Беловодск айылында адамды өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Беловодск айылында кечээ, 12-январда саат 20:00 чамасында 35-40 жаштар чамасындагы адамды унаа сүзүп кетип, ал жеринен каза болгон.  Айдоочу кырсыктан кийин окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кайгуул кызматынан билдирет.

Бир нече сааттан кийин кызматкерлер унаа кимге таандык экенин аныкташкан. “Ford Transit” үлгүсүндөгү унаа Петровка айылынын 33 жаштагы тургунуна таандык экени белгилүү болгон. Ал унааны сарайына катып койгон.

Айдоочу кармалып, кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Москва районунун ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми Ford Transit унаа токтоочу жайга токтотулган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *