Бейшенбек Бекешов, журналист: “Кыргызга акыркы мезгилде Чубак ажычалык пайдалуу иш кылдым деп кайсы интеллигент мактана алат?

ЧУБАКТЫН ЧУУСУ ЖАНА БИЗ
Менин кичинекей эки балам бар. Күнүгө он жолу урушуп, он жолу табышат. Улуурагын улуураактай, кичүүрөгүн кичүүрөктөй алдап соолап, араң жайгарам. Бирок бири бирин кичине эле убакыт көрбөй калса издеп, көксөп, бук болуп кетишет. Бир тууган, бир боор да. Эми ушулардын бирин ала, бирин кула көрсөм, ошондой мамиле жасасам алардын тарбиясы кандай болот да, келечеги кандай болот эле? Өзүмдүн карып, мөгдөп калгандагы келечегим кандай болот эле?
Мамлекет да ошондой эле. Аны нарктуу, ынтымактуу, адам кадырын билген үй-бүлө сыяктуу да күтүүгө болот. Ит Аалынын балдарындай ырылдаштырып койсо да болот.
Чубак ажынын билдирүүсүнүн айланасындагы ызы-чуу дени-карды соо адамдын ар бирин чийки май жегендей кылды. Кыргызга акыркы мезгилде Чубак ажычалык пайдалуу иш кылдым деп кайсы интеллигент мактана алат? Кимди эл Чубак ажычалык башына көтөрүп тосуп алып жатат? Кимдин даватына эл мечитттин ичи тургай, сыртына батпай үйүлүп калып жатат? Ооба, ал өзүнүн чынчыл, бетке чабар, кыпындай жасалмалуулугу жок, анан да илимий кынтыксыз жана ажайып лекциялары менен атпай журттун жан дүйнөсүн ээлеп алды. Ал турсун интернет заманында бүт дүйнөгө каңгып кеткен кыргыздын башын бириктирип, кыргыз жергесине, үй-бүлөсүнө, ата-эне, урук-тууганына байлоого опол тоодой салым кошуп жатат десек муну ким төгүнгө чыгарат?
Ушундай кыйчалыш заманда Жараткан Кудай кыргызга Абдышүкүр менен Чубак деген эки молдону берди. Экөөнүн ээрчишип жүрүп кош аргымактай болуп ашкан данбандарын көрүп, кубанычтан көздөн жаш айланат. Москвада кыргыздан башка да эл толтура. Бирок экөөнүн борбордук мечитке келген күйөрмандарындай көп элди жыйнаган бир да даватчы чыга элек. 15 миң кишилик мечитке батпаган эл сыртта турду. Экөө чет жерде жүргөндүн баарын жихадда жүргөн кылды, каза болгондун баарын шейит кылды, илең-салаң жүргөндүн баарын мусаапыр кылды. Ыйлабаган, жан дүйнөсү тазарбаган, арууланбаган киши калган жок… Эң башкысы, алардын Мекени Кыргызстан экени, эртедир-кечтир кайра баруу милдет экени, жаман атту болбой жакшы жүрүп баруу зарыл экени ар биринин мээсине уюду.
Мына ушул эки молдонун бири Чубак ажы азыр светтикпиз дегендердин ур-токмогуна калып олтурат. Тим эле асмандан издегени жерден табылгандай, анын эптеп бир чалынып жыгылышын зарыгып күтүп олтургандай кектүүлүк, ич күптүүлүк менен талап киришти. Анын “Бетин карабайм, салам бербейм, өлсө жаназасына барбайм, өз пикирлештеримди да ошого чакырам”, – деген сөзү радикализм, такбиризм, экстремизм деген ярлыктар менен сыпатталды. Кайсы юрист, кайсы сот Чубак ажынын ушул сөздөрүн мыйзамсыз деп далилдей алат? Светтикпиз дегендер мыйзамыңды да, укугуңду да уруп ойнобойт экен. Аларга кимдир бирөөнүн сөзсүз радикал, экстремист болушу гана керек сыяктуу. Булар чынында кан күсөп турган эл экен. Болбосо радикал, экстремист деген сөздөр жок кылыш керек, камаш керек, өлтүрүш керек деген сөздөрдүн синоними экени кимге жаңылык!? Ошондо ким экстремист? Эч бир мыйзам бузбаган Чубак ажыбы же ага жалган жалаа жаап ярлык таккан светтиктерби?
Кыргызда жыгачтын ийрисин тезге салса түзөлөт, туугандын ийрисин кепке салса түзөлөт дейт. Эр чекишпей бекишпейт деп да айтат. Ушинтип ачык айтып, керек болсо уяткарып, чечип албас талаш барбы да, маселе барбы? Таптакыр эле чектен чыккан акмак болбосо жүйөөлүү сөзгө ким да болсо ынайт да. Ар ким эле сезет да ашынып, азынап баратканын.
Светтиктер да башка эл эмес. Алар да биздин бир туугандар. Болгону аларга Жараткан Кудай ыйман берсин деп тилейбиз. Ыйман бербесе акылга сыйгыс иштерди жасап бир жамандыктын себепчиси болбосо экен дейбиз. Азыр ким эмне айтса, эмне жазса ар бир сөзүнө чейин катталып турган заман. Жасаган ар бир жаман ишиң да, жакшы ишиң да келет сөзсүз өзүңө кайрылып.
Айтылган сөз атылган ок. Талаага кеткен сөз болбойт. Оозго келгенди сүйлөй берип бийликти провокацияласа болот. Чубак ажыны чакырып эскертүү берди го бийлик. Ошентип олтуруп каматып койсо да, башка жамандыкты жасаса да болот. Бирок ошону менен турмуш бүтөбү? Бүтпөйт. Адилеттүүлүктүн келээр күнү да болот. Мына ошондо бир туугандар биротоло бет карашкыс, бири бирибизге топурак салгыс болбойлу деген сөз.
Чубак ажы менен Жанар депутатты элдештирип койбойлубу деген акылдуулар бар. Элдештирип койгудай экөөнүн жеке талашы жок бул жерде. Принциптердин талашы болуп жатат. Миңдеген адамдардын кызыкчылыгы тууралуу сөз болуп жатат. Бул маселе акыры бир чечилет. Жума күндү бүтүндөй дем алышка айландыруу боюнча жалпы элдик кол топтоо жолу менен болсо да чечилет. Мына ошол күнгө кырды бычак болбой бир тууган болуп баралы деген гана сөз.
Беттегенин бербеген өжөр, чындыктан эч убакта тайсалдабаган эр Чубактын келечеги али алдыда. Көрөалбастары муфтийликтен да уюшуп жатып түшүрүшүп, айлап-жылдап сот менен эзишти. Акыры анын баары самындын көбүгүндөй жарылып, кечээ жакында араң Жогорку сот актап чыгууга аргасыз болгон. Адамдын энергиясын ушинтип уруш-талаш, соттошуу сыяктуу аргасыз иштерге байлап коюуга болот. Аны эл үчүн жалаң жакшылыкка иштетип, улуу иштерди жасатууга да болот.
Адамдын көңүлү гүл. Канчалык жакшылап баксаң ошончолук бажырайып ачылат. Түркияда мектептин башталгыч классында окуган бир жетим бала Таиф Эрдоганга кат жазыптыр менин атамдын ордуна ата-энелердин чогулушуна сиз келип кете аласызбы деп. Эрдоган болсо келиптир ошол мектепке. Ата-энелердин чогулушуна ушул баланын камкорчусу катары катышканы келдим деп. Эл башы бир жетимдин көңүлүн кыйбай келиптир. Кечээ күнү болсо бүткүл дүйнөнүн мусулмандарынын көңүлү деп Америкада Мухаммед Алинин табытын көтөрүп жүрөт. Биз болсо кадимки Эр Чубактай болгон Чубак ажыны ак жеринен эл душманы кылгандан кайра тартчудай эмеспиз.
Аны Президент Жанарлар менен кошо чакырып койсо өзүнүн эле кадыр-сыйы асмандабайт беле. Эл башылык вазыйпасы көрүнбөйт беле. Жума күнкү түшкү тыныгуу боюнча кандай чечим кабыл алынса да аягы жакшы маанай менен бүтпөйт беле. Президент Чубактын да, Чубактын тарапкерлеринин да Президенти эле го. Муфтий кезинде болсо Чубакты он жолу суранса бир жолу кабыл албай койгон. Муфтий катары да кабыл албай койгон! Эми Ыйык Орозо күндөрүндө Кудай баарыбызга сабыр берсин!
Чубак ажычалык элди бириктирген, мекенчилдиккке үндөгөн, ыйманга чакырган, ар кандай диний бузуку агымдардан кайтарган ишти бир да мамлекеттик кызматкер, ал турсун мекеме жасаган жок. Ал менин шакиртим. Менин деле элге кылган кызматым аз эмес. Бирок оомат деген Кудайдан болот экен. Ооматы келип турган тулпарды башка чапкан арам болот. Ал кыргызга Манастай болбосо да Чубактай кызмат кылган эр болооруна кенедей да шегим жок.
Бейшенбек БЕКЕШОВ, журналист

3 comments

  • Лиля says:

    Агай омурунузго береке берсин жаратканым сиздикиндей коз караштан бешоо болсо эле жетет эле бизге

  • Эрлан says:

    Эн сонун жазылган. Чын эле кол топтосок жуз миндеген кол топтолоор. Же кандайдыр бир чогулуш болсо омуру митингге барбасак да бул мыйзам учун барабыз

  • Мейман says:

    Урматтуу Бейшенбек мырза! Сиз жума намаз кундору жана айт намаз кундору мечитке барып кордунуз беле? Айткан создорунузго караганда барбасаныз керек. Ошондой кундордун биринде, 12 микрорайондогу мечитте, кутбанын алдында, сиз мактаган Абдышукур ажы эшикте кайыр сурап отургандар тууралуу момундай соз айтты:- ” Эшикте кайыр садака сурагандарга садака бербениздер, булар бул жерди жумушчу орун кылып алышты”- деди. Мен жума намазга жана айт намазга барганда колумдан келишинче ошол жерде кайыр сурап тургандарга кайыр садака беремин. Айрыкча кичине балдарын которуп турган аялдарга, карыган аялдарга жана инвалид коляскада олтургандарга. Энесинин колундагы 2-3 жаштагы тили чыга элек балдар кыздар колун сунуп козумду карап. жалдырап турганын коргондо журогум жарылып кетейин дейт. Дуйного жаны келген наристелерди ушундай ахвалга туш кылган заманга кейип, козумо жаш айланат. Намазда “Жараткан кудай пенделерине кор заман бербей, мол заман бер”- деп кудайдан тилейм. Ошол кайыр сурап тургандар жыргаганынан ошол жерде кышкы аязда, жайкы аптада турушкан жок. Абдышукур ажы- ” Урматтуу момун мусулмандар! Эшиктеги кайыр сурап тургандарга колунардан келишинче жардам бергиле, жетимдердин мандайынан сылап, конулун которуп койгула. Кары аялдарга каралашып жардамынарды бергиле, баарыбызды ушул энелер торогон. Оорулуу адамдарга конул болуп койгула. Ыймандуу мусулмандарга парыз, озунуздор учун чон сооп иш болот” – деп айтканда бир эле мен эмес ошол жердеги копчулук эл башына которот эле. Тилекке каршы Абдышукур ажы андай дебестен жогорудагыдай соз айтты. Ошондон кийин намазга барамын, бирок молдокелердин кутбада айткан создоруно ишенбеймин. Жараткан кудайга сыйынып, намазымды окуп келе беремин. Чубак ажы , Абдышукур ажы жана башка дин аалымдарынын негизги максаты Кыргыз элине арабдардын дин маданиятын жайылтуу. Ислам динин мактап- жактап туп тамыры менен Кыргыз элине кийируу. Аяк жагында кыргыз мамлекетин дуйнодогу араб олколорунун бирине айлантуу экенин тушундум. Ошол ажыкелер арабдардын хадистери аркылуу ундоп жаткан ыймандуулуктун сабактарын кыргыздын каада салттары аркылуу айтса, элге жеткирсе аябай жакшы болмок. Элибиз, айрыкча жаштарыбыз арабдардын динин башына которуп алып, озунукун жээримек эмес. Урматтуу Бейшенбек мырза озунун элин башка элдин динине, каада салтына, маданиятына угуттогон адам ким болоорун жакшы билсениз керек. Ислам динин туу туткан жаштарыбыздын кээ бирлери Сирияда Кудай жараткан пенделерди атып,союп олтуруп жаткандары, интернет тармактары аркылуу башка Кыргыздын улан- кыздарын ошондой ишке ачык эле чакырып жаткандары сизге маалым болсо керек. Ошол жаштарыбыз сиз мактап жаткан дин аалымдарынан тарбия алышкан.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *