзү Монгуш сөзүнө дал келүүдө. Кыргыздын муңгуш уруусу Алтайда монгуш деп аталарын элдин баары билет. Демек, экөө бир эле урууну билдирет.

Чыңгыз хандын кыргыз экендигине төмөнкү далилди келтирсек, биротоло жетиштүү болот: “Анын теги түрк болгонун ырастоо иретинде белгилей кетели, Чыңгыз хандын батыштагы башкаруучулар менен монгол эмес, түрк тилинде кат алышканы тастыктап турат. Ошондой эле чыңгызиддердин ташында улуу башкаруучунун түрк тилинде жазган каты сакталып калган. 

Бул маалыматтардан улам окумуштуулар Чыңгыз хандын сүйлөгөнү да, жазганы да түрк тилинде болгондон соң, демек, ал түрк болгон деген бүтүм чыгарышууда. Чыңгыз хандын балдарынын ысымдары да: Тулуй, Жоочу, Чагатай, Өгөдөй делинип, түрк чөсүнөн аталган».
Булак: http:// www.yandex. ru/clck/ jsredir? bu=37b40k 

АБУЛ ГАЗЫ ХАНДЫН «МОҢГОЛ» СӨЗҮНӨ БЕРГЕН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ 

Маселен, А. Мелехиндин котормосундагы «Чыңгызхан. Моңголдордун ыйык баяны. Улуу яса» китебинин 306 ­бетинде чыңгызид Абул Газы бахадыр хан «моңгол» деген сөзгө мындайча так жана таамай түшүндүрмө бе-рип, анын «муңуул» деген маанини билдирээрин төмөнкүдөй чечмелеген:

«Моңгол» сөзүнүн уңгусу «мунгуул» (муң-уул) делинет. Эл муну так айтуудан четтеп, бара-бара «моңгол» деп атап калган. «Муң» сөзүн түрктөрдүн баары билет, ал «муңдуу», «түнт» дегенди билдирет, ошондуктан «моңгол»: «муңдуу, түнт» (муңгуч – муңгак) дегенди билдирет. 

Баардыгы туура, жогоруда – Мырза Улукбектин «Төрт улус тарыхында» айтылгандарга төп келип турат: «Моңгол» – Муңуул! Демек, Моңгол – Муңуул – Мунгуч – Муңгак экени так далилденди. Бул Алан гоанын кенже уулу Бодончар Мунгучтан келип чыккан. Демек, Муңгуш кийин «Монгол» болуп өзгөргөн да, тарых илиминде да ушул бойдон кала берген. Ошондуктан, Бодончардан бери,  өзгөчө Чыңгыз хандан берки «моңгол», могол делгендерди муңгуш (моңол) деп түшүнүшүбүз керек.

Ал эми азыркы Монголдор – булардын түбү Манжур: кара кытайлар – кидандар болуп саналат. Булар таптакыр башка эл, Чыңгыз ханга кайнаса, каны кошулбайт! 

ЧЫҢГЫЗ ХАНДЫН АТА-БАБАЛАРЫ 

Эми Мырза Улукбектин китеби боюнча Алан гоанын «Нур кишиден» төрөлгөн үч уулунан тараган урпактарын карап көрөлү.

Улуу баласы Бурхундан: Кабакай менен Катаган. Ортончу уулу Бусунгурдан: Сабахи, Салжиут. Ал эми кенже уулу Бодончар мунгучтан: Бука хан, андан Дутумун хан, андан Кайды хан, андан Байсункар (Байшумкар) хан, андан Тумен хан, андан Кувул хан, андан Кубилай хан, андан Бартан батор (баатыр) хан, андан Есугей баатыр, андан Чыңгыз хан. 

Мына ошентип, биз Чыңгыз хандын Добун мергенден же анын 11–түпкү «жашыруун биологиялык атасы» Малик Баяудейден тартып, ата­бабаларын санап чыктык. Евгений Кычановдон башка окумуштуулар да Маликти кыргыз деп эсептешкен. Мисалы, орус окумуштуусу Березин «Алан гоанын үч баласы тең кыргыздан туулган деп эсептейт». Анын пикирин дагы бир окумуштуу П.Рачневский да колдогон. 

Мунун салмактуу далилин биз Рашид ад-Диндин эмгегинен да (99-бет) табабыз, анда ал Чыңгыз хандын тушундагы моңолдордун (мунгучтардын) теги түрк тилдүү урууга таандык деп түз эле айткан:

«Байыркы убактарда моңголдор түрк тилдүү урууга таандык эл болгон», ­ деп жазган окумуштуу.

Бул да жетишсиз болсо, анда аталган эмгектин 103-бетин улантып окуйлу:

«Байыркы убактарда монголдор талаа түрк урууларынын тутамындагы уруулардын бири гана болгон». 

Биз көрүп тургандай, мындай ишенимдүү жүйөөнү дүйнөгө аттары чыккан чыгаан окумуштуулар тастыктап жаткандан кийин биз кантип «Чыңгыз хан кыргыз болгон эмес» деп айта алабыз? Биз кантип так маалымат- тар жазылган тарыхый булактарга ишенбей кое алабыз? Анткени, бул булактардын баарында кыргыздар (баргылар) «талаа түрк уруулары» делинип аталып жатпайбы. «Бир уруу» – башкача атканда, Мунгуштар – булар кыргыздар.

Демек, Чыңгыз хандын империясын дүйнөлүк аренага алып чыккан элдин өзөгү болуп кыргыздын ири урууларынын бири Баргынын бир бутагы болгон Туматтардан чыккан Хорилар (кыяндар) эсептелет. Булардан Муңуулдар чыккан. Андан Чынгыз хан чыгып жатат. Тарыхый булактарда дал ушундайча айтылган. Жогоруда биз бул элдер Бодончар мунгахтын (мунгучтун) атынан улам «монгол» деп аталып кеткенин далилдедик. Тагыраак айтканда, Могол, Моңол деген эл кыргыз уруусу Мунгуштан чыккан. 

Бул: Чыңгыз хандын «моңголдору» азыркы монголдор болгон дегенди билдирбейт, алар Мунгучтар кыргыздын эле Моңолдору, Моголдору болушкан дегенди билдирет. Ал эми азыркы монголдор – Кидандар болуп эсептелет. Чыныгы аты – Халка деп аталат.

Учурда «Чыңгыз хандын сөөгү Монгуштардын же Баргужин­ Токумдардын жеринде көмүлгөн» деген маалыматтар жөн эле жерден келип чыккан эмес.

Орустун атактуу окумуштуусу, тарыхчы Иностранцев К.А. өзүнүн дүйнөгө таанымал «Хунндар жана Гунндар» деген эмгегинде дүйнөлүк атагы бар окумуштуулар Шмидт жана Дегиндин пикирине таянуу менен, Чыңгыз хандын моңголдорун «түрктөрдүн ордосу» деп абдан так жана таамай атаган.

АЗЫРКЫ МОНГОЛДОРДУН ТҮБҮ – КИДАН (МАНЖУР): ОЙРОТ, ХАЛКАС, КАЛМАКТАР БОЛГОН 

Негизи, Чыңгыз хан көтөргөн «моңгол» деген аталышты кийин көптөгөн көз каранды элдер алып калганы өзүнчө сөз кылууга арзыган чоң тема. Маселен, азыркы моңголдордун (Монголиянын) кантип пайда болуп калганын окумуштуу Д. Покатиловдун «Мин династиясынын тушундагы чыгыш моңголдорунун тарыхы (1368-1634)» деген эмгегинен байкасак болот («Руниверс» сайты):

«Эсэн (монг. Эсэн тайш, 1407-1454) – ойрат тайшысы, Тогон-тайшынын улуу баласы жана мураскери, өзүн Моңгол империясынын ханымын деп жарыялаган (1453-1454). Ал Чыңгызиддерге кирген эмес, Чорос уруусунун өкүлү болгон. 

Тогондун көзү тирүүсүндө эле Эсэн Могулистанга каршы согуш жүргүзгөн. Бул согушта ал Султан-Увайс хандын үстүнөн көптөгөн жеңиштерге жетишип, алтургай аны эки жолу туткунга да түшүргөн. 1439-жылы атасы Тогон каза болгондон кийин Эсен-тайшы ойроттордун уруу биримдигинин лидери болуп калган.

1440-жылдары Эсэн «токмоктук  кыргыздарга» (батыш Моңголиядагы кыргыздар) кол салып, аларды катуу чапкан. Мунун натыйжасында алардын уруктары жандарын ала качып, өз өлкөсүн таштап, Могулстандагы хандар ээлик кылган жерге, Тянь–Шанга ооп кетишкен.

1453–жылы Эсэн моңголдордун Тайсун-ханын (чыңгызид) жана анын кичүү иниси Агбаржынды өлтүрүп, өзүн Моңгол империясынын “улуу ханы” деп жарыялаган жана Мин империясы менен тынчтык келишимин түзгөн».

Кыргыз элинин «Манас» эпосундагы калмак Эсен хандын чыныгы тарыхка түшүп калган айрым окуясы ушундай. 1455­ жылы ички кагылышуулардан улам Эсендин өзү да өлөт. Жогоруда Чыңгыз хан менен кошо келбей калган кыргыздар азыркы Кыргызстандын түндүгүнө 1440-жылдары келгени так жазылган. «Аркалык кыргыздар» же «аркабыздан келди» дегенди түшүндүрөт. Мурунку кыргыздар 1219-1220-жылдары Чынгызхан менен бирге келген.

Ал эми Моңголиянын түзүлүшүнө манжурлар менен кошумча себеп болгон ойроткалмактардын тарыхын кыргыз окумуштуусу Хусеин Карасаев «Камус Наама» эмгегинде кыскача так мындай берген (593­ бет):

«Ойрот деген ат 13-кылымдан бери  эле белгилүү. Монгол тукумуна кирген уруулардын бириккен аты. 15-кылымдын орто ченинен тартып: Балкаш, Тияншан, Алтай аралыгына мамлекет түздү. 17-кылымдан тартып Жунгария деп аталды. Каракул, Контаажы деген хандары болгон. 1758-жылы бул мамлекет кулады.»

Жунгария кулагандан кийин т.а., Кытай армиясынан калмактардын 1 миллион эли кырылып, 40 миң үй бүлөсүн орустар алып барып, азыркы Калмыкияга жайгаштыргандан калган калдыктары – соңунда Монголия мамлекетин манжурлар (кидандар, кара кытайлар) менен бирге түзүп калды. Ал жерде кыргыздар болгон эмес же өтө аз санда калган. Азыркы монголдор менен кыргыздардын айрымасы чоң экени ушундан чыгат.

Академик Анатолий Оловинцов 2015-жылы Москвадагы «Алгоритм» басылмасынан чыккан «Түрктөрбү же Монголдорбу? Чыңгыз хандын доору» деп аталган көлөмдүү китебинде Чыңгыз хандын моңгол эместигин, ал эми азыркы моңголдор кара кытай, манжур экенин төмөнкүчө анык далилдеген:

«Бул китепте мен көптөгөн эски, кыйыр да, түз да фактыларды келтирдим. Мен чогулткан далилдерди ар кандай көз караштан, төрт тараптан: археологиялык, лингвистикалык, нумизматикалык маалыматтар боюнча жана XVII-кылымдагы моңгол жазмаларынан караса болот. Бирок натыйжасы бир  эле болуп чыгат: Чыңгыз хандын Улуу Монгол империясынын жаралуу башатында түрк уруулары турганы чыгат. Чыңгыз хандын доорунун тарыхы өнүгүүнүн жана изилдөөнүн татаал жана оңой эмес жолун басып өттү. Аны ачыктан ачык эле эмес жолун басып өттү. Аны ачыктан ачык эле атайын «бурмалашкан», андан кийин «тарыхый окуялардын авторлору» атайлап бузушкан жана багынууга дуушар болгон «башкаруучулардын урпактары» атайын идеологиялык жактан ченемсиз бурмалашкан.  Жеңилгендер «калем согушунда» дайыма жеңгендердин үстүнөн «жеңишке жетишип» келишкен.

Кыязы, акыркы жүз жылдыкта гана өткөн окуяларды жаңыча талкуулаган, чындыкка окшош, башкача көз карш жарала баштады.  Бул эмгектин максаты  Чыңгыз хан тарабынан 800 жыл мурда түптөлгөн хан бийлигин мурастоо институтун көкөлөтө мактоо, жактыруу же ага суктануу эмес. Ошол өткөн доолордогу  Чыңгызиддердин мамлекеттик системасы өз убагында прогрессивдүү болуп, жүздөгөн жылдар бою Евразия мейкиндигиндеги  бардык өлкөлөрдө туруктуу иштегенин тарых тастыктап турат.

Мамлекеттүүлүккө жетишкенибиз үчүн биз да ага ыраазы болууга тийишпиз.

Адегенде эле айтып коелу, Чынгыз хандын тегерегинде эч кандай «моңгол тилдүү уруулар» болгон эмес.

Аны: баргуттар, татарлар, кереиттер, мангыттар, жалайырлар, наймандар, уйгурлар, коңураттар  ж. б.  курчап турушкан. Ошондой эле  колдонулуп жүргөн «түрк-моңголдор» жана  «татар-монголдор» деген терминдерди да айырмалап алуу керек.

Акырында кыязы, көптөгөн энциклопедиялык сөздүктөрдөн мисалдарды келтире кетишибиз керек болуп турат, анткени алардын баарында азыркы моңгол тили XIV-XVI -кылымдарда (б.а., Чыңгыз хандан 200-300 жылдан кийин) [15, 750–б.] пайда болгону таптак жазылып турат.

Менин божомолум боюнча – азыркы монгол тили андан да кечирээк – XVI-XVII – кылымдарда жаралган. Ошондуктан азыркы моңголдор түрк тилдерин түшүнбөйт.

Бул жерде азыркы халка-монголдордун келип чыкканы туурасында кененирээк маалымат бере кетиш керек.

Монголиянын тарыхындагы бул мезгил туурасында Казандык тарых изилдөөчү Р.Н. Безертинов  өзүнүн «Геосаясат жана моңгол– татар империяларынын башкаруучулары» (Казань ш., 2013-ж.) деп аталган эмгегинде кыйла кенен баяндап берген:

«Халха, Бор–Нора жана төмөнкү Керулен дайраларын жээктей отурукташкан курама уруулар халха деген аталышка конгон.  Халхалар бул жерден ойротторду кууп чыгып, Убеа –Норунун батыш тарабына жайгашышкан».

Кийинчерек бул термин азыркы Монголия – Халканын көп аймагында жана  урпактары халха–монгол этнонимин алып жүргөн чыгыш монголдорунда бекем сакталып калган.

Халха- монголдор уруулук эмес, ар кандай талаалык  жана токойлук жыйынды уруулардын бирикмеси. «Келечектеги» халха-монголдордун өзөгү  ушундайча түптөлгөн.

Халха-монголдордун негизги уюткусу манжурлардан, тунгустардан, тангуттардан жана башкалардан куралган.

Бул түзүмдүн ичинде өзүлөрүнүн тегин билбеген токой уруулары да болгон. Мына ушул аз сандагы курама түзүм уруулар өзүлөрүнүн уруктарын бара – бара унутуп, XVII- XIX кылымдарга барып өзүлөрүнүн уруктары менен урууларын биротоло унутушкан.

Азыркы Борбордук Монголиядагы ондогон майда уруулар менен уруктарды ичине камтуу менен өздөрүнүн: ойроттор менен калмактардыкына жана түштүк монголдордукуна окшошуп кеткен тили бар жаңы «халха» деген эл пайда болгон.

Азыркы орус изилдөөчүсү К.А. Пензев «халха» деген сөздүн келип чыгышын мындайча түшүндүрөт: «Монгол Эл Республикасынын калкынын негизги бөлүгүн халхалар (б.а. Халханын жашоочулары) түзөт, аларды адабиятта «монголдор» деп атоо кабыл алынган. «Монгол» термини Монголиянын калкынын басымдуу бөлүгүнүн этникалык аталышы болуп эсептелбейт. Бирок, бул ушундай. Азыркы кезде монголдордун өз аталышы болуп «халха» лексемасы эсептелет. «Халха» этнониминин келип чыгышын болжолдуу түрдө Даян хан башкарган XV – кылымдын аягы, XVI-кылымдын башы деп койсо болот».

 XVII–кылымда  халха канзаадалары батыш монголдорун андан ары батышка, Иртышка чейин сүрүп таштап («Дербен–Ойрот»), бүткүл Монголиянын башкаруучулары болуп калышкан. Бирок, бул эми Жунгар тарыхы деп аталган башка баян болмокчу.

XVII-кылымдын ортосундагы монгол жазмаларында айтылгандай, Чыңгыз хандын мурдагы «моңголдорунан» калган  6 түмөн калк  толугу менен тилин, салттарын жоготуп, манжурларга сиңишип кеткен.

Маалымат айкын ачык болушу үчүн ушул жерден атактуу орус–поляк чыгыш таанучусу, профессор, РАнын мүчө-корреспонденти В.Л. Котвичтин (1872- 1944) айткандарын келтире кетели. Бул окумуштуу түрк тилдеринин монгол жана тунгус-манжур тилдери менен болгон генетикалык байланышы болуу мүмкүнчүлүгүн да таптакыр четке каккан.

Котвичтин «Алтай тилдери боюнча изилдөөлөр» деп аталган мыкты эмгегинин өзгөчөлүгү – тилдердин ар бир түркүмү боюнча ири толук адистешкен адабияттарды  топтоп, аталган маселе боюнча материалдарды кеңири пайдалангандыгында.

Бул жааттан алып караганда, анын изилдөөлөрү алтай тилдеринин тектештигин изилдеген алтай тилчилери Г.И. Рамстед, Н.Н. Поппе жана башкалардыкына караганда баалуулугу жагынан алда канча ашып түшөт.

Натыйжа катары – Котвичтин изилдөөлөрү алтай тил түркүмүнө кирген  түрк, монгол жана тунгус-манжур тилдеринин ортосундагы окшоштуктарды жана айырмачылыктарды алда канча толук ачып бере алган. 

«Түрк тилдери монгол тилдеринин калыптануусуна зор таасирин тийгизген» деген өзүнүн көз карашын коргоо менен Котвич абдан маанилүү тыянакка келген жана «Сөздөрдүн түрк теги аягында үндүүлөр менен татаалдашып кеткен моңгол тектүү тилдерге караганда алда канча байыркы жана кыйла кыска болуп эсептелээрин» ынанымдуу далилдеген.

Маселен: түрк жана тунгус-манжур тилдериндеги лексикалык окшоштуктар – 10

%,  морфологиялык окшоштуктар – 5% экенин далилдеген.

Бул кандайдыр бир «көөнө монгол тилин» алып жүргөн «байыркы монгол уруулары» эч качан болбогонун тастыктап турат!

Ал эми азыркы монгол тилдери тарыхый жактан өз ара аракеттенген эки генетикалык өз алдынча топтор эсептелген байыркы түрк жана тунгус-манжур тилдеринин аралашмасынан келип чыккан».

Чыгыш таануучу В.Л. Котвичтин келтирген далилдери азыркы убакта да актуалдуулугун жогото элек.

Л.Н. Гумилевдун картасын [23, 29 –б.] карайлы: «Монгол  талааларында Чыңгыз ханга чейинки миңдеген жылдар бою жана анын тушунда деле ар кандай көчмөн түрк уруулары гана жашап келишкен. Муну эч ким талаша албайт деп ойлойм», – деп жазган окумуштуу Гумилев.

Чыңгыз хандын санжырасы уламыштуу Бодончар жана анын энеси Алан гоага барып такалган «Ыйык баяндан…» тартып,  анын ата-бабаларынын аттары бүт түркчө, алар: Барин-Ширату, Менен-Тудун, Хача-Кулюк, Кайду, Тумбинай, Кабул-хан, Бортан-Баатур, Таргитай, Есугей деп аталган.

Анын ага–инилеринин, карындаштарынын жана жакын туугандарынын, кийинки урпактарынын аттары деле кайра эле түркчө: Хасар, Темулун, Темуге, Жоши, Бату, Береке, Шибан, Чагатай, Мутуген, Есенту, Байдар, Угедей, Тулуй, Куюк, Ариг-Буга, Сартактай, Баян, Барак, Токта, ж.б. болуп аталган.

Чыңгыз хан өзү гана тегерегине көчмөн түрк урууларын бириктирип, мамлекет кураган жана өзү башкарган мамлекетке кирген өз элин «моңголдор» деп атаган. Демек, «Монголиянын көчмөндөрү заматта «монголдор» болуп чыга келишкен». Бирок, алар түрк тилинде же анын диалектилеринде гана сүйлөшкөн жана жазышкан. Т.а., түркий элинин тагдыры XVI -XVII-кылымдарда түп-тамырынан бери өзгөргөн.

XVII–кылымдын ортосунда Монголияда, монгол жазылмаларынан алынган маалыматтарга ылайык, калктын саны 6 гана түмөндү түзгөн, бул болжолдуу алганда, 60 миң (аталган сандар монгол булактарынан алынган).

Аларды 1640-жылдан тарта манжурлар деп аталаган журчендер оңой эле багындырып алышкан. Манжурлар жеңүүчү катары түпкүлүктүү калкка абдан катуу талаптарды койгону түшүнүктүү, ошондуктан бир-эки муун өткөн соң эле түрк тилдүү элдер азыркы жаңы тилде сүйлөй башташкан…

Ошентип, XIII-XV-кылымдарда бул жердеги түрк уруулары «монгол» деп аталып, алардан азыркы Монголиянын аймагындагы жана Кытайдын Ички Монголиясында жашаган,  XVI-кылымда сяньбий уругунан тараган кидандар жана ойроттор менен сиңишип кеткен, түпкүлүгү Дунхулардан тараган азыркы халхалар пайда болгон [аталган эмгектин 39-бөлүгү, 127-бетин кара].

Монголиядагы халха -монгол тили өлкө аймагында болуп өткөн түп-тамырынан берки өзгөрүүлөрдүн гана шартында жаралмак.

Албетте, дин өзгөргөн, «моңголдор» бара – бара ламаизм динин кабыл алышкан будда кечилканаларын кура башташкан. Жеңүүчүлөр менен жеңилгендерди бириктирген дин гана болгон. Аларда жалпы кызыкчылыктар пайда болгон.

Жеңүүчүлөрдүн тили эсептелген тунгус – манжур тилине аралашып кеткендигинин натыйжасында мурдагы түрк тили бийлик түзүмдөрү каалагандай ыңгайлаша, өзгөрө, калыптана баштаган. Акыркы 300 жылда Монголиядагы мурунку түрк тили ушунчалык өзгөрүп кеткендиктен, азыркы халха-монголдор менен сүйлөшкөн кыргыздар, казактар алардын тилин түшүнбөйт.

Казань университетинин бүтүрүүчүсү, академик В.П. Васильев (1818-1900-жж.)  мындай деп жазган:

«Биз Чыңгыз хан «азыркы монгол тили» деп жүрүшкөн тилде сүйлөгөн эмес десек туура болот, бул тилде анын уруулаштары «бай ыркы моңголдор» деле сүйлөгөн эмес».

Бул жерде академик «байыркы моңголдор» деп Чыңгыз хан бир мамлекетке бириктирген курама түрк урууларын айтып жатат.

Демек, МЭРдеги азыркы этникалык кырдаал Чыңгыз хандын доорундагы кырдаалдан түп-тамырынан бери айырмаланып турат.

Тилдеги бурулуш, диндин алмашышы жана Монголиядагы элдин кулк-мүнөзүндөгү түп-тамырынан берки өзгөрүүлөр Монголияны тунгус–манжур уруулары толук басып алышкан жана жаңы будда дини орногон XVII-кылымда болуп өткөн.

Монголиядагы биринчи будда кечилканасы 1586-жылы курулган, ал эми 1921-жылы алардын саны 750гө жеткен.

Монголиянын түрк тилдүү калкынын этникалык жактан өзгөрүү тартиби мындайча көрүнөт:

  1. 1218-жылы Чыңгыз хандын аскерлери Монголиядан Орто Азияга казатка аттанган, аны менен кошо аскерлердин 50 пайызы үй-бүлөсүн ала кеткен. 50 пайызы Мухалиде Кытайдагы абалга көз салып туруу үчүн калтырылган (Рене Груссе боюнча). [т.

1, 250 -бет].

  1. 1236-жылы Батый хандын 2 түмөндөн кем эмес аскери үй-бүлөсү менен кошо Монголиядан Батыш казатына аттанган.
  2. 1254-жылы Хулагу хандын 7 түмөн аскери үй-бүлөсү менен кошо Иран казатына аттанып, Монголиядан чыгып кеткен (В.П. Костюков боюнча).
  3. «Хайдунун падышалыгы аяктаарда (1269 -1301-жж.) же анын мураскеринин тушунда Мавераннахрга мурдагы Өгөдөй улусунун жалайыр уруулары жана сулдустар көчүп өтүшкөн. Өзбек изилдөөчүсү К.Ш. Шаниязов жалайырлар Орто Азияга XIII-к. 60-жылдарында келишкен деп эсептейт.

Жалайырлар түндүк Иранда Жалайыр мамлекетин негиздешкени белгилүү (1356 -1411-жж.). Кийин Темир тарабынан талкаланып  чачырап кетишкен (анын ичинде Дешти- Кыпчакка да кетишкен)». Биз аларды кийинчерек өзбек жана казак элдеринин курамынан көрөбүз [55, 135-бет].

  1. Улуу хандар Ариг -Буги (Монголия)  менен    Хубилайдын  (Кытай)  1264-жылдан тарта бийлик үчүн күрөшү болгон. 3 ири согушта Ариг-Буга калкы жабыр тарткан. Калктын бир бөлүгү 1268-жылы Хайду  хан менен чогуу жерин таштап, Казакстандын талаала рына ооп кеткен.
  2. 1388-ж. кытайлар жүз миң колу менен

Монголиянын аймагына басып киришкен (изилдөөчү Р. Безертиновдун маалыматтарына караганда, 1370 -1455 – жж. кытайлар 8 жолу Монголиянын аймагына басып киришкен). Ошондон кийин Монголиянын аймагы «тыптыйпыл болгон» (Рене Груссе) [48, т. 2, 267-бет].

  1. Монголиянын бош калган аймактарына (Чынгыз хан 1211-жылдан бери согушуп келаткан) тунгус-манжур уруулары агылып киришкен. Журжендердин миграциясы XVI-кылымдын аягынан баштап, XVII-кылымдын башына чейин катуу жүргөн.
  2. Түрк тилинин таанылгыстай өзгөрүүсү түпкү калктын тунгус–манжур тили менен аралышып кеткендигинин натыйжасында болушу ыктымал.
  3. Буддизмдин негизги дин катары кабыл алынышы (XIV-X VI – кк.). Аз калган түрктөрдүн мурунку даңкы буддизмди кабыл алуу менен «тибеттик клерикализмдин кудайы» таасири астында манжурларга биротоло сиңип, соолуп жок болду. Элдин менталитети толугу менен өзгөрдү.
  4. Монголия менен Түндүк Кытайды толук ээлеген манжурлардын лидери Нурхаци 1599жылы реконструкцияланган, жаңы уйгур алфавитин киргизген (эскисинин негизинде).
  5. Нурхацинин уулу Абахай өзүнүн династиясын Цин деп, ал эми элин манжурлар деп атаган. Манжурлар 1651-жылы Кытайды толугу менен ээлешкен жана аны 1912-жылга чейин башкарышкан.

…Мага тарыхчылардын «XVII кылымда Монголияны манжурлар ээлеп алган» деген фактыны таптакыр эле тааныбай жатканы түшүнүксүз. Алар жеңүүчү катары боло келгендей эле, бардык жерде өзүлөрүнүн өкүмүн таңуулап, жеңилген элди өз тартибине баш ийдиришкен.

А «моңгол» – түрктөр болсо ошол мезгилде Монголияда болгону (монголдордун өзүлөрүнүн  жазмаларынан алынган маалыматтар боюнча) 6 гана түмөн калган (60 миңге жакын).

Келгиндерди алар менен дин гана бириктирип турган.  Тили болсо тунгус-манжур тили менен аралашып кеткен тилден келип чыккан. Мындайча айтканда, интергациялашкан халха-монгол тили пайда болгон.  Бул божо молду  XX кылымдын башында эле  монгол таануучу В.П. Котчив далилдеп койгон.

Монголиядагы болуп өткөн ушул түп-тамырынан берки өзгөрүүлөрдүн баары ошол кезде түзүлгөн тарыхый жагдайлардан улам болуп өткөн.  XVII кылымдагы жазмаларды Тибетте билим алышкан монголдордун, будда монахтарынын өзүлөрү  эски түрк тилинде жазышкан жана кийин алардын жазгандарынын баарын халха-монгол тилине которууга туура келген.

Менимче, XVII кылымда Монголияда эл, тил жана дин толук өзгөргөн: «чындык т.а., «иттин өлүгү» так ушул жерде көмүлгөн!».

Өлкөнүн аталышы, Чыңгыз хандын даңкы элдин эсинде сакталып калды, бирок «Чыңгыз хандын» тилин (түрк тилин) жоготуп коюшту…

…Мен Монголияга барып, ал жерде өлкөнүн алдыңкы окумуштуулары – тарыхчылар, археологдор, филологдор менен жолугуштум. Алар менен чогуу тарыхый мааниси бар жерлерди кыдырдым. Сурамжылап, кызыгып, тактап, изилдеп  жүрдүм. Түрк  урууларынын азыркы Монголиянын аймагындагы калтырып кеткен издерин абдан издедим. Монголиялык окумуштуулардын жардамы менен аларды таптым. Маалыматтардын баарын математикалык тактык менен  талдап чыккан соң, төмөндө айтылган тыянакка келдим.

Тыянак:

  1. «Байыркы монгол тили» – бул Чыңгыз ханга чейин миң жылдан ашуун, Чыңгыз хандан кийин дагы 400 жыл Монголиянын көчмөндөрү сүйлөшкөн көөнө түрк тили болгон.

«Монгол» – бул эски аталыш, аны Чыңгыз хан ата-бабаларынын осуяты боюнча өзү бириктирип кураган элге жана өлкөгө берген. Тарыхый жана археологиялык маалыматтарга ылайык, Чыңгыз хандын доорундагы мамлекеттик тил – түрк тили болгон,  жазуу уйгур жазуусунун негизинде болуп, жогортон ылдый карай жайгашкан 21 тамгадан турган.

Ошондой эле заманбап аталган генеалогиялык илимдин маалыматтарын карап көрөлү:

«Чыңгыз хан, анын ата-бабалары жана урпактары кыязы, «Монголоиддик  С гаплограммага эмес, R1a1 арийлик  гаплотопко кирген (кыргыздарда бул 63,5% – Ч.А.).  «С гаплограммасын Чыңгыз ханга популяциялык генетика боюнча академиялык адабият   шашылыш (же жаңылыш) жазып койгон»

(А.А. Клесов боюнча).

Булак: [aklyosov.home.comcast.net].

«Монголдордун ыйык баянына» ылайык, Чыңгысхан да, эмир Тимур да ата-бабасы  Бодончардан, ак жуумал кишиден келип чыгышкан. Анан кийин маалым болгондой: алар экөө тең сары болушкан. Чыңгыз хан – Бодончардын он биринчи, Тимур – он экинчи урпактары болушкан (ар кайсы бутактар боюнча).

Демек, Чыңгыз хан менен Тимур тунгус-манжур урууларынын урпактары болуп эсептелбейт».

Булак: «Түрктөрбү же Монголдорбу? Чынгыз хандын доору», китеп, knigi.net…anatoly olovincov…

Эми жогорудагы «Чынгыз  хандын  убагында азыркы монгол тили, азыркы монголдор таптакыр болгон эмес» деген тыянакты орустун дагы бир окумуштуусу Б.Я. Владимирцовдун эмгеги менен биротоло далилдеп коёлу.

Окумуштуу «байыркы монгол тили» боюнча баалуу, зор эмгек жараткан. Ошондо армян тарыхчысы Киракос Гандзакецинин түндүк Ирандагы «монголдордон» бир нече сөздөрдү жазып алганын көлөмдүү эмгегинде көрсөткөн. Себеби, Киракос 1236 ­жылы монголдорго Ирандын түндүгүндө туткунга түшүп калып, кеч күздө өз жерине – Арменияга араң качып келген экен. Эмесе, Киракос Гандзакецинин (1203-1271), армян жазуучусу (тарыхчы)  13 кылымда б.а. монгол тарыхынын башталышында «моңголдордон» жазып алган сөдөрүнө көңүл буралы:

«Бул сөздөр түрк тилинен келип чыкканы же тилинин өзү экенин көрсөтүп турат:

Баскак – кайыр чогултуучу (Пат. 2. 136), бул сөз азыркы монгол тилинде жок.

Гог-кока – асман (Пат. 2. 49), түрк (кырг.) бул көк. Монгол тилинде жок.

Кушчи – куш салган мергенчилердин башчысы, (Пат. 2. 139). түрк. кушчы (кушчу), азыркы монгол тилинде жолукпайт.

Буркут-куш – бүркүт (Пат. 2. 48) түрк? (бул сөз кыргыздарда бүркүт). Монгол тилинде жок.

Тенгиз ­ деңиз (Пат. 2. 48). түрк. теңис, кыргызча деңиз. Монгол тилинде жолукпайт». (Б.Я. Владимирцовдун «Монгол тили боюнча иштер» деген китеби, 37 -бет).

Айта кетсек, орустун улуу окумуштуусу жана таланттуу тилчи-монгол таануучусу, академик Б.Я. Владимирцовдун (1884-1931) бул көлөмдүү эмгеги Москвада 2005-жылы

кайрадан басып чыгарылган. Аталган китептин 37­3 8­ 39­ беттерин карасак, тарых илиминдеги «байыркы монгол» деп аталган тилде  Чыңгыз хан,  анын балдары,  жана ошол мезгилде «монгол» деп аталган эл сүйлөгөн сөздөрдүн дал ошол мезгилдердеги тарыхый булактарга жазылып калгандары азыркы монголдордо таптакыр жок болуп чыгууда. Тескерисинче, ошол сөздөр кыргыз (түрк) тилинде бүгүнкү күнгө чейин колдонулуп келет. Эмесе, Владимирцовдон дагы бир мисал келтирели (араб тарыхый булактары боюнча):

«13 же 14 – кылымда түндүк Персияда жашаган араб филологдору түзүп кеткен монгол тилиндеги сөздөрдүн топтомунан түрк сөздөрү арбын учурайт (Мелиоранский, араб филологу түрк тили жөнүндө. 1 21 жана 107,  155­беттер):

Тырнак, кара өрүк, ала, алп, (алп – азыр деле кыргызча алп деп жазылат – Ч.А.); алтун (алтын),  үлгү, булгач, (кырг. булганыч – Ч.А.); булут, боз, (боз

кыргызча боз деп эле жазылат – Ч.А.); таук, (кырг. тоок); теңиркин елчиси, (кырг. теңирдин элчиси – Ч.А.); девү ече (чоң еже), казан, конок,  жылан.

Бул сөздөрдүн бири да азыркы монгол тилинде учурабайт» (Б. Владимирцовдун аталган китебинин 37­ 38­ беттеринен алынды).

Демек, жогорудагыларга  негизденсек, Иран дагы чыңгызиддер бүт эле кыргызча сүйлөп жатышат. Бул далилдер да аздык кылса, дагы улайлы.

Борис Владимирцов «байыркы монгол тилинин» азыркы монгол тилине эмес, түркий тилге (кыргыз тилине) жакын экени боюнча изилдөөсүн Чыгыш Түркстандан 14­ 15кылымдарда чыңгызид хандарынын сүйлөгөн сөздөрүнүн мисалында улайт:

«Мисалы: бадма-батман, бул 64 чаракка барабар чен өлчөмү; ниша-нишан, штемпельмөөр; дагы көк бука, чибин, жабагу (түркчө жабгу) жана энчилүү аттар да баары түрк ысымдары.

Эми чыгыш монголдорунун Чынгыз хандан «нукура түрктөр» менен мамилесинен тышкары калган көөнө эстеликтерине кайрылалы.

Бизге жеткени, Монголияда 1240-жылы түзүлгөн эпикалык баян – кытайча транскрипциясында жана котормосунда «Юаньчао-ми-ши» («Монголдордун ыйык баяны»). Бул баян алиге дейре тийиштүү деңгээлде изилденбеген жана басылып чыккан да эмес. Тексттин аягына чыгарылбай калган литографиялаган транскрипциясын пайдалануу менен (Позднеев, «Юань чао ми ши» текстинин транскрипциясы.  Ошондой эле: «Ыйык баян (ЫБ)”, Козин; «ЫБ», Дамдисүрен; «ЫБ», Пеллио; «ЫБ», котормосу Хеништики; «ЫБ», котормосу. Лигети), бул эстеликтеги нукура түрк сөздөрүн берели:

(Теңгис) тэнгис ­ (түп нускасынын орфографиясы сакталган) – түрк. теңис (жогорудагы армян авторун кара);

(цад) чжат ­ чоочун – уйг. жат, каз. жат (“ж” жумшак – Ч.А.), кирг. жат (жат, “ж” каткалаң – Ч.А.); чжат, чоочун – Монголияда бул сөз жок.

Баг, ­ түрк. баг (түштүк кыргыздарда баг, түндүк кыргыздарда бак – Ч.А.);

Монголчо Баг – байлам, адамдардын же боз үйлөрдүн тобу; Монголияда мындай маанидеги сөз белгисиз (Б.Я. Владимирцов, «Монгол тили боюнча иштер», М. 2005-ж., 38­ 39 – беттер)».

Дагы улантсак деле «байыркы монголдук» сөздөр азыркы монгол тилинде эмес, кыргыз (түрк) тилинде гана окулат экен: “Бил, – кырг. бил; (бил) Монголияда жок (жогорудагы китептин 47­ бети).

Жасак, мыйзам, токтом, тыюу салуу, белек; бул форманы түрк тилиндеги (кыргыз – Ч.А.) гана создөр түшүндүрөт: жасак жаса деген эле сөз» (жогорудагы китептин 47­ бетин кара)».

Көрсө, Чыңгыз хан жана анын балдары, ошондой эле тукумдары, ошол кездеги (азыркы эмес!) «монгол туугандары» да кыргызча эле сүйлөгөн экен. Буга КР Улуттук илимдер Академиясындагы адис жана андан сырткары жүргөн дагы тарыхчы «агайларыбыз» эмне деп жооп беришээр экен…

Учурдагы монголдордун (халкалардын, ойроттордун) байыркы ата­ бабалары болуп, тарыхта дунхулар аталат. Бул маалымат Бичуриндин бүткүл дүйнөгө белгилүү көлөмдүү эмгегинде да бар.

МОГОЛИСТАНДЫН АРСТАНДАРЫ

Тарыхта белгилүү болгондой, кыргыздардын турган   жери   «Моголистан»  деп  аталган. Бекеринен Мухаммед  Хайдар өз эмгегинде кыргыздарды «Моголистандын арстандары!» деп айтпаса керек. Анткени,  Моголистан кыр гыздардын өлкөсү болгон.

Бул боюнча Мухаммед Хайдар могол менен кыргыз бир эл болгонун «Тарых и Рашиди» деген белгилүү эмгегинде так жазып кеткен. Эми бул тууралуу окумуштуулар эмне дейт, төмөндө ошого токтололу.

«Мухаммед Хайдар тарабынан 1546 – жылы жазылган «Тарих – и Рашиди» деген эмгекте моголдор менен кыргыздар бир эле эл экени, алардын болгон айырмасы – кыргыздар чыңгизиддердин бийлигин тааныбайт».

(Булак: Кыргыздардын келип чыгышы туурасында – Тарыхый – Форумдар Ykt.Ru forum. ykt.ru/viewmsg. jsp?id=110373).

«Эң мурда Мухаммед Хайдардын Моголдор менен Кыргыздар негизинде бир эле эл экенин айтканын эске алыш керек.  Мухаммед  Хайдардын айтымында алардын ортосундагы бир айырма – кыргыздар эч качан хан – чагатаид «чыңгизиддердин» бийлигин тааныган эмес»

(Булак: Могулистандык моголдор менен кыргыздардын этникалык байланыштары ok.ru>velikiekoc/ topic/66025171009599).

Жогоруда Чыңгыз хандын кыргыз экенин тарыхый булактардан ынанымдуу далилдегенге аракет кылып, маалыматтарды жетишерлик алып чыктык. Чыңгыз хандын түпкү ата-эне тарабы Кыргыз – Баргы уруусунан болгону аныкталды. Чынында чынгызиддердин ата-бабаларынын чыккан кыяндар уруусу деле түбү Улуу Баргы болот.

«Ыйык баян» тарыхый санжырасында,

т.а., Чыңгыз хандын аталарынын тизмесинде анын 11 ­атасы болуп Добун мерген турат. Добун мерген Кыян Баргы болсо, анын аялы Алан гоа Хори­ туматтардын ноёону Хорилардай мергендин кызы, Баргы баатырдын небереси болгон.м

Ошондо, Добун мерген Алан гоа экөө тең кыргыздын Баргы уруусунан болгондон кийин Чыңгыз хан өзү да Баргы болот, кыргыз болот.

Ал эми Малик болсо, Добун мергендин эки баласынын айтуусу менен гана «Чыңгыз хандын 11-жашыруун биолгиялык атасы» болуп калган, «коңураттарга тиешелүүлүк» ушуну менен бүтөт. Муну тарых илими да тастыктоодо. Аны кайталап айта берүүнүн кереги жок. Алан гоа болсо, эки баласынын күнөөлөгөнүн мойнуна алган эмес. Ал: «Мен асмандан түшкөн нурдан төрөдүм», ­ деп моюн берген эмес.

«Баяндагы» Чыңгыз хандын аталары катары – Есугейден баштап, Добун мергенге (11­ атасы), андан ары Бортэ чоного (22­ атасы) чейинки санжырасын жогорку беттерде толук бердик.

ЧЫНГЫЗ ХАНДЫН ЧОҢ ЭНЕСИ – БАРГЫ КЫЗЫ БОЛГОН

Чыңгыз хандын чоң атасы Бартан баатыр хан, анын аялы Баргы кызы болгон (чоң энеси). Бул жөнүндө «Ыйык баяндын» 334­ бетинде мындай деп так жазылып турат:

«Бартан-батор (баатыр) Чыңгыз хандын чоң атасы болгон. Анын Сунигил деген аялы болуп, анын теги Баргуд уруусунан чыккан: андан Бартан – батор төрт уул көргөн».

Мында «Сунигил» деген сөз – кыргызча Соногүл дегенди эле түшүндүрөт. Ушул 4  уулдун бири Есугей баатыр – Чыңгыз хандын атасы. Демек, Соногүл кыргыздын Баргы уруусунун кызы, андан туулган балдардын көздөрү көк, чачтары кызгылтым­ сары болушуп, Алан гоа айткан «асман уулдарынын» белгиси кайра келген.

Чыңгыз хандын уруусу дал ушул Есугейден баштап, Кыят Боржигин («көк көздүүлөр» деп) аталышкан. Т.а., Кабыл хандын убагында аталган «Боржигин» деген ат кайрадан актуалдуу болгон.

Ушул жерден айтып кете турган нерсе: кыргыздардын (баргылардын да) көздөрү көк, жүздөрү буудай ыраң болгон. Мунун Кытай тарыхынан белгилүү экени 9­к ылымда жазылып калган.

БАРГЫ МЕНЕН КОҢУРАТТАРДЫН ЖАКЫНДЫГЫ

Негизи, кыргыздардын Баргы менен Коңурат урууларынын жакындыгын Абул Газы бахадыр хан бин Араб Мухаммед өзүнүн «Түрк санжырасы» деген  эмгегинин  экинчи бабында мындай деп баса белгилеп кетиптир («Кыргыздар» китебинин 1­тому, 35­ бет):

«Курлейит – Баргут уругу. Буларга Коңурат жакын болор. Алардын каадим журту да дайым бир болор».

Ал эми кыргыз элинин санжырасында Нухтан Яфес, андан Түрк, андан  Түтөк хан, андан Элчи хан, андан Баку хан, андан Күйүк хан, андан Аленче хан, андан Татар жана Могол хандар тарайт. Могол хандан Карахан, андан Угуз хан, андан 6  уул: Күнхан, Айхан, Жылдызхан, Көкхан, Тоохан, Деңизхан тарайт.

Көк­хандан Жете андан Коңурат тарайт. Ал эми Тоохандын уулу Кыргызхан.

Демек, санжырада да кыргыздар менен коңураттар түбү бир эл болуп жатат. Аталары Тоохан менен Көкхан бир туугандар. Бирок, Кыргызхандын жолу улук. Биринчиден, ал хан болгон делет, экинчиден, Кыргызхан (Баргыхан) Коңураттын атасы Жете менен тең, Коңураттын авасы болот. Коңурат Көк хандын небереси. Санжырада Коңурат хан болгон деп айтылбайт. Коңураттар кыргыз элинин катарына кирет деп айтылганы да ушундан келип чыгат. Себеби, Кыргыз – хан болуп жатпайбы, коңурттар дагы анын мамлекетине кирген.

ЧЫҢГЫЗ ХАНДЫН УРМАТТООСУ

Негизи, Чынгыз хан коңураттарга аябай урматтоо менен мамиле  жасаган. Ага «Ыйык баяндагы» бул тексттер далил болот:

«Чыңгыз хан император тукумундагылардын никелерине түгөй катары буларды мыйзамдаштырган: Коңураттардын уругунда кыздар төрөлсө, алар муундан муунга каныша айымдар аталышкан; эркек балдар төрөлгөндө, алар укумдан тукумга канышаларга гана үйлөнүшкөн. Муундан муунга үзгүлтүксүз үйлөнүшсүн, бул чыгарылган жарлыкты ар бир жылдын төртүнчү мезгилинин биринчи айында жарыя кылышсын».

Мына, Чыңгыз хан коңураттарга карата кандайча кадырлуу Жарлык чыгарган! Муну апасы Оулендин жана аялы Бортенин урматына чыгарганы да көрүнүп турат. Алар Далай нур (Кулун) көлүнүн жанында чогуу жашашкан коңураттардын олкунуттарынан болушкан.

Жогоруда Чыңгыз хан «империя курган Баргылар (Кыяттар) Коңураттар менен кудалашсын»   деп  айтканы     байкалып      турат. Чыңгызиддер өздөрүн дайыма Бортэ чононун урпактарыбыз деп, андан бери Добун мергенден (11­ атасы) таратып, «биз, нурдан жаралганбыз» дешкен. Ошондой эле алар өздөрүн «Бодончар Муңхак» (Муңгуч, Могол) – Кыян Боржигин аташкан.

Демек, чыңгызиддер – кыргыз – Улуу Баргы. Маселен, азыр деле кыргыздар «биз аруу – Нур элибиз» деп келе жатышпайбы. Мындай дал келүүлөр тарыхта өтө сейрек кездешет.

Эми «Ыйык Баяндын» 293- бетинен Чыңгыз хандын Баргыларга карата берген баасын окуйлу:

«Баргуджин – Токумда (баргылардын жери) туулган ар бир эркек бала акылдуу, эр жүрөк, баатыр жоокер болот, эч кимге жетектетпей, бирөөнүн акыл-нассаатын укпай эле баарын өзү билет; ал жерде туулган ар бир кыз таранбай эле, сөйкө – билериги жок эле жамалы толукшуган сулуу болот».

Чыңгыз хандын өзү Баргы кыргыздары жөнүндө минтип жөн жерден айтпагандыр. Албетте, кыргыздарды жакындан билген үчүн, өз эли Улуу Баргы болгон үчүн ушундай ча баа берип, айтып жатат.

Эскерте кетсек, жогорудагы Баргуджин сөзүндөгү «джин» деген мүчөнү монголчодон кыргыз тилине которгондо, «эл» деген маанини берет. Демек, «Баргу-джин» дегенди Баргы-эл деп окусак туура болот.

МУНГУЧТАР КАНТИП ӨЗҮНЧӨ УРУК БОЛУП КАЛЫШКАН?

Негизи, Чыңгыз ханды тарыхый аренага Улуу Баргы – Кыяндар чыгарганы анык. Кийин Алан гоанын эң кичүү уулу – Чыңгыз хандын 10­а тасы Бодончар-мунгуч Онондун ылдый жагындагы «башчысы жок» элдерди 4 агалары менен басып алып, хан болгон соң, мунгучтар «тез эле көбөйүп кетишкен» да, баргылардын мунгуш уруусу (муңуулдар) – «монголдор» пайда болгон (маалымат «Баянда» турат, 15- бет). Бул окуя 10­кылымдын этегинде болгон.

Ошентип, мунгуштар («моңолдор») өзүнчө туу көтөрүшкөн. Мына ушулар Чыңгыз хандын мамлекетинин аты Мунгу (Монгол) аталып кетишине себепкер болушкан. Бирок, түбү баргы экенин унуткан эмес. Дайыма алар менен бир, ынтымакта болушкан. Ал эми хорилар жана туматтар – баргы аталган бойдон кала беришкен.

Мындай ынтымактуулуктун тарыхы терең. Эмесе, Рашид ад-Диндин «Летопистер жыйнагынын» 1 -томунун 117- бетин окуйлу: «Курлаут (Хорилар) уруусу Коңурат, Элжигин жана Баргуттар менен жакын жана бири-бири менен өз ара бириккен; алардын эн тамгалары – баарыныкы бирдей болгон; алар тууганчылыктын талаптарын бекем сакташат жана ич ара кыз алышып, кыз беришет. Бул үч-төрт уруу Чыңгыз хан менен эч качан душмандашкан эмес, ал өзү да бул урууларды эч качан бөлгөн эмес, мындай кылууга башкаларга да жол берген эмес, анткени, Чыңгыз хан аларды эч качан душманы катары эсептеген эмес. Чыңгыз хан аларды калыстык менен өз өлкөсүндөгү бийлик бутактарына дайындаган. Анын

доорунда бул уруулар дайыма бири-бири менен куда-сөөк болуп келишкен жана баары Жида-ноёндун кешигинде болушкан. Алардын урпактары алиге чейин ушул кешикте туруп келатышат».

Чыңгыз хан өзүнүн көздөй эли Баргылар менен Коңураттарга өтө ишенгендиги ушундан көрүнүп турат.

12 АТА (УРУК) БАРГЫЛАР

Кыргызстандагы Баргы уруусу 12 ата баргылар деп да аталат. Алар Алан гоанын мезгилинде (10­к ылымдын ортосунда) Улуу Баргы деп аталганы «Ыйык баянда» жазылып турат. Азыркы учурда сакталып калган айрымдарын санасак, булар: Хан Баргы, Мырза Баргы, Таз Баргы, Кара Баргы (Миң), Сары Баргы, Калдай Баргы, Тооке Баргы, Савай Баргы, Бакал Баргы, Чагыр Баргы, Мөнөк Баргы, Ак Баргы  ж.б.  Бүгүнкү күндө баргылар негизинен, Кыргызстандын Ош облусунда жашашат. Жалпы өлкө боюнча баргылар жана баргыдан тараган уруу-уруктар 3 миллиондон   ашык адамды түзөт. Кыргызстандын Ош облусунун Алай районунда Корул (Горул) деген жер бар. Мында Хорил менен Корул деген сөздү салыштырып көрүү өтө маанилүү.

Жогоруда «Хорилардай мерген хори-туматтардын аскер башчысы, кийин мунун аты менен Хорилар уруусу пайда болгон. Туматтар болсо Баргылардын бир бутагы» деп айтылганын бербедикпи. Ошону менен Хорилар (Горлос) да – Улуу Баргыга кирерин тарыхый булактан так көрсөттүк.

Ал эми Кыргызстандын Алай районунун Корул айыл өкмөтүндө жашаган (жалпы саны 10 миң адамдын тегерегиндеги) Бакал уругу – Улуу Баргы деп аталаарын өткөн кылымдын 90­жылдарынын башында Ысык­Көлдүн Шалба айылында өткөн санжырачылардын республикалык сынагында 2­орунду ээлеген санжырачы Акматаалы уулу Абдывап так айткан. Бул маалыматтардын негизинде Улуу Баргы – Хорилар (Горулдар) – Бакалдар болуп чыгат.

Абдываптын атасы Анарбаев Акматаалы туурасында орустун улуу окумуштуусу С.М. Абрамзондун кайрадан басылып чыккан «Кыргыздар жана алардын тарыхый – маданий байланыштары» деп аталган китебинде (Кыргызстан басмасы, 1990-ж.) анын кыргыз санжырасы туурасында кеңири маалыматтарды билген адам катары айтылган.

Бул китептин 432–бетинде атактуу санжырачы, Ош областынын Алай районунун тургуну Акматаалы Анарбаев туурасында мындай саптар бар: «Өзүнүн тегин Бакал уругунун Баргы уруусунан деп эсептеген 60 жаштагы Акматаалы Анарбаевден («Социализм» колхозу, Гүлчө району, Ош областы, 1951-жылы) жазылып алынды».

ЧАНА ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТ

Кыргызстандын Ош облусуна караштуу  Кара-­Кулжа районунун Алай–Куу деген жеринде Кулун көлү бар (ал Кытайдын Ички Монголиясындагы Хулун–Нур көлү менен аты уйкаш жана ошол жактан баргылар менен бирге келгендей туюлат). Ушул жерден Рашид ад – Диндин кадимки эле кышында тебиле турган чана (мүмкүн: чийне) туурасында жазган кызыктуу маалыматын да келтире кетели. Андан улам эки тарапта жашаган элдин түбү бир болгону анык көрүнүп турат (Рашид ад – Диндин китебинин 1­тому, 124­бет):

«Чананы Түркстандын жана Моголистандын көпчүлүк облустарында жакшы билишет. Бул туурасында айрыкча Баргужин-Токумдагы: кори, кыргыз, урусут, теленгут жана  тумат уруулары жакшы билишет, анткени бул облустарда ары-бери каттаганда чананы абдан көп колдонушат».

Эми америкалык атактуу окумуштуу Жек Уэзерфорддун «Чыңгыз хана жана азыркы дүйнөнүн жаралышы» деп аталган Е. Лихтенштейндин котормосундагы эмгегинин (2005 ­жылы Москвадан чыккан) 355 ­бетин окуйлу:

«Кыйла «салттуу монголдор» Могулистан деген атка конгон борбордук талааларда, азыркы Казакстанда, Сибирдин түндүгүндө жана Түркстан аркылуу Борбордук Азиядан тартып, Афганистандын түштүгүнө чейинки аймактарда  жашашкан. Кайсы бир убакытка чейин алар  Өгөдөйдүн урпагынын жана Туракин, Хайдунун бийлиги астында болушкан. Ал Бухарадан туруп башкарган жана Хубилайдын бийлиги менен атаандашып турган, бирок көп өтпөй бул жерлер көптөгөн майда княздыктарга чачырап кеткен».

Көрүнүп тургандай, америкалык окумуштуу тарабынан Чыңгыз хан өлгөндөн кийинки мезгилдерде кыргыздарды – «салттуу моңголдор» деген ат менен атап, алар кайсыл жерлерде турганы, кийинки абалы кандай болуп калганы өтө таамай берилген. Ал мезгилдеги окуялар том­т ом китептерден турат. Бирок аларга токтолбой, Чыңгыз хандын кыргыз экенин ансыз да ынанымдуу далилдер менен тастыктаган  эмгегибизди жыйынтыктайлы.

Бегиш Ааматов, “Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз хан кыргыз болгон” китебинин аягы

Редакциядан: Бегиш Ааматов аксакалды көпчүлүк тааныйт. Ал СССР кезинде райкомдун катчысы, Ош обкомунун бөлүм башчысы, Жогорку партиялык мектептин бүтүрүүчүсү, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. Ал эми 1991-жылы Кыргызстандын көз карандысыздыгын жарыялоонун демилгечиси катары белгилүү. Бул эрдиги үчүн ал кездеги президент Аскар Акаевдин колунан Бишкектен үй жана кызмат алган. “Легендарлуу парламенттин” активдүү депутаты болгон. Жарыктык киши “Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз хан кыргыз болгон” аттуу китеп жазып, анын кыргызча, анан орусча версиясын да китеп кылып басып чыгарыптыр. Биз бул тарыхый гипотеза тууралу шек санап, оозубузду ачканда кагуу жеп олтуруп калдык. “Кыргыздар өзүңөрдүн тарыхыңарды билбейсиңер!” деп урушту. Акырында бул кишинин китебин эки бөлүп жарыялап, окурмандардын сынына коюуну эп көрдүк.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *