Белгилүү тарыхчы Кыяз Молдокасымов Ташкенттеги архивден өз бабасын тапты. Окуясы эми укмуш…

Белгилүү тарыхчы Кыяз Молдокасымов Ташкентте архив карап жүргөнүнө көп болду. Бул жолу ал өзүнүн бабасын таап алганын өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу билдирди. Анда ал төмөндөгүдөй пост калтырды.

«Атам Сатар. Чоң атам Молдокасым. Бабам Мамет. Бубам Көчөр. Жотом Конокбай. Жетем Сөйкөбай, Тегим Кошон, андан ары Келдике, Култай болуп кете берет.

Ташкенттеги архивди аңтарып отуруп бабам Мамет Көчөр уулу тууралуу, айылыбыз Көлдүк жөнүндө маалыматтарга туш болдум. Чындыгында буга чейин досум Тынчтык Чоротегиндин бабасы, Чоронун атасы Айт тууралуу, Досторум Тилек, Улан Мураталиевдердин (айтылуу Турар басмасынын кожоюндары) чоң атасы Элтой, бабасы Шербото тууралуу, кыргыздын мыкты жигиттеринин бири Айбек Сарыгуловдун (стамбулдук) бабасы же бубасы Жанек баатыр жана бир топ белгилүү инсандардын чоң атасы, бабасы, бубасы тууралуу архивдик документтерди таап келсем, эми мынтип өзүмдүн айылым, бабам Мамет тууралуу архивдик документтерге туш болуп жатам. Бул болсо да архивдин керемети!

Бул архивдик документте бабам Мамет Көчөр уулу кадимки Калыгул олуянын:

Өңү сары, көзү көк
Орус чыгат деп айткан.
Миң түтүнгө бир киши,
Болуш чыгат деп айткан

Буйрук менен кондурган
Конуш чыгат деп айткан.
Узун чөптүн баарысын
Оруп чыгат деп айткан.
Кыска чөптүн баарысын
Коруп чыгат деп айткан, – деп айткандарын башынан өткөргөнүн көрдүм.

Окуя мындай болот. 1910-жылдын 9-ноябрында Мальцев деген Өзгөндөгү токой корукчусу Анжиян уездинин Өзгөн болуштугунун 1-айылына келип, Көлдүк деген жеринен бабам Мамет Көчөр уулунун үйүнөн кымыздыктын тамырын – таранды көрүп калат да олчойтуп айып пул жазып, протокол түзөт. Таранды байыртадан ата-бабаларыбыз бойокко, дарылыкка пайдаланып келгендиктен, бабам аны кайдан билсин орус келип узун чөп менен анын тамырын да коруп калганын. Чоң атам Молдокасым анда жашыраак кези экен.

Бабам Мамет сөзмөр, эч нерседен тайманбаган, куудулдугу да бар, тамашакөй адам болот. Раматылык Салижан Жигитов мени көргөндө эле Мамет чоң атабыздын жоруктарын айтып ыкшып күлүп калчу. Ал гана эмес бабам Маметтен айылыбыздан чыккан чыгаан инсан, айтылуу Жаныбек казы да “дагы эмнени сүйлөп ийет деп айбыгып турчу эле”, – деп айылдык аксакалдар эскерип калышаар эле.

Кыскасы, бабам орус токойчунун олчойтуп айып пул төлө дегенине “бул Жараткандын бизге тартуулаган байлыгы, айып пулуңу төлөбөйм, кааалаган жагыңа барып даттан!”,- деген таризде каршылыгын көргөзөт. Кашайып орус токойчу, узун чөп менен анын тамырын коручу Мальцев Мамет бабамды сотко берет. Соттун биринчи баскычы чоң атамдын күнөөсү жоктугун айтып, актап чыгат. Кашайган корукчу бабам Маметти андан өйдө турган Жаңы Маргалаң Округдук сотуна даттанып айласын кетирет. Округдук соттун отуруму Ош шаарында 1911-жылдын 28-октябрында болуп, мурдагы соттун чечимин өзгөртпөй күчүндө калтырат.

Жыйынтыгында, бабам Мамет Көчөр уулу күнөөсү жок экендиги далилденип, акталат. Бирок бир жыл бул машакаттуу окуя бабамдын мазесин алат. Оторчулуктун оор запкысын тартат. Эзели корукка алынбай, ээн-эркин пайдаланып келген кымыздыктын тамыры – тарандын айынан бабам Маметке кадимкидей кылмыш иш козголгону тууралуу маалыматты Ташкенттин архиви ошентип 118 жылдан кийин мага тартуулап жатат. Бул мактаныч эмес, тек гана Ташкенттеги, Алматыдагы архивдерде ар бирибиздин бабаларыбыз тууралуу ушундай маалымат сакталып турат дегендин дагы бир далили!

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *