Белгилүү балерина Анастасия Волочкова турмушка чыгабы?

Оруссиялык белгилүү балерина Анастасия Волочкова өзүнүн Instagram социалдык баракчасына калтырган билдирүүсүндө,   турмушка чыга тургандыгы тууралуу кыйытып айтып өттү.

Аталган билдирүүдөн кийин Волочкованын көпчүлүк күйөрмандарынын кызуусу артып, бул жолу ал кимдин колун кармайт болду экен деген суроолордун тегерегинде кызуу талкуулап жаткан учурлары.

Ал “Бул жакта моралдык жактан жабыр тарткан оорулуулар өтө көп. Мен үлпөт тойго даярданып жатканда, пикирлердин бардыгын жаап салуудамын…Менин ийгилигимди, чыгармачылыгымды, сүйүүмдү жана позитифдүү жашоомду көрө албагандарга,  өзүңөргө күч тапкыла”- деп билдирүү калтырган.

Булак: KyrgyzToday

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *