Бекназар Айталиев, «Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөсү: «Кыргыз-тажик чек арасынан кийин кармалган төрт бала тажик тараптын көрсөтмөсү менен камалды. Аларда күнөө жок, бошотулсун!”

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы чыккан чырдан кийин, кармалып, камалган балдардын туугандары, Көк-Таш айылынын тургундары жана “Чек ара” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү бүгүн, 13-январда, Ак үйдүн алдына пикетке чыгышты.

«Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөсүнүн атынан Бекназар Айталиев сүйлөп, ал чек ара чырынан кийин кармалган 4 балада эч кандай күнөө жоктугун айтты. Анын айтымында, алар тажик тараптын көрсөтмөсү менен камалган. Кыргыз тараптын айткандары, көрсөтмөсү эске алынган эмес. Провокацияны тажик тараптын тургундары баштаган. “Тажик тарап биздин кыргыздардын үйлөрүнө өрт чыгаруучу суюктуктарды ыргытып, ок чыгарган. Машиналарын таш менен уруп, провокация кылган. Провокацияны тажик тарап баштап атат. Ошол провокацияга туруштук берип, элди коргогон кыргыз жигиттерин кармап, камап жатышат. Ушул туурабы?,-дейт күйүп-бышып Б.Айталиев.

Бекназар Айталиевдин айткандарын төмөндөгү видеодон көрүңүз:

Эске сала кетсек, 10-январга караган түнү Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Андан улам, Көк-Таш айылындагы аялдар менен балдар коопсуздук жайга (мектепке) жайгаштырылган.

Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчилигинин өкүлүн чакырып, нааразылык нотасын тапшырган. Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы чатакка кыргыз тарапты күнөөлөгөн маалымат тараткан. Кыргызстандын чек арачылары ал маалыматты четке каккан. Бул чатакты жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон 11-январда телефон аркылуу сүйлөшкөн. Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт өкүлдөрү эртең, 14-январда жолугуп, маселени талкуулашмакчы.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *