Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Белгисиз адамдар «Достук» мейманканасынын терезелерине таш ыргытышууда
САЯСАТ

Белгисиз адамдар “Достук” мейманканасынын терезелерине таш ыргытышууда

Парламенттин жыйыны “Достук” мейманканасында өтүп жатат. Имараттын жанында 1500дөн ашуун адам чогулган.

Имараттын жанында парламенттин экс-депутаты Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митинги өтүп жатат. Сыртта митингчилер мейманкананын терезелерине бир нече жолу таш ыргытышкан.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровду колдогон Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттары мейманканада кезексиз сессия өткөрүп жатышат. Бирок кворум чогултулган жок. Эл депутаттарынын дагы бир тобу “Кино” үйүндө отурушат – алар Садыр Жапаровдун премьер-министр болуп дайындалышына каршы.

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик финансыларды башкаруу чөйрөсүндөгү азыркы абал боюнча маалымат менен таанышты

Аскар Бешимов: ТЭЦ боюнча келишим ким менен макулдашылганы белгисиз

Атасынын эмгеги бааланбай, ак жеринен күйүптүр…