Белгилүүлөрдүн белгисиз жоруктары…

Куйкум кептери, тамашалуу сөздөрү, кызыктуу жоруктары менен элге сиңип кеткен атактуулар көп. «Деген экен, айткан имиш» деп тамшана эскерген да эл болот тура. Анда эмесе, төмөндө ошондой окуялардан шиңгилдер.

Өпкө турганда, жүрөктүн кереги не?!

Мухтар Ауэзовду кыргыз жазуучулары конокко чакырат. Бул тойдо Мухтар такыр ичкилик жаатынан оозуна албай коёт. Айласы кеткен Аалы Токомбаев «эми кандай кылабыз, тиги тентекти чакыргылачы, ошол ичирип журбөсүн?» дейт. Мидинди чакыртып, Мухтардын үстүнө киргизишет. Мидин Мухтарга катарлаш отуруп куудул сөздөрү менен аны күлдүрүп, бир топ убакыт өткөндөн кийин, сөз кезеги келе калганда:

—Агатай, мына бу «кыргыз коньягынан» бир-эки рюмка алып койбойсузбу? — дейт.

—Ой-бай карагым, ичүүгө болмай атыр, гой анынды, анау жүрөк кургур ооруйлу гой- десе, Мидин:

— Агатай, өпкө турганда казак агайындарга жүрөктүн кереги не?! — деген экен.

(Ш.Кулуев, «Мидин минткен экен»)

“Москвичке” эле тебеленели…

Эки Алыбаев – Жапаркул менен Мидин ээрчише басышып, чоң көчөлөрдүн кесилишине жеткенде, алдыда бараткан Жапаркул тез-тез басып өтүп кетмекчи болуп, алдыга обдула бергенде, Мидин анын этегинен тартып токтотуп, кетип бараткан автобусту көрсөтүп:

—Ой, Жапаркул, шашпа! Бул лакыйган автобуска тебеленгиче, артында келе жаткан абийирдүү «Москвичке» эле тебеленели,- дептир.

Тайтору тайгаланып жүгүрө албай жатпайбы

Канттын Чоң-Далы деген айылында оюн коюп жатканбыз. Кеч күз болуп калган, кар да кыламыктап жаап жаткан. Уркаш Мамбеталиев дастандагы Каныкейдин Тайторунун чапкан жерин айтып калды. Деги эле бир узакка созуп, бүтпөй атат.

Эстекем (Эстебес Турсуналиев) наалып:

– Балакет баскан Уркаш, бүгүн эмне узакка чаап туруп адды.

Анда Асакем (Асанкул Шаршенов):

– Ой, тиги эшикти карабайсыңбы, белчеден баткак. Тайтору алигиче чуркай элек, белчесинен баткакка батып турат. Трактор алып суурутуп кетпесек, бул айылдан быйыл кетпейбиз, – деп сахна сыртындагы элди күлдүрдү.

(Куудул Келдибек Ниязовдун эскерүүсүнөн)

Кашкарчамдын чоргосун ыргыта чаапсың!

«Ысыгым көтөрүлүп, жеңемдин үйүндө жатып калдым», – деди Саякбай. Жеңем байкуш: «Манасчы уул, бетиң албырып турат. Тынч жатчы. Түн кирип келе жатат. Кашкарчага (чайнек) суу куюп, көңдүн чогуна ороп койдум. Оозуң какшыса, ууртап коюп тур. Мына бул таяк менен талаага чык» деп бир жоон союлча берип койду. Мен уктап калыпмын. Көзүмдү ачсам, коломтодо бир шайтан албарсты олтурат. Мени карап семичке чагып, түкүрүп коюп, анда-санда мага көзүн кысат. Ойго баттым, манас айтып жүрүп жыргаганым жок. Тиги албарстыны жыга чаап кармап алып, таңдайындагы карала кагазын алып куучу болуп, кара баскан катындарды туудурайын деген ой менен мээлеп туруп төбө талаштыра тартып жибердим. «Бур» эле дей түштү. Үйдүн ичи туман. Уктап аткан жеңем ордунан ыргып туруп: «О, манасчы уул, делбеленип атасыңбы?» деп үн салды. Бир кезде жеңем алаканын шак коюп: «Алда кокуй а-ай, кашкарчамдын чоргосун ыргыта чаап салган турбайсыңбы», -деди. Көрсө, коломтодогу кашкарчанын чоргосунан ысык суу кичинеден ыргып аткан экен. Ал мага семичке чагып аткан шайтан болуп көрүнгөн тура» деп күлдүрөр эле.

Метирей деген орустун кызы

«Бүркүтүмдү колума балдак менен кондуруп алып келе жатсам, бүркүтүм шоссе жолду көздөй жулунат. Бул эмнеси? Түлкү шоссе жолдо жүрөбү деп ойлодум. Болбой эле жулунат. Мына эмесе деп коё бердим. Бүркүтүм каалгып барып эле жолдун мизинен бирдемени басып калгандай болду. Мен олбуй-солбуй теминип жетип бардым. Жолдун мизинде бирдемени мыкчып олтуруптур. Түшө калып карасам, Метирей деген орустун кызыл топу кызы бар эле, ошону алып калыптыр. Жүрөгүм оозума каптала түштү. Мурун эле Манас баатырды досубуз кытай эли менен чабыштырдың деп башыма каран күн түшүп жүрбөдү беле! Эми орустун кызын бүркүтүмө алдырсам, күнүм эмне болот?! Атаңдын көрү ит, түпкө жеттиң деп бүркүтүмдүн мойнун бурап жибердим. Тырмагын жазып жибергенин карасам, эчтеке жок. Метирейдин кызыл топу кызын албай эле, шайтанды алып калган экен. Аны билгенде мен шайтан албарстынын таңдайындагы карала кагазын алып, куучу болуп, төрөттөн кара баскан катындарды айыктырып, олжого батат элем», – деп Сакем калпты чубуртчу.

(Кусейин Карасаев, «Күлкү наама»)

Партияда жок эле

Элүүнчү жылдарда ашкере «патриот» интеллигенттер «Манас» эпосунун элдик экенинен шекшип, аны эпос катары сактап калуунун жолун Манас баатырды эптеп «коммунист» кылуудан көрүшөт. Ошентип Саякбайдан бир партиялык кызматкер Манасты партиянын мүчөсү кыл деп көшөрө талап кылып суранат. Анда кайран манасчы эки санын мыжыгылап, эки жагын кыйнала тиктеп, айласы кетип:

Көзү күйгөн чок эле,

Сөзү тийген ок эле.

Атаңдын көрү эр Манас,

Ошондо партияда жок эле,- деген экен.

Манаска алты атадан кошулам

Кара-Суу районунда бир чайканада Манас жөнүндө сөз болуп кетти. «Манас» жомокпу, же тарыхый чындыкпы дегендей ойлор айтылып жатты. Шекербек өзүн таластыкмын деп тааныштырып отуруп:

—Эй туугандар, Манас көзмө-көз болгон. Ал тургай мен Манаска алты ата менен кошулам,- деди.

—Кандайча? – деп бир карыя таң калды.

—Мына мындайча: Жакып, Жакыптан Манас, Манастан Семетей, Семетейден Сейтек, Сейтектен Култай, Култайдан Куулек, Куулектен Шеркул, Шеркулдан Шекербек…- деди мостоюп туруп.

Чайканада отургандардын көбү карапайым карыялар эле, бир даары ишенгенсий, бири-бирин карап отуруп калышты. Ошондо чүкөдөй болгон бир өзбек чал:

—Мүмкин Маркис билан Ленин ям сизге алты атадан кошулатдур?- деген экен кылыя тиктеп.

Саламың эмес, молдонун батасынан араң кутулдук

1958-жылы кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвада өтүүчү декадасына даярданып жатып таланттуу акын жана артист Ормонбек Асанов 26 жашында каза болуп калат. Ормонбектин өлгөнүн Москвадан угушуп, филармониянын артисттери абдан кейишет. Декададан келгенден кийин Токтосун Тыныбеков баштаган бригада батага барып, андан ары план толтура кетели дешип Аксыга келишет. Топто Шекербек Шеркулов да бар экен. Артисттерди улам бирөө чакырып отуруп, бир топ күн жүрүп калышат. Акыры сапар карытар маалда Сарпаш деген молдо: «Кана, алаканыңарды жайгыла, бата берейин», -дейт. Артисттер алакан жайып турушат. 10 мүнөт өтөт – бүтпөйт, 15 мүнөт өтөт – бүтпөйт. Суук бетти каарып, жайган колдорун колтуктарына ката коюп кайра тартып алышып, чыдабай кетишет. Оо бир топто барып «Аллаху акбар» деп бата тартылат да артисттер кайрылып жөнөйт. Аңгыча алдыларынан кызуураак бирөө чыгып: «Ассалоому-алейкум Шеке!» деп калат. Анда Шекең:

—Болду айланайын, сенин саламың эмес, тиги Сарпаш молдонун батасынан араң кутулуп келатабыз,-деген экен.

Аман Иманалиев

Булак: “Де-факто”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *