Бейшен Болотбеков, “Улуттар Биримдиги” партиясынын төрага орун басары: “Мырзакматовго күнөө коё турган негиз жок”

Жакында Мелис Мырзакматов башында турган “Улуттар Биримдиги” партиясы жанданып, саясый чөйрөдө кызуу талкууларга жем таштады. Партиянын жанданышы коомчулуктун бүйүрүн кызытып турганын эске алып, биз тажрыйбалуу мамлекетчил инсан, партиянын азыркы учурдагы төрагасынын милдетин аткаруучу Бейшен Болотбековду азын-оолак кепке тарттык.

–Бейшен мырза, ай башында “Улуттар Биримдиги” партиясынын саясый кеңеши болуп, партия жаңыланууга карай кадам салганы белгилүү болду. Мунун өзү алдыдагы парламенттик шайлоого болгон даярдыкпы? Дегеле сиздердин партия парламенттик жарышка катышасыздарбы?

–Сөзсүз катышабыз! Өзүңөр билгендей жакында саясый кеңештин жыйыны өтүп, анда жер-жерлерде партиябыздын ишмердүүлүгүн күчөтүү максатында курамыбызда толуктоолор болду. Партиябыздын аткаруу комитетинин катчылыгына юридика илимдеринин кандидаты Клара Сооронкулова бекитилсе, Жалал-Абад облусу боюнча саясый кеңешке белгилүү илим доктору Сулайман Кайыпов кошулду. Талас облусу боюнча саясый кеңешке куратор катары Бакыт Жолдошбеков, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Тоң райондору менен Балыкчы шаары боюнча куратору жана саясый кеңештин мүчөсү болуп Мелис Жоошбаев келип толукташты. Мындан тышкары саясый кеңештин отурумунда республиканын баардык аймактарында ишти активдүү алып баруу боюнча маселелер талкууланып, алдыдагы иш-чаралар белгиленди.

–Партлидер Мелис Мырзакматовго эски бийлик тарабынан Оштогу эстекадалык көпүрө боюнча күнөө коюлуп, кылмыш иши ачылганы бар. Бул маселеге сиздин көз карашыңыз кандай?

–Мен түпкү кесибим курулушчу, болгондо да Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу, Госстройго 4 жыл жетекчи болгон адам катары айта кете турган нерсе, ошол Мырзакматов сунуш кылган эстекадалык көпүрөнүн долбоору Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азиядагы эң мыкты көпүрө болмок. Госстройдун экспертизалык башкармалыгынан дагы эң мыкты деп табылган. Тилекке каршы, муну ошол кездеги бийлик ичи тардык, көрө албастык менен саясый өңүттө күнөө коюшуп, атайын буюртманын негизинде иш ачышкан. Аныгында бул иштерде күнөө кое турган кенедей да негиз жок. Бүгүнкү күндө ага байланыштуу иштердин баарысы Жогорку Сот тарабынан акталды. Ошондуктан, бул жерде Мелис Мырзакматовго күнөө кое турган эч негиз жок. Кийин ошол көпүрөнүн узундугу кыскарып, баасы көбөйгөн өлчөмдө курулду. Анан калса Мелис Мырзакматовго козголгон иш ал Кыргызстанда жүргөндө эмес, чет өлкөдө өздүк иштери менен жүргөндө козголуп, анын киришине бөгөт коюлган.

Бекжан Бекташов.  

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *