Бейшенбек Бекешов, журналист: “Раматылык Салижан аке айткандай, кыргыздын чоң деле мурду жок, бирок аны ушунчалык жогору көтөрөт дейсиң, ичиндегисинин баары аңырайып көрүнүп калат”

Эл жакшылары, бириккиле!

Демократия деген бизге ар ким оозуна келгенди сүйлөй берсе болот дегенди үйрөттү. Айрыкча интернетти карасаң адам коомунда эмес эле, айрым фантастикалык кинолордогу бири бирин жеген мутанттардын арасында жүргөндөй болосуң. Эгер биз өзүбүздү карт тарыхы бар элбиз, уңгубуз үчүн күйүп жанган улутпуз деп эсептесек мындай болууга тийиш эмес. Элдин баары, айрыкча, стакан көтөргөндүн баары сүйлөгөнгө болбойт. Оозунда сөзү барлар гана сүйлөп, калгандар тынч олтурушу керек. Кыргыздын “Жакшыда жамандын сөз акысы бар, байда кедейдин өз акысы бар” деген наркы боюнча элдин маселесин элдин баары эмес, акылдуулар менен байлар гана чечип келген. Кыргызда акылмандар менен байлар эч убакта элдин ичинен мителик менен суурулуп чыккан социалдык катмар болгон эмес. Алар элдин эл багарлары, караңгыдан жол тапкан, капилеттен сөз тапкан көсөм бир туугандары болгон. Ошондуктан алардын аты эл жакшылары болгон.

Бүгүн байлар тууралуу маселени коё туралы. Бизде азыр байлар жокко эсе. Бизде азыр өлсө тоюнбаган топорлор гана бар. Көөдөнү байлар байыганда гана бул сөзгө конок болоор.

Бүгүн жакшылар, б.а. акылы барлар, оозунда сөзү барлар тууралуу гана айткым келип жатат. Андайлар эл ичинде эзелтен эле экинин бири эмес, балким ондун деле бири эмес, чанда бир гана кут даарыган адамдар болгон. Ошолор элдин атынан сүйлөп, эл өзү айта албаган, ал турсун элдин оюна келбеген да мүдөөнү кошо айтып, жаамы журттун көйгөйүн чечкен. Өзүнүн жеке көйгөйүн ортого салып, жармаштыра коюу, адал ишке арамды аралаштырып ашмалтайын чыгаруу алардын түшүнө да кирген эмес. Мына ошон үчүн кыргыз коомунда эч бир доордо, эч бир заманда эл жакшыларына каршы коомдук нааразылык болгон эмес. Адилетсиз хандарга, башкаруучуларга каршы кутум, наалат айтуу болсо болгондур, бирок эл жакшыларына каршы мындай иштердин болгонун тарых да, санжыра да билбейт.

Бүгүнкү биздин чириген интеллигенцияны эл жакшылары деп айта албайбыз. Ал турсун интеллигенция ичинен чыккан аздыр-көптүр оозунда сөзү барлардын баарын бириктирип да ошентип айтуу кыйын. Айрыкча саясий элитаны оппозиция позициясы менен кошуп бул аруу түшүнүктүн сыртына эле чыгарып коюу туура болчудай.

Ошентсе да куттуу элдин ичээр суусу болгон соң, уучу деле куру эмес. Улуу элдин акыл көрөнгөсүн алып жүргөндөр, сатылма саясатка, бетпактык менен шылуундукка, акча десе ата-энесин саткандан да кайра тартпаган аксымдыкка ууланбагандар, өзүнөн мурда өзгө деп, менден мурда эл деп күйүп-жангандар али бар экен. ММКлардын, эл чогулчу жайлардын баарын кожоюндар ээлеп алган бүгүнкү күндө алардын көбүнүн тер төккөн, жаш төккөн жери интернет болуп калыптыр.

Бирок буларды деле эл жакшылары деп атоо эртелик кылаар. Өз ара кырды бычак, менменсинүү, текеберлик, көрө албастык, ал турсун кесирлик толтура. Бирөө мусулман, бирөө теңирчи, бирөө жөн эле кыргыз, бирөө киргиз, дагы бирөө баарынын үстүнөн караган “акылман” (Раматылык Салижан аке айткандай, кыргыздын чоң деле мурду жок, бирок аны ушунчалык жогору көтөрөт дейсиң, ичиндегисинин баары аңырайып көрүнүп калат).

Мына ушул мен кыйын деген кыргыздын баары, айрыкча оозунда сөзү, айтаарга акылы барлар бирикпесек, биз мамлекетибизден да, эл жашаар жер-суубуздан да куру жалак калчудай болуп турабыз. Мен жакшы атпайдын баары бириге ала турган бир жүйөө сунуш кылгым келип турат. Мусулманчылыкты кармангандар үчүн ал жадыбалдай жат, жай менен кыштай түшүнүктүү. Ал: “Агыңар караңардан жакшы эмессиңер, арабыңар араб эместен жакшы эмессиңер. Силердин жакшыңар жакшы иш жасаганыңар”, – деген эреже. Мусулман аттуунун баарын ушул хадисти эч кыйшаюусуз аткарууга чакырам. Намазыңар менен орозоңорду башкаларга колко кылбагыла. Намазсыз деле арам иш жасабаган, ала жипти аттабаган адамдар болгон. Бирөөгө тийишип барып, акыл үйрөтпөгүлө, адептүүсүнбөгүлө. Силер биринчи адал эмгеги менен жашаган, эч кимге пайдадан башка зыяны жок жакшы адам экениңерди өз турмушуңарда көрсөткүлө. Айрыкча бир жакшы кесипти өздөштүрүп, ар тарабыңар шайма-шай болуп жаркылдап тургула. Башкалар силердин сөзүңөрдү эмес, өзүңөрдү көрсүн.

Мусулманчылыкты карманбагандарды да ушуга чакырам. Силер да мусулманчылыкты билип-билбей тутунуп жаткан бир туугандарыңарга тийшпегиле. Айлап-жумалап дават деп каңгып жүрсө көтөрүп койгула. Алар бирөөнүн эсебинен жүргөн жок, өз эсебинен эле жүрөт. Тетири иш жасап баратса тескеп алаар уюм-мекемелер бар. Даватта жүрүү аракечтик менен бекерпоздуктан алда канча жакшы экенин түшүнгүлө. Жакшы жашоонун, чыныгы атуулдуктун үлгүсүн силер көрсөтсөңөр балким алар эртең молдолорду эмес, силерди ээрчийт.

Бири бирибиз менен дин талашканды, дин эмести талашканды токтотолу. Жакшы иштерди жасоо менен гана жарышалы. Башка элдер түшкөн туңгуюкка түшпөйлү. Жок нерсени козутуп сырттан грант алып келүүгө жанталашып жаткандар эртең бирөөлөрдүн куралдуу күчүн чакырып келүүдөн кайра тартпайт. Мына ошондо биз Сирия же Ирак болбойбуз деп эч ким кепилдик бере албайт. Түркөй, билимсиз бир туугандарыбызга сак бололу. Ошолордун сөз акысы жакшыларда экенин түшүнөлү жана ошол вазийпаны аткаралы.

Адам деген пенде. Жаңылат, жазат, иштен да, сөздөн да. Сабырдуу, көтөрүмдүү бололу, Дароо эле бетин тытпай, билмексенге, көрмөксөнгө салалы. Сыйыбыздан кетип, кутубузду учурбайлы. “Керегем сага, айтам, келиним, сен ук” кылып эскертели. Анан биротоло чийинден чыгып, азынап кетсе гана сазайын, жабылып жазасын берели.

Айланайын эл жакшылары! Кыргыздын бүгүнү жана эртеңи деген маселеде, мамлекеттин бүтүндүгү жана элдин бакыбат жашоосу деген маселеде бир бололу. Баарыбыз тең бир ата, бир энеден кайра-кайра, өтмө катар, сансыз жолу кайчылашып тараган элбиз. Чыныгы кыргыз бири бирине кара ниеттик кылбайт, бири бирин атпайт. Муну биз 2010-жылдын 6-апрелинде Таластагы таң аткычакты атышууда көргөнбүз. Ошондогу Бишкектеги кан төгүүдө кыргыз эместин колу көбүрөөк болгон деп ойлойм.

Чыныгы кыргыз ар кандай заманда, ар кандай кырдаалда тил табышып келген. Бир гана СӨЗ менен. Жүйөө менен. Адилет, акыйкат СӨЗДӨН күчтүү эч нерсе жок. Мына ушул СӨЗДҮ көтөрүп жүргөндөр эл жакшылары болгон. Сөз укпагандар, сөзгө түшүнбөгөндөр, кежирлер менен кем акылдар топко кошулган эмес, жооптуу ишке жолотулган эмес. Ушинтип эл өзүн өзү коргобосо азыр бизди “Сен айтканды кыла бер, сени коммунизмге өзүм алып барам” деген компартия жок, демокартиянын болсо кайда алып бара жатканын көрүп жатабыз.

Кыргыздын СӨЗ баккан, демек, акыл баккан, жүйөө баккан эли бир бололу. Ооба, жүйөөң да, пикириң да бир тыйынга татыбай жаткан учур толтура. Бирок эл деген куттуу мухит бар. Эл жакшылары бир болсо эл эч качан эки ача болбойт. Интернетте да сөз билгендер бири бирин бир сөздөн түшүнөт. Андагы жакшы-жаманды иргеп коюу чоң деле иш эмес. Бетин жапкан бетпактарды пайдаланып, алардын кылыгына маашырланып олтургандарыбыз жок эмес. Бирок бардык нерсенин суроо-сопкуту болоорун, ар бир жаман иш сөзсүз өз башыбызга таяк болуп чабылаарын билбей калып жатпайбызбы. Эң башкысы – ниетибиз түз болсо биз чече албас маселе болбойт.

Кыргыз деген эл жөндөн жөн эле миң жылдарды карытып жашап келаткан жок. Анын ар кандай кыйын кезеңде өзүн өзү сактап алаар ушундай дөөлөттөрү бар. Аны билип туруп биз пайдаланбасак бизден кийинкилер пайдаланат сөзсүз. Бирок биздин муунга жаман аты калат. Эгер ушуну убагында пайдаланбай бир балээге туш болсок биз келечек муундар үчүн кара бет болобуз. Катуураак кетсем кечиргиле. Жаман айтпай жакшы жок, тууган күйдүрүп айтат дейт. Бул жалгыз мен баштап, тыянактап салчу иш эмес. Ой кошкула. Талашып-тартышып, талкуулайлы. Кыргыздын ЖҮЙӨӨЛӨШҮҮ деген улуу наркы да ушул.

Бейшенбек БЕКЕШОВ, журналист

4 comments

  • Мирбек says:

    Байке баары туура. Мен да ойлоном, ойумун тубуно жетпейм. Кыргызды баштап бараар жолду чогу табып, мыйзам менен бекитпесек болбойт окшойт.

  • Amantay says:

    Абдан туура. Жакшы ойлор айтылган экен. Бирок тилекке каршы ошол жамааттын атынан сөз айтуучу жерге кошоматчылар менен жуукур, куйтулар, таттуу сүйлөгөн анткорлор чыгып атышпайбы. Анан Манастын тукумубуз деп коёбуз. Манас Абыке, Көбөш менен тууган экенин унутпасак.

  • Алайдан says:

    Айланайын жаштар! Намазды карыган, пенсиядагы атанарга берип озунор Кыргызстанды осуп-ондургонго салым кошкон билим,илим менен алек болсонор жакшы болмок. Болбосо келечекте билими жок, намаздан башканы билбеген Афганистан, араб мамлекеттерине окшогон сабатсыз мамлекет болуп жок болобуз.

    • Апсамат says:

      Намазын да окуп, иштин да кылгыла десениз туура болот. Эртен Алланын астына барганда намазды пенсиядагы атама бергем дейби. А же пенсиядагы чыкпайт жаш бойдон олуп кетсечи?Намаз бул парз. Аллах балакатка жеткен ар бир адамдан сурак кылат.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *