Бейшенбек Иманалиев жаратман, нускалуу, нарктуу адам эле

Жакында эле кыргыз коомчулугу “Имарат Строй” курулуш компаниясынын башкы директору, Кыргызстанга эмгек сиңирген куруучу Бейшенбек Иманалиевден айрылып калды. Мен үчүн дагы күтүлбөгөн кайгылуу окуя болуп, азыркыга чейин ишене албай турам. Экөөбүз ага-инидей ынак болуп калган элек.  Өмүрдүн ашуу, белестерин ашкан адам артына бир кылчайып, өзүнө өзү отчет берип, тагдырын таразалайт экен. Бейшенбек ага кандай жол арбытып, жашоодо кандай ийгиликтерге жетип, Нарын облусунун, Бишкек шаарынын Ардактуу атуулу, «Кыргыз тили» коомунун вице-президенти катары кандай иш-аракеттерди кылганын, асман тиреген чет элдиктерден алды кем калбаган заңырган заманбап бардык ыңгайлуу шарттары бар үйлөрдү, мектептерди жана башка имараттарды курганын, өрнөктүү өмүр жолун баяндоого аракет кылсам, аганы бир эскерип койсом деген максатта колубузга калем алып турган учурум. Эгерде ишинин ийгилиги артып, жашоонун жакшылыгы басымдуу болсо, жакшылыктын чынжырын үзбөй жаштардын, замандаштардын көкүрөгүнө от жандыра алса, анын көргөн-билгени келечек муундарга сабак, үлгү болоор…

Жердиги Бейшенбек Султанович өлкөбүз үчүн зор иштерди,  көз жоосун алган мыкты заманбап имараттарды куруп,  далай маданият ишмерлерине демөөрчү болуп,  мамлекеттик тилибиз кыргыз тилинин өнүгүшүнө омоктуу  салым кошсо дагы  мактанбаган, өтө сыпайы, бир мүнөз, өтө токтоо адам эле. Өзү айтпаган ар кыл өнөрлөрүн, ийгиликтерин жоро-жолдоштору айтып, анын артыкчылыктарын, адамкерчилигин жогору баалап, эми өкүнүп жүрүшөт.

Мына Бейшенбек аганын жаратылыштан чыдамкай, эмгекчил, мээнеткеч, сабырдуу мүнөзү, ата-бабадан мурасталган касиети, ар дайым жакшылыкка умтулган адамкерчилиги ушундай ийгиликтердин башаты болуп берген эле. Бала кезден илим-билимге умтулуусу, бардык нерсени талдоого алган чыгармачылык дилгирлиги Бейшенбек мырзанын жаратылыш ыроологон күч-кубатын арттырып, жүрүм-турумун, кайратын бүлөп, ал тургай ой-чабытын кеңештип, Кыргызстанда курулуш тармагын көтөрүүгө, лидер болууга эгедер кылган эле.

Кылымдарды карыткан байыркы кыргыз эли илгертен адамдын абыроюн, адамкерчилигин, акыл-парасатын, нарк-насилин жогору баалап келген. Кадырман калк ичинде кадыр-барк күтүү үчүн акыл, илим-билим менен күч-кубат жуурулушуп,  эмгек жана мээнет менен ширелишип, ар намысты туу кылган эр азаматтын шыбагасына гана буйурган. Мына ушундай кадыр-барк адал эмгек, тынымсыз изденүү,  жашында ыр жазган чыгармачылык ой-чабыты, өз кесибин берилип сүйүү аркылуу  келди. Жаны тынбаган Бейшенбек аганын алдында дагы далай ашуулары бар эле, баш калаабыз Бишкек шаарынын көркүнө көрк кошуп, коңшу мамлекеттерден калышпаган, Кыргызстанды эл аралык аренага дагы тааныта турган курулуштары, зор максаттары турган эле. Бейшенбек Султановичтин  ар бир ийгилигинин аркасында Ата-Мекенди сүйүү, ар- намыска бекем туруу, айтылган убадаларын аткаруу, мекенчилдик ыйык сезимдери турчу. Ата-журттун келечегине чындап күйгөн, Кыргызстанда курулуш тармагын, маданиятты, эне тилибиздин аборюн көтөрүүгө бүт өмүрүн, күч-кубатын арнаган Бейшенбек Султановичти шум ажал арабыздан жулуп кетип, акка моюн сунду.  Бейшенбек аганын бу дүйнөдөн мезгилсиз, капыстан өтүп кеткени баарыбызды, кыргыз коомчулугун кайгыга салып, айрыкча жакындарынын кабыргасы кайышып турган учуру! Көзү тирүүсүндө көп жолу маектешип, бир туугандай ынак мамиледе болуп калдым эле. Өзүнүн ата-теги, бабалары, асык уруусу, касиеттүү чоң аталары, Улуу Ата мекендик согушка катышып келген атасы, бала чагы, алгачкы ырлары, студенттик күндөрү, эмгек жолу, бир туугандары, ишмердиги тууралуу айтып берип, өзү тууралуу китеп жазууну да максат кылып жатканбыз. Эми минтип, залкар агабыз тууралуу эскерүү жазам деп, эч оюма да келген эмес эле. Жарыктык бул китепти шашпай жазалы, азыр бүтүрө турган иштерим арбын болуп жатат, калганын кийин айтып берем деген эле.  Сиздей  мекенчил, намыскөй, жоомарт, айкөл инсан турганда Кыргыздын аты ааламга далай угулаар дечү элем… Көзү тирүүсүндөгү бул маектешүүбүз аганы эскерүүм болсун!!! Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!

“Имарат Строй” курулуш компаниясынын башкы директору, Кыргызстанга эмгек сиңирген куруучу Бейшенбек Иманалиев: “Тирүүлүк дегенди элге жакшылык кылуу, жаратылышты бузбоо деп түшүнөм”

Шаардын четиндеги көк тиреген кооз имарат ары бери өткөн сайын кызыгуу жаратып, “ким куруп, кандай адамдар отурат болду экен?” деген ой дилимди сыдырып өтчү. Жайдын толукшуган күнүндө ошол имараттын ээси, чоң компаниянын  ичинде кири жок, жан-дүйнөсү, пейили таза, ак көңүл,  ачык-айрым, жайдары жана мээнеткеч жетекчиси Бейшенбек Султанович менен маектешүү буйруган эле.

-Сиз жетектеген “Имарат” курулуш компаниясына көп мээнет, убакыт, нерв, өмүр коротулганы анык. Ийгиликтерге жеткенге эмне жардам берди? Чыдамкайлыкпы, эмгекчилдикпи, же ата-бабадан калган касиетпи?

-Биринчиден, Дыйкан бабамдын байлыгы Иманалы чоң атама өткөндүктөн атам Султан  дагы, апам дагы тектүү жердин тукуму болушкан. Атам Султан өмүр бою кара жумушчу болуп иштесе дагы, ата-энемдин  берген  таалим-тарбиясы жакшы болду. Көп балалуу үй-бүлө болсок, анын үстүнө мен эң  улуусу болуп, эмгекке эрте аралаштым. Кандай гана жумуш  болбосун, атам жан дили менен аткарып, иштин майын чыгара иштечү. Мал кармаганда короо-жайды таптаза кармап, уйдун кыгын жайгарууга чейин немистей иштечү. Мал жеген чөптү эринбей туурап да кайрадан иргеп, шекел болгон жараксызын ыргытчубуз. Атам тазалаганда короо-жай тимеле мизилдеп калчу. Бизди да ошондой иштин майын чыгарып иштегенге үйрөттү. Чоң атам Иманалы 1961-жылы кайтыш болгон. Атам Султан болсо мен институтту  жаңы эле бүткөндө 1977-жылы каза болду. Ошондо мен 23 жаштагы жаңы үй-бүлө күткөн жигит элем.

-Атаңыздан эрте калыпсыз. Үйдүн улуусу катары бир туугандарга ата болуш кыйын эле болсо керек?

-Чынында эле атамдан айрылуу биз үчүн аябай кыйын болду. Айрыкча апам экөөбүзгө түйшүктүн баары түштү. Анда менден кийинки Калык иним Политехникалык институтта экинчи курста окучу. Атамдын жоктугун билдирбей башкарманын баласындай кийинтип, эч нерседен кем кылбай окуттум. Өзү да тың, тыкан эле, спортко, эркин күрөшкө да катышып, спорт чебери деген наамга жетти. Эр тайын тартат дегендей Калык таякелерге жана апама окшош.

-А сиздин мүнөзүңүз кимди тарткан?

-Менин мүнөзүм, дене түзүлүшүм атама көбүрөөк окшош. Раматылык апам да ” чоң атаң менен атаңа окшошсуң” деп калчу. Бирок атам менден бир аз токтоо, сабырдуу, салмактуу, оор басырыктуу болчу. Таекелерим Кочкордогу чертике уруусунан болот. Чертикелер шар сүйлөп, ачык айрым, ак көңүл эл болот. Таякелеримди тартып мен ачык айрым, шар болуп, адабиятка кызыгып, бала кезде ыр, макала жазып, кээде көңүлүм сүйгөн адамдар менен жан-дилим менен чер жазыша сүйлөшүп калам.  Ал эми Иманалы чоң атам иним Калык сыяктуу  баарын салмактап көргөн, көп тыңшап, аз сүйлөгөн, бир сырдуу акылман, кыраакы адам болгон.

-Чоң атаңыз эл ичинде ырга арзып, аңызга айланган киши болгон тура?

-Иманалы чоң атам тууралуу айта берсек узун сабак аңгеме болоор… Бай-манаптарды жериген совет доорунда  бардык малын, байлыгын колхоз чарбага өз ыктыяры менен өткөрүп берип, абышкалар сыяктуу эшек минбей, саап ичип турган уйун да берип, анын ордуна аргымактай алкынган ат минип жүргөн. Атам Султан анын жалгыз уулу болгондуктан кырдаалга байланыштуу окутпай калган. Бирок атам жогорку билим албаса да көкүрөгү тунук, акылман, иштин көзүн билген мыкты адам эле. Баштаган ишин кынаптап ушунчалык табы менен жакшы иштечү. Согуштун катышуучусу болуп, жаракаттарынан улам өтө оор жумуштарда, техникаларда иштеген жок. Майда-барат арабаларды айдап, жеңил жумуштарда элден калбай жигердүү иштеди. Кандай гана жумушта иштебесин үстүнө чаң да жукпай, таза жүрчү. Кийимдери таза, жарашыгына карап кийинип, табити да мыкты эле.  Көрсө бул укум-тукумдан келе жаткан ак сөөктүк, сыпайылык, тазалык экен. Атам санжыраларды да жакшы билчү. Ормон хандын баатырлык мүнөзүн, жасаган иштерин эмдигиче санжырачылар айтып жүрүшөт. Бирок менин атам айткандай калыс, так айта албайта алышпайт.Себеби айрым санжырачылар өз урууларын мактап, калыстыктан тайган учурлар кездешет. Атам мыктыларды уруусуна карабай, агын ак, көгүн көк деп калыстык менен тарыхый учурларды да тактап айтчу. Мен кичинекей кезде атам замандаштарына айтып бергенде жанында олтуруп алып укчумун. Айтып жатканда кадимки эле кино көз алдыбызга тартылчу. Шамен баатырдын Шабданга салам бербей өтүп кеткенин баштап көп тарыхый окуяларды так билген киши болчу. Өзү карапайым, болгону 2-3 класстык эле билими бар болсо дагы билимдүүлөрдөн да көптү билчү эле. Апам аябай жумшак, кичипейил, ак көңүл эч убакта оозунан жаман сөз чыкпаган момун киши болгон.

-Келинди “кайнененин камырынан” деп коёт эмеспи. Апаңызды тарткан келиндери болдубу?

-Келиндери апамды жүз пайыз тарткан жок. Менин келинчегим чогуу жашап, сырын билип, таалим-тарбиясын алып калгандыктан көбүрөөк тартып калды окшойт. Аялымдын жүрүм-туруму, жасаган жумушунан апамдын элесин көрөм. Ал дагы асыктын кызы. Абдан ыймандуу, жөн билги, катуураак кеп укса ыйлап жибериши да мүмкүн. Кудайга шүгүр,  тагдыр буйуруп мен жакшы жубайга жолуктум. Бирге түтүн булатканыбызга 43 жыл болду.

-Балдарыңыздын ичинен сизди тарткандар болдубу?

-Данияр мени көбүрөөк тарткан. Мүнөзү чечкиндүү, курчтугу бар. Учурда Бишкек шаардык Кеңештин депутаты. Ар дайым маселени шар чечет, шар жүрөт. Бала кезинен бардар турмушта чоңоюп калгангабы, сынды көп көтөрө албайт эле. Депутат болгондон бери жакшы жаманды, ким туура сүйлөйт, ким туура эмес сүйлөйт, айтор баарын көрүп, турмуштан сабак алып, сынга көнүп келе жатат. Кызым болсо чоң апасын тартып абдан жөнөкөй,кичипейил, адамкерчиликтүү. Аны баарыбыз жакшы көрөбүз. Чөккөнүн да, көпкөнүн да көрбөйсүң. Балдарымдын эң улуусу Самарбек. Биз студент кезде төрөлүп, чоң ата-чоң эненин колунда тарбияланып калып, учурда дагы өз алдынча оокатын кылып жатат. Кенжебиз Бактияр биздин  “Имарат-Прогресс” курулуш компаниясын жетектейт.

-Адамга туулуп өскөн жеринин топурагы жакын болот да. Кочкордун сиздин жүрөгүңүздө эмнеси менен орду бар? Дагы бир жери кочкорлуктар нарындыкпыз дешпейт экен өздөрү?

– Кочкор өрөөнү атайын сепил жасап койгондой тоо менен курчалып турат. Ортосунан токой орун алып, суу аралап өтөт. Кочкор арчасы жок тоолору, кышкысын кыламык гана кар жааганы, таза абасы менен өзгөчө. Мен алгач Бишкекке көчүп келгенде төрт-беш жыл Кочкорго кетким келип көнө албай жүрдүм. Тоолорду көрүп турсам көңүлүм ток болуп турат.  Калаада эч нерсе көрүнбөйт. Кочкордо бир аз чыксаң эле асманы, жылдызы, тоосу, суусунун баары алаканга салгандай көрүнүп турат. Тулаң чөбү болбосо да эмнегедир малы семиз, эли асыл деп ичимден сыймык арткан туюм бар. Кочкордун кайсы кишиси болбосун Бишкекте көрүп калсам, улуусу кичүү дебей тегиз баары менен ал-жай сурашып, учурашам. Туулган жердин жердештериңди көзүнө жылуу учураткан, маанайды көтөргөн кандайдыр бир касиети болот тура.

-Адам өмүрүндө бир эле жолу катуу өкүнөт дейт. Ошол эле учурда бир эле жолу катуу сүйүнөт. Ошол сүйүнүч, өкүнүчтөр чегине жетип, андан кийинки, мурункулар ага жетпейт. Сизде ушундай учурлар болдубу?

-Өкүнгөнүм атам биздин колубуздан чай ичпей кеткени болду. Мен институтту бүткөндө катуу оорудан улам кайтыш болуп калды. Атамдын жан- дүйнөсүндө “ушул балам институтту бүтсө, жакшылыгын көрсөм” деген мага болгон чоң үмүтү, ишеничи бар эле. Мына ошол тилеги аткарылбай калды. Менин атама берген биринчи белегим институтту жаңы бүткөндө хром өтүк алып бергеним болду. Себеби, атам сыйлуу жерге, аш-тойлорго хорм өтүк, жарашыктуу кийим кийип, зыңгырап барчу.  Ошол биринчи белегимди бутуна бир кийгенге гана үлгүрдү. Ошондо катуу ооруп жаткан. Атам кайтыш болгондон кийин апама, бөбөктөрүмө каралашуу үчүн Балыкчыдагы Ысык-Көл чарбалар аралык курулушу мекемесинен Кочкордогу чарбалар аралык курулуш мекемеси МСОго которулуп кеттим. Жумушка жаңы киргениме карабай ишемби, жекшемби күндөрү инилерим менен атама күмбөз курдум. Ал учурда көрүстөндө бир эле эски күмбөз болор эле. Мен атага болгон кусалыгымды, бугумду ошол күмбөздөн чыгардым окшойт.

-Сиз бала кезиңизден колуңуз усталыкка жөндөмдүү беле?

-Мен бала кезимен эле математиканы жакшы окудум. Геометрия, чийүүдөн абдан жакшы чийчүмүн. Ошол учурда эле ченегенди жакшы үйрөнүп калдым. Жаңы нерсени ойлоп таап, аны иш жүзүндө аткарганга бала кезимен эле жөндөмдүү элем. Менде бала кезде жетекчи, азыркыча менеджер болууга табигый жөндөм болгон экен. Бала кезибизде 7-8 бала чогуу ойночубуз. Сазга барып чоңураак таштарды жылкылар, андан кичүүрөөгүн уйлар, майдаларын койлор деп, короо куруп ойночубуз. Ар кандай темирдин тетиктерин чогултуп, “короонун” жанындагы гаражга трактор, комбайн, машина деп жайгаштырар элек. Балдардын баарын мен башкарып, аларга кагаздан акча жасап, эмгек акы берчүмүн. Андан кийин бир аз эс тарта баштаганда балдарды уюштуруп бригадир болуп чарбанын чөбүн чөмөлөгөнгө чыга баштадым. 1978-жылы эле “Тянь-Шань” комсомолдук курулуш бригалдасын түзүп алып, учурунда демилгелүү иштеп, жакшы эле эл оозуна алынганбыз.

Көп жыл катардагы прораб-мастер болуп иштеп, качан башкы инженер болгондон тарта мекемеде план толуп, ишибиз жанданып, илгери жылып, Ардак такталарга илинип, комсомолдун, партиянын облутттук, республикалык курултайларына делегет болдум. Райондук партиялык комитетке инструктор бол дегенде курулуш тармагын көтөрөйүн деп ал сунуштан баш тартып барбай койдум. ПМК менен МСО кошулуп, ПМК бош калды. Ошондо “Райсельремстрой” (райондук айылремонткурулуш)  деген жаңы мекеме ачылып, мени ал жакка жетекчи кылып жиберди. Ал жакта жаңы ишкананы жетектеп, баарын нөлдөн баштап, курап чогулттум.  Деги эле менин тагдырымда көп жолу ишти нөлдөн баштоого туура келди. Балыкчыга барганда “Азамат” деген комсомолдук бригаданы  түзсөм, Кочкордон  “Тянь-Шань” комсомолдук жаштар курулуш  отрядын уюштурсам, үчүнчүсүндө “Райсельремстрой” мекемесин нөлдөн түзүүгө туура келди. Тилекке каршы, эң кубаттуу, күчтүү делген СССР өлкөсү чилдей тарап колхоз-совхоздор жоюлуп кеткенде да бул уюмду таратпай-тонотпой 1996-жылга чейин жетектеп, акыры аны чып-чыргасын коротпой өткөрүп берип, акырында Бишкекке келип,  “Имарат строй”  курулуш компаниямды түптөдүм.

-Имарат курулуш компаниясы курган үйлөрдөн батир алган адамдардын сүйүнгөнүн көрүп өзүңүз да сүйүнөсүзбү?

-Батир алгандардын көпчүлүгү ыраазычылыгын билдирип, батаңызды берип коюуңуз деп чакырышат. Убактым болуп, ар дайым эле бара албайм. Рахматын айтышат. Айрымдарынын үйүнө барып чай ичесиң. Курулуп бүткөн имарат деле өз балаңдай болуп, көзүңө сүйкүм көрүнүп калат.

-Сиз үчүн баалуулук эмне?

-Ушунчалык бай киши болгон ата-бабаларымдын артында жакшы сөз, адамдык асыл сапаттар, адамдарга кылган жакшылыктары гана калды!  Байлык колдун кири дегендей, артыңда аткарган  көрүнүктүү иш-аракеттериң, маданий мурастарың, баалуулуктарың, изиң гана калат. 2005-жылы Көк-Жар конушунда жакшы заманбап үй курган элем.  Өткөн жылы аялым жана балдарым “мындан чоң, заманбап жаңы үйгө көчөлү” деп калышты. Кудай кошкон кошуна болот  дегендей кошуналарымын баары Кыргызстандын бардык аймактарынан чогулган ачык көңүл, маңдай тери менен оокат кылган кишилер. “Ушундай жакшы кошуналарды таштап заңгыраган үйгө жашабай эле койдум” деп үйдү кайра жаңыча ремонт кылып кетпей койдум. Бул адамдарды кызмат абалына, тек-жайына карабай бирдей мамиле кылып баалай билген баалуулук, жакшы сапатым деп билем. Экинчиси, адам ыраазылыгы. Макул, компания салган үйлөрдөн үнөмдөп акча өөнөп, башка жакка мейманкана же дагы ушул сыяктуу имарат курайын. Бирок ал мага буйруйбу же буйрубайбы кеп ошондо. Биз курган үйлөрдүн баары сапаттуу. Айтпасам деле жашаган, сатып алган эл көрүп, билип турат. Көк мелжиген бийик имараттарда куруу оңой-олтоң иш эмес. Учурдун заманбап талабын, курулуштун дүйнөлүк алдыңкы ыкмаларын, тажрыйбаларын, методдорун колдонуп коопсуздукту, эл аралык талаптарды сактап иштейсиң. Жоопкерчилик абдан жогору. Тилегеним кол алдымда иштеген кызматкер, курулушчулардын амандыгы. Өзүмө кандай талап койсом куруучуларга да ошондой талап коюп, аларга да шарт түзүп, камкордукка алып, бир тууганымдай мамиле жасайм. Анан мен үй салып жаткан жерде жаратылыш жабыркабаса, адамдарга ыңгайлуу болсо дейм. Тирүүлүк дегенди- элге жакшылык кылуу, жаратылышты бузбоо деп түшүнөм. Жакшылыктын чынжыры эстафета болуп үзүлбөсө дейм.  Кирешенин гана артынан түшпөй адамкерчиликти сактай билүү, бирөөнүн көңүлүн калтырбоо ар дайым көңүлүмдүн борборунда турат. Мен тааныган баалуулуктар ушул.

-Маегибиздин соңунда жакшы каалоо-тилектериңизди уксак?

-Жер бетинде адамзат канча жыл жашады, аны эч ким билбейт. Ошондон бери илгертен эл бар – бийлик бар болуп келе жатат. Бийлик болгон жерде тартип, мыйзамды сактоо үчүн өкүмзарлык да болот. Беш кол тең эмес дегендей бийликтегилердин бири жакшы болот, бири жаман болот экен. Тилегим, өлкөбүздө элди бөлүп жарган революция, митинг болбосо.  Учурда стабилдүүлүк орноп, үмүт жанып, жакшы саамалыктар уланып жатат.Ошондуктан эми  дагы бир чайпалсак оңой менен ордубузга келбейбиз. Адамдын буту деле бир чыккандан кийин ойноок болуп калган сыңары өлкөбүз да жөндөп басып кете албай, чайнала берет. Кыргызстандын келечеги кең, алдыңкы өлкөлөрдүн бири болооруна терең ишенем. Ал үчүн четте сынчы болуп карап тура бербей ар бирибиз колдон келген салым кошушубуз зарыл.

   

Маектешкен журналист Кабыл Макешов

Атайын “Кыргыз тудей” үчүн даярдалды

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *